Соңку айларда жүз миңдеген киши Пакистандан кайра Ооганстанга кайтууга аргасыз болду. Алардын көбүнүн үй-жайы жок. Ансыз да гуманитардык кризиске баткан Ооганстанда алар өлбөстүн күнүн көрүүгө аргасыз. Пакистан бийлиги уруксат кагазы жок жүргөн 1,7 миллиондой чет элдик качкынга жана мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 1-ноябрга чейин убакыт берген.
Газа тилкесинде Израилдин чабуулдары уланууда. ЦАХАЛ Газадагы израилдик үч туткунду жаңылышып өлтүрүп алганын мойнуна алды. Бул окуя Израилдин бийлигин АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС менен туткундарды бошотуу боюнча жаңы келишим түзүүгө чакырган билдирүүлөргө жол ачты.
Боор жана өт баштыкчасына кандай кам көрүү керек? Кокус бул органдар сезгенсе, кайсы медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл? Өттөгү таш эмнеден пайда болот? Рекламадагы витаминдердин баары эле пайдалуубу? Хирургдарды эмнеге "өзүмчүл адистер" дешет?
Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек "пробация көзөмөлүнүн эрежесин бузду" деген негизде кайра камакка алынды. Пробация департаменти анын Сокулуктан Бишкекке барганын "эреже бузуу" деп сыпаттап жатат.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жападан-жалгыз инклюзивдик бала бакча бар. Педагог Эсте Идирисова демилге көтөрүп, төрт жыл мурун ачкан бакчада азыр 40 бала тарбияланып жатат. Каражаттын тартыштыгынан бул бакчаны камсыздоо да кыйынга турууда.