Жарандык активист Афтандил Жоробеков Атайын кызматка сурак берип чыкты. Бул тууралуу активист "Азаттык" радиосуна өзү билдирди. Жоробековдун айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында тууну өзгөртүүгө каршы Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбагында 9-декабрда өтөт делип жаткан акцияга байланыштуу бир сааттык баарлашуу болгон. "9-декабрда өтө турган митингге байланыштуу чакырышты. Оюман кайтпай турганымды айттым", - деди Жоробеков. Мындан бир аз мурдараак активистти Октябрь райондук... Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы калаанын Октябрь районунун аймагында митинг өткөрүүгө болбой турганын 2-декабрда билдирди. "Шаардыктардын жана шаар конокторунун коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоо жана район аймагында массалык башаламандыктардын алдын алуу максатында 2023-жылдын 29-августунан 31-декабрга чейинки аралыкта митинг, чогулуу, пикет жана жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салынган", - деп жазылган. Түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүүгө Башкы прокуратуранын, №1 тергөө абагынын... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо бул кадам мыйзам бузуу менен ишке ашканын айтты. Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкандан кийин, туунун айланасындагы талкуу кайрадан күч алды. Социалдык тармактарда айрым мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө кескин каршылык билдиришүүдө. Көпчүлүк интернет колдонуучулары “туу өзгөрбөйт” , “желегимди жерибе”, “желекке... Читать дальше...
Жарандык активист Афтандил Жоробеков 2-декабрь күнү саат 17:00го Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) суракка чакырылганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Активист маалымдагандай, аны милиция 3-декабрга болжолдонгон "Туудан колуңду тарт" акциясына байланыштуу сүйлөшүүгө чакырган. "Элдин 99% тууну өзгөртүүгө каршы. Аягына чейин турам. Мага Ош, Жалал-Абад, Каракол жана башка шаарлардан мекендештерибиз жазып, тууну өзгөртүүгө каршы митингге чыгууга даяр экенин билдирип жатышат", - деп жазган активист. Читать дальше...
Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык майрамда түстүү фейерверктер - салют атылбай турганын билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, калаа башчылыгы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун колдойт. Мэрия буга чейин эле келе жаткан 2024-жылды тосуу майрамдык программасына салют атуу киргизилбегенин кошумчалады. Мурдараак “МувГрин” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү Бишкек мэриясына кайрылып, Жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырган. Читать дальше...
3-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…2, күндүз 13…18; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…1, күндүз 11…16; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 6…11; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 5…10; Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1°, күндүз 16…18° жылуу болот.
Кыргызстанда базарларда ККМге каршы митингдер уланууда. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарында соода кылгандар иш таштап, акцияга чыкты. Алар да көзөмөл-кассалык машинелерди жоюп, патент системасын калтырууну талап кылышты. Кыргыз бийлиги бул көрүнүштү "уюшулган иш" деп эсептеп, кырдаалды иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөнү маалым болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки жума ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү жөнөкөйлөтүүгө тапшырма берди. Читать дальше...
Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) радикал тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуудан кийин жанданган согуш аракеттери 2-декабрда уланды. Франс-пресс агенттиги бомбалоодон улам Газа тилкесин боз чаң каптаганын жазды. ХАМАС радикал тобу көзөмөл кылган Газадагы Саламаттык сактоо министрлиги 1-декабрдагы аткылоодон 200гө чамалуу киши өлгөнүн маалымдады. Тараптар ок атышпоону токтотуу келишимин бузганы үчүн бири-бирин айыпташты. Читать дальше...
Сиздин окуучу же студент кызыңыз күн сайын коомдук транспорт менен окууга барат дейли. Адатта сиз кыз бала үчүн эл топтолгон жер коопсуз деп ойлойсуз. Бирок көпчүлүк автобус же маршрутка ичинде кыз-келиндер билинбеген, айтылбаган ыдыкка кабыларын анча этибар албайт. Мындай тийишүү айрыкча өспүрүм кызга оор тийиши мүмкүн. Бишкектик журналист Александра Титованын “Аялдама” китебинде мына ушул көрүнүш тууралуу баяндаган. Китепте кыздардын жана аялдардын коомдук транспортто туш болгон чыныгы окуялары түстүү сүрөттөр менен коштолгон. Читать дальше...
Коомдук транспортто кыздарга эркек киши орой тийишип жатканын көрсөңүз эмне кыласыз?
Быйылкы жылдын он айына карата Кыргызстандагы тигүү тармагында иштеген адамдардын расмий саны 10 миңден ашты. Бул патент системасында иштеген жеңил өнөр жайчылар кошулбаган эсеп экенин экономика жана коммерция министринин орун басары Талант Карасартов Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда көз карандысыз статистика боюнча тигүү тармагында иштеген адамдардын саны 160 миңден ашуун. Бул өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын 7% түзөт. Жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон беш тармактын бири. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-декабрда соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, соодагерлердин кесиптик кошуундарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик жооптуу органдардын кызматкерлеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү. Акылбек Жапаров салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк барын, буга соодагерлерде маалыматтын жетишсиздиги негиз берип жатканын айтты. Министрлер кабинетинин төрагасы мына ушундан пайдаланган белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатат деп билдирди. Читать дальше...
Белгилүү куудул, актер, обончу, Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов кыргыз сахнасындагы куудулдук өнөр, актердук мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар, улуттук баалуулуктар жана ысырапкорчулук өңдүү көйгөйлүү темаларынын айланасында сыябан - маек курду.
Ошто жан-жаныбарларга операция жасоо, дарылоо үчүн ветеринардык клиника түптөлүп иштей баштады. Азыркы учурда ветеринарлар кой- эчкилерди УЗИ, рентген аппараты менен текшерип, жолбун ит-мышыктардын санын көбөйтпөш үчүн актап (бычып), стерлизациялап жатышат. Ош облусу тоолуу район болгондуктан мал-жандыктарды көзөмөлдөн өткөрүү, алардын дартын аныктоо боюнча адистер жетишсиз.
АКШда сот мурдагы президент Дональд Трамптын президенттик иммунитетинин негизинде Капитолийге чабуул жасоо боюнча кылмыш ишин токтотуу өтүнүчүн четке какты. Соттун токтому тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Мурдараак АКШнын Жогорку Соту президенттер кызматтык милдеттери менен байланышкан жарандык аракеттери үчүн жоопко тартылбасын токтом кылган. Бирок анда кылмыш жоопкерчилиги тууралуу сөз болгон эмес. Судья Таня Чуткан токтомго "мурдагы президенттерди кызмат абалында туруп жасаган... Читать дальше...
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында “молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов жана филология илимдеринин доктору, адабиятчы Садык Алахан менен талкуулайбыз. Читать дальше...
Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бүгүн, 2-декабрда сатуучулар ишин токтотуп, ККМди колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышты. Кыргызстанда акыркы жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштап жатат. 29-30-ноябрда Карасуу жана "Дордой", "Мадина", Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу... Читать дальше...
Кыргызстанда негизги энергетика булагы болгон Токтогул суу сактагычында 1-декабрга карата 11,5 млрд метр куб суу бар. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн метр кубга аз. Энергетика министрлиги элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, жарыкты сарамжал пайдалануунун жолун сунуштап жатат. Быйыл энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өкмөт муну энергетика тармагын жакшыртуу үчүн зарыл чечимдерди ыкчам кабыл алууну жеңилдетүү зарылдыгы менен түшүндүргөн. Энергетика... Читать дальше...
Ишембиге караган түндө Москва шаарында полиция ЛГБТ коомчулугунун түнкү клубдарына жана сауналарына рейд жасаганын "Осторожно, Москва" агенттиги жазды. Ага ылайык, шаардагы клубдардын биринде 300дөй адам чогулган кечеге полиция баңгизат издөө шылтоосу менен кирип барган. Рейд учурунда клубдагылардын документтерин текшерип, паспортторун сүрөткө тартып алып, кое беришкен. Ушундай эле текшерүүлөр шаардагы эки түнкү клубда, барда жана сауналарда болгон. Ал жактарда да полиция "баңгизат издеген". Читать дальше...
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына (УКМК) сурак берип чыккандардын бири, Аламүдүн базарынын профсоюз жетекчиси Гүлжан Эргешова “Азаттыкка” билдирди. Эргешованын айтымында, 1-декабрда аталган базардын соодагерлери нааразылык акцияга чыгып, өкмөткө жаңы салык эрежелерин киргизбөө талабын койгон. Көп өтпөй УКМК кызматкерлери аны суракка алып кеткен. “Нааразылык акциялардын артында ким турат? Эмнеге чыктыңар? Ким уюштурду? деген суроолорду беришти. Дээрлик алты саат бою кызматкерлердин суроолоруна жооп берип... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда отурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Президент Садыр Жапаров буга чейин "Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу. Читать дальше...