Жаңы Зеландия куралдын айрым түрлөрүнө тыюу салды
Тыюу салынган куралдын тизмеси атайын сайтта жарыяланат. Ал эми алардын ээлери атайын анкета толтуруп, автоматтык түрдө атылган куралды өткөрүп берүү боюнча полиция менен байланышууга тийиш.
Премьер-министр ошондой эле курал ээлерине кенемте төлөп берүүнү убада кылды. Өкмөттүн эсебинде буга бюджеттен 100-200 миллион доллар сарпталат. Элден чогултулган курал-жабдыктын баары жок кылынат.