Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайда 7-декабрда чыккан өрткө байланыштуу анын жанындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттер эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирип, өрт кечки саат 10дон өтүп толук өчүрүлгөнүн кабарлады. Мекеме тараткан маалымка ылайык, кырсыктын кесепетинен машине оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга чыгарылган. Бөлмөдө калган дагы бир адамды куткаруучулар алып чыгып... Читать дальше...
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “массалык баш аламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды. Бул тууралуу 7-декабрда “Азаттыкка” активисттин адвокаты Махабат Мамасалиева билдирди. Адвокаттын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго... Читать дальше...
Заманынан эрте кеткен Зайырбек акындын “Датасы жок күндөр” китеби окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Анда калемгердин күнүмдүк турмуштагы ой толгоолору, коомдо талкуу жараткан орчундуу маселелерге атуулдук көз карашы, үй-бүлөсүндөгү кызыктуу турмуштук окуялары камтылган.
Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция камаганын анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты. Активисттин жубайы Мээрим Садыкова Бишкек шаардык милициясынын имаратынан чыгып, жашаган жерин көздөй баратканын айтты. Ал укук коргоо органдары алардын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө камынып жатканын кошумчалады. 7-декабрдын кечинде Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына: "Мени кармап, телефонумду алып жатышат. Аягына чейин! Желек өзгөрбөйт!", - деген билдирүү калтырды. Жоробеков... Читать дальше...
Иранда популярдуу блогер Амир Таталу Түркиядан депортацияланары менен 6-декабрда Тегеран аэропортунда кармалды. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иран кызматы 7-декабрда жазды. Буга чейин Иранда бир нече жолу кармалып чыккан рэпер 29-ноябрда социалдык тармактарга Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунда колунда билет кармап турган видеосун жарыялап, Иранга учууга даярданып жатканын айткан. Көп өтпөй ал паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен учакка отургузбай коюшканын билдирген. Иран маалымат каражаттары 3-декабрда жазгандай... Читать дальше...
Астана соту 7-декабрда каттоодон өтпөгөн оппозициячыл “Алга, Казакстан!” партиясынын мүчөсү Айдар Сыздыковду бейбаштыкка айыптап, 15 сутка камоо чечимин чыгарды. Активист ага тагылган айыпты четке кагып, иштин саясий мүдөөсү бар экенин билдирди. Сыздыков жана аталган партиянын дагы бир мүчөсү Асет Абишев 6-декабрда кармалган. Абишевдин соту уланууда. Өткөн жумада “Алга, Казакстан!” партиясынын төрагасы Марат Жыланбаев жети жылга эркинен ажыратылган. Сот аны “экстремисттик уюмду каржылаган жана анын ишмердүүлүгүнө катышкан” деп тапкан. Читать дальше...
7-декабрда Бухарада кримдүйнөгө байланышы бар 38 киши кармалганы кабарланды. Андан мурда Ташкентти тескейт делген Аббосхон Хожаев жана белгилүү блогер Бузрук Бузруков дагы колго түшкөнү маалым болгон. Хожаев буга чейин маңзат өндүрүүгө жана жайылтууга айыпталып камалып чыккан. Бул жолу ал опузалап акча талап кылууга шек саналып жатканы кабарланды. Ал эми блогер Бузруков криминал дүйнөсүндө таанымал экенин "Озоди" радиосу жазды. Ал бейбаштыкка шектелүүдө. Андан тышкары "Бахти Ташкентский" деген... Читать дальше...
Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүн бутага алган ири рейддер жүрүп жатат. Ноябрь айынын соңунан бери уюшкан кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү кармалды. Алардын арасында убагында кыргыз саясатчыларын жана ишкерлерин байма-бай кабыл алып турган “Салимбай Байбача” атка конгон Салим Абдувалиев, Өзбекстандагы жалгыз “мыйзамдагы ууру” атыккан “Бахти Ташкентский” же Бахтияр Кудратуллаев да бар. Бул рейддерге эмне себеп? Анын Кыргызстандагы “караларга” каршы күрөшкө канчалык байланышы бар?
Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына эки жолу сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып AP агенттиги жазды. Рафахка Хан-Юнис шаарындагы аба соккулардан аман калуу аргасын издеген качкындар топтолгон. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү тилкеде коопсуз аймак калбай калганын билдиришкен. Анклавдагы экинчи чоң шаар Хан-Юнисте жөөт жоокерлери менен радикал согушкерлердин ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Мындан улам ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү ого бетер кыйындады. Читать дальше...
Жарандык активист Афтандил Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын Фейсбукта видео аркылуу билдирди. Ал мындай кайрылуусун саат 18:30дар чамасында жарыялаган. Анын суракка чакырылганы боюнча шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымат бере элек. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтып, Максим Горький атындагы гүлбагында 9-декабрда митинг өткөрөрүн билдирип келет. Мындай кайрылууларына байланыштуу ал 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына... Читать дальше...
Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азиянын параоюндарында жеңил атлетикадан параспортчу Жалалидин Абдувалиев эки күмүш медал жеңди. Анын жубайы Гүлназ Жүзбаева спорттун ушул эле түрүнөн коло медал утту. Жубайлар спорттон сыртканы көзү азиздер үчүн атайын курстарды өтүп, аларды өз алдынча жашоого үйрөткөн окуу борборун ачкан.
Өзбекстан баш калаасы Ташкенттин соту Фазилхожа Арифхожаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Эзгулик" укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахмон Ташанов Фейсбукка жазды. Бийликтин дин жаатындагы саясатын сындап келгени менен белгилүү 41 жаштагы блогер 2021-жылдын июнь айында "мечитте чуу жаратты" деген кине менен алгач он беш суткага камалган. Кийин "Интернетти колдонуу менен коомдук коопсуздукка коркунуч келтирчү материалдарды жарыялаган же тараткан" деген жаңы айып тагылып... Читать дальше...
7-декабрда КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө бир саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жолдубаева айтты. Анын сөзүнө караганда, “Арча медиа” YouTube каналында чыккан “Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновник жана депутаттардын байланышы бар?” деген аталыштагы эфирге байланыштуу сурак берди. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бул эфирде анын беделине шек келтирилгени тууралуу 17-ноябрда ички иштер министри... Читать дальше...
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2024-жылдын 7-февралында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн жарыялады. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматы билдирди. Мыйзамга ылайык, кийинки президенттик шайлоо 2025-жылы өтмөк. Азербайжанда 2016-жылы Конcтитуцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. 2018-жылы да жараян мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Анда оппозициядагы партиялар добуш берүүнү бойкоттошуп, Алиевди эркиндикти чектөөгө, авторитаризмге... Читать дальше...
Фейсбукта "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асанов үй камагына 15-ноябрда чыкканын анын адвокаты Акин Токталиев "Азаттыкка" 7-декабрда билдирди. Токталиев маалымдагандай, Асановду атайын кызмат ушул жылы 11-майда кармаган. Буга анын Фейсбукта жазган посту себеп болгон. "Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп пост жазып койгон үчүн УКМКнын кызматкерлери улут аралык кастыкты козутту деп камап коюптур", - деди Токталиев. Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык... Читать дальше...
Президент кол койгон тескемеге ылайык, Темирболот Абыкеев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. 38 жаштагы Абыкеев буга чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими болуп турган. Ага чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп иштеген. Президенттин дагы бир тескемеси менен Жакыпбек Субагожоев Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Оштун Ноокат районуна аким болуп бекитилди. Темирболот Абыкеев Кочкор районунда туулган. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы. Читать дальше...
Оштогу аскер бөлүгүндө 18 жаштагы жоокер каза тапты. Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокер Руслан Эрменбаев этиятсыздыктан улам өзүн-өзү атып алган деген версияны жарыялады. Бирок маркумдун жакындары бул маалыматка ишенбей, өлкө жетекчилигине кайрылып, аскер бөлүктөгү тартипти көзөмөлгө алууну суранды. Бул соңку 20 күн ичинде Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүндө жоокер белгисиз жагдайда каза болгон экинчи окуя болуп калды. Оштогу Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүгүндө этиятсыздыктан... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында жаткан Азимбек Бекназаров 18-декабрга белгиленген Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Анда ал Кемпир-Абад иши боюнча бир жылдан ашуун абакта жаткандардын сотун ачык өткөрүүнү курултайга салууну да сунуштаган. "Бийлик жабык сот өткөрүп, СИЗОдон биздин өзүбүздү сотко алдыртпай, өңчөй “дүжүр” адвокаттарды катыштырып туруп эле сыртыбыздан мыйзамсыз соттоп салууга умтулуп жатат", - деп жазган Бекназаров. Жогору Соттун төрагасы... Читать дальше...
Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы 7-декабрда кабарлагандай, учурда өлкөдөгү жаза өтөөчү жайларда уюшкан кылмыштуу топтордун жана кылмыштуу жамааттардын мүчөсү деп табылган 130 адам кармалып турат. Маалыматта алар жабык мекемелердеги кырдаалга активдүү таасир этүүгө жана мекеменин жетекчилигине өз кызыкчылыктарын таңуулоого аракет кылып келгени жазылган. "Ишке тоскоолдук кылуу жана кызматкерлердин аброюн түшүрүү максатында кылмыштуу топтордун лидерлери айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү... Читать дальше...
Эксперттер башкаруунун президенттик формасы Конституция аркылуу бекитилгенден бери өлкөнүн саясий талаасына чоң өзгөрүү киргенин белгилешүүдө. Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын жана Адахан Мадумаровдун мисалынан кийин бийликке альтернативдүү идея айткандардын кескин кыскарышы Кыргызстанда оппозиция биротоло жоюлдубу деген пикирлерди жаратууда. "Оппозиция керек" Былтыр, 2022-жылдын март айында борбор калаада "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" түзүлгөн. Өзүн оппозициялык... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча соттук отурум 18-декабрга жылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Буга Жамгырчиевдин адвокаттарынын Конституциялык соттун чечими менен таанышуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон. Отурумда прокурор Жамгырчиевдин ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага өткөрүп берүүнү өтүнгөн, бул боюнча чечим кабыл алына элек. Депутатка козголгон кылмыш иши кайра жанданып, соттук отурум 7-декабрда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Читать дальше...
Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, анын алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. Мындай маалыматты ушу тапта Лейлекте жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы жергиликтүү активисттер, дарыгерлерден, маркумдардын жакындарынан тактады. "Азаттык" ал жакта суицидге барган келиндер тууралуу видео иликтөө даярдап жатат. Кабарчылар маалымат чогултуп жүргөндө, 6-декабрда Баткендин милициясы Андарак айылында жыл башынан берки он бир айдын статистикасын жарыялап... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылды. Бул берене ага Коопсуздук кеңешине дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген маселени алып чыгууга жол берет. Гуттериш кызматка келген 2017-жылдан бери биринчи жолу бул укугунан колдонду. "Кыска убакыт ичинде болгон Газа тилкесиндеги жана Израилдеги жоготуулардын масштабын эске алуу менен... Читать дальше...
6-декабрда Бишкек шаарындагы эл ташыган муниципалдык автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден коюп кеткен аял бир күндөн кийин ооруканада каза тапты. Ал "Тез жардам" менен бейтапканага жеткирилгенин Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Исаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя Лермонтов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кылмыш иши козголуп, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Автобус айып жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Читать дальше...
Орусиянын Брянск шаарындагы №5 гимназиясынын сегизинчи классынын окуучусу классташтарын көздөй туш келди ок атканда бир кыздын өмүрү кыйылып, төрт окуучу жараат алды. Жергиликтүү милиция билдиргендей, жабыркагандардын биринин абалы оор. Окуядан кийин кылмышка шектүү өз жанын кыйганы маалым болду. ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 14 жаштагы окуучу кыз атасынан куралы менен мектепке барып, туш келди аткылаган. Анынн себеби белгисиз. Телеграм-каналдар кылмышка барган кыз бир топ убакыттан бери... Читать дальше...