Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп келаткан “Умтулуу-2023” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 15-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынакка быйыл жалпы 163 иш жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Бишкекте экинчи Элдик курултай жыйынтыкталып, жалпы жонунан 128 делегатка сөз берилди.
Алгач жоголгону кабарланып, эки күндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик абагынын тергөө абагында жатканы белгилүү болгон коомдук ишмер Арстан Алай диний кастыкты козутууга айыпталууда.
Cоциалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башка адамдарга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.
Эл аралык Human Rights Watch уюму эки жылдык иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда майыптыгы бар кыздар жана аялдар зордук-зомбулукка көп дуушар болорун айтып чыкты.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү сунушуна каршы пикирин билдирип, тынчтык митингине чакырган жарандык активист Афтандил Жоробеков эки айга камалды. Бул өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга өз позициясын билдиргени үчүн суракка чакырылган, камалган же социалдык тармактарда каралоого дуушар болгон биринчи учур эмес.Чын эле бул өлкөнүн туруктуулугун сактоо үчүн көрүлгөн чарабы же бийликтин дарегине сын айткан активисттер, алардын арасында жаштардын оозун басуу аракетиби? Биз бүгүн ушул суроого жооп издейбиз, биз менен болуңуз.