Улуттук адабият күнүндө Жазуучулар союзу “Алтын калем” сыйлыгын жеңген жети калемгердин ысымын жарыялады. Алардын ичинен поэзия багытындагы жеңүүчүнүн айланасында кызуу талкуу жаралды. Айрымдар “Алтын калемди” жеңген акынды плагиаттыкка айыптап жатышат. Автор мындай айыптоолорду четке кагууда.
Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталып, ошол жылдары саясатка чейин аралашкан таасирдүү фигура Рысбек Акматбаевдин өлүмү эмнеге буга чейин ачылган эмес? Анын өлүмү саясатка байланышы барбы же криминалдык таасир талаш болгонбу?
Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырып, 2024-жылдын бюджетин бекитти. Айрым эксперттер "чыныгы абал талдоого алынган жок" деп депутаттарды сындап жатышат.
Быйыл "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын ачылганына 70 жыл толду. Эң башында Түркстан редакциясы деп аталган. Радионун архивдик материалдарын барактап отуруп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Батышта жашап калган советтик бозгундар, алардын алыскы мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган саясий уюмдары, улуттук тил, тарых, маданият, элдин келечегин өз алдынча аныктоо укугу жөнүндө жазган макалалары, программалары тууралуу видеотасманы сунуштайбыз.