Өткөн апта аягында мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүнө каршы Бишкектин Горький аянтында митинг өттү. Ага чейин тынч акция өткөрүү демилгесин көтөргөн жарандык активист Афтандил Жоробеков камалды. Бүгүн Конституцияда бекитилген жарандардын тынч чогулуу укуктары тууралуу талкуулайбыз. Коноктор: Акыйкатчы институтунун укуктук-эксперттик бөлүмүнүн башчысы Урмат Аралбаев, жарандык активист Руслан Акматбек жана юрист Таттыбүбү Эргешбаева.
Казакстанда кычыраган суукта жети облустун миңдеген тургуну жылуулуксуз калды. Энергетика министрлиги бир катар шаарлардын жылуулук системасында көйгөй бардыгын ырастап, оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал эми жергиликтүү тургундар сууктун азабын тартууда.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп, же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.