Германия дем алышта Париждеги Эйфел мунарасынын жанында бычак жеп, каза тапкан немис туристинин өлүмүн айыптады. Өлкөнүн ички иштер министри Нэнси Фейзер: “Исламчылардын туристке кол салганы кабыл алынгыс кылмыш. Биз азыр курман болгон жарандын үй-бүлөсүнө, досторуна жана дагы жараат алгандарга көңүл буруп жатабыз”,- деп билдирди. 2-декабрдын кечинде Париждеги Эйфел мунарасынын жанында белгисиз адам туристтерге бычак шилтеп, бир киши каза болуп, экөө жараат алган. Полиция каза тапкан киши Германиянын жараны экенин маалымдаган. Читать дальше...
КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын “Эльтуз” өзбек сайты жазды. Маалыматта аны менен кошо жанындагы адамдарды укук коргоо органдары автобус менен алып кеткени кабарланды. Мындан тышкары басылма күч кызматкерлери ушул тапта кримчөйрөдө “Кара Гафур” атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду издеп жатканы кабарланды. Ал Ташкенттеги үйүндө жана дачасында табылбаганы, Өзбекстандан чыгып кетиши мүмкүндүгү айтылууда. Читать дальше...
Филиппинде ишемби күнү кечинде болгон жер титирөөдөн бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды. Зилзаладан улам цунами болушу мүмкүн деген эскертүүдөн кийин миңдеген тургундар үй-жайларын таштап, көчөлөргө чуркап чыкты. АКШнын Геологиялык кызматы 7,6 баллдык жер титирөө 32 чакырым терендикте болгонун билдирди. Цунами тууралуу эскертүү бере турган Тынч океан борбору толкун Филиппиндин түштүк тарабына, Индонезиянын, Палаунун, Малайзиянын айрым бөлүктөрүнө жетерин эскерткен, бирок кийинчерээк муну кайра жокко чыгарды. Читать дальше...
Пакистандын түндүк-батышындагы Гилгит-Балтистан аймагында белгисиз жоочулар коопсуздук күчтөрү коштоп бара жаткан жүргүнчүлөрү бар автобусту аткылап, тогуз киши каза болду. Алардын экөө - аскерлер. Жергиликтүү полиция жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн билдиришинче, кол салуудан дагы 26 киши жарат алган. Арасында бир аскер жана жергиликтүү сунни багытындагы диний кызматкери да бар. 2-декабрда кечке маал болгон кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек. Ички иштер министри Шамсул Лоне диний кызматкердин... Читать дальше...
Израил менен АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ”ХАМАС” радикал тобунун кармашы уланып жатат. Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданып, Израил Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алды. Хамасчылар барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди. Согуш уланды, эл азапка батты Газа секторунда согуштук аракеттер кайрадан жанданганы эл тамак-аш, суунун азабын тартып, жан сактоонун амалын издеп жатат. Читать дальше...
Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы 3-декабрда Бишкекте пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Бир күн мурун тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине үндөгөн активист суракка чакырылган.
Израилдин аскерлери менен АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу кармашын улантып жаткан маалда АКШнын вице-президенти Камала Харрис Газанын келечеги тууралуу пикирин билдирди. Харрис Жакынкы Чыгыштагы конфликт тууралуу Дубайда өтүп жаткан COP28 климат боюнча саммитте сүйлөдү. Ал көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү келечеги менен Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде бирдиктүү палестиналык башкаруунун зарылдыгын белгиледи. Азыр Батыш жээктеги палестиндер көзөмөлдөгөн аймактарды Палестин автономиясы... Читать дальше...
Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы 3-декабрда Бишкекте пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Бир күн мурун тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине үндөгөн активист Афтандил Жоробеков суракка чакырылган. Президент жана башка бийлик өкүлдөрү туудагы элементтерди өзгөртүүнү колдошот. Мыйзам долбоорунун авторлору "мындан көйгөй жаратуунун кереги жок" дешет. Автожүрүш башка күнгө жылды Автожүрүшкө чыгам дегендер алгач баш калаанын 7-кичи районунда... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө аймагында 1-декабрдан тарта интимдик кызмат көрсөтчү бир да жай болбой турганын билдирди. Ал мындай жайлардын уюштуруучуларынан тартып, кызмат көрсөткөн кыздарга чейин кармалып, жоопкерчиликке тартыларын, учурда аларды калкалаган мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатканын эскертти. Мунун артынан "чет өлкөлүк жарандарга интимдик кызмат көрсөтчү салон ачкан" деп мурдагы аким кармалганы белгилүү болду. Ташиевдин билдирүүсү... Читать дальше...
Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы жарандардын автожүрүш акциясы болбой калды. Алар алгач шаардын 7-кичи районунда, Аалы Токомбаев көчөсүнө чогулуп жаткан. Бирок милиция кызматкерлери Октябрь районунун аймагында тынч жыйындарды, акция өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип, машиналарга коюлган тууларды алууну эскерткен. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, мындан улам чогулгандар акцияны Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында баштоону чечкен. Бирок бул жерге чогулгандар 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький... Читать дальше...
Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы жарандардын автожүрүш акциясы башталчу жер өзгөрдү. Алар алгач шаардын 7-кичи районунда, Аалы Токомбаев көчөсүнө чогулуп жаткан. Бирок милиция кызматкерлери Октябрь районунун аймагында тынч жыйындарды, акция өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип, машиналардагы тууларды алууну эскертти. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, мындан улам чогулгандар акцияны Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында баштоону чечти. Мунун алдында, 2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы 7-кичи районунда, Аалы Токомбаев көчөсүндө тууну өзгөртүүгө каршы жарандар автожүрүш өткөрүү үчүн чогулуп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, ал жерге бир канча машина менен милиция кызматкерлери барды. Ички иштер министрлигинин дагы бир канча кызматкери жарандык кийим менен жүрөт. Мунун алдында, 2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков "Туудан колуңду тарт" акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген. Читать дальше...
Жогорку Кенештин Социалдык саясат комитети 4-декабрдагы жыйынында Кыргызстанга энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. Ага саламаттык сактоо министри, экономика министри жана ички иштер министри баштаган өкмөт өкүлдөрү чакырылган. Июль айында арезидент Садыр Жапаров өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Анын алдында, май айында Салык кызматы июлдан тартып курамында энергетикалык... Читать дальше...
Жыл сайын суунун деңгээли көтөрүлгөн мезгилде Сузактагы Кара-Дарыя айылында суу ташкындап, айдоо талааларын жууп кетүүдө. Андан көп учурда күрүч аянттары зыянга учурап жатат. Өкмөт дарыянын 11 чакырымдай жээгине дамба салууга киришип, бирок иш аягына чыга элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында чоң мечиттен чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 2-декабрда кечки саат 9дарда кабар түшкөн. Үч бригада тартылып, 3-декабрга караган түнү, 12.35те толугу менен өчүрүлдү. "Өрт чалган аянт 800 миң чарчы метрди түздү. Учурда кырсыктын себеби иликтенип, такталып жатат",-деп жазылган маалыматта. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош... Читать дальше...
Өзбекстанда жарандарды АКШга мыйзамсыз жолдор менен кетирүүнү убада кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү журналисттер коопсуздук кызматына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Самарканд жана Фергана облустарында атайын операциянын негизинде алдамчылар жарандардан ири суммадагы акча алып жаткан маалда колго түштү. Өткөн айда Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын билдирген. Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясы таштанды полигонун жашылдандыруу иш-чарасынын алкагында 850 көчөт тигилгенин билдирди. Бара-бара бул жер токойго айланарын, тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонуларын маалымдады. “Натыйжада 2,3 гектар жерде токой тилкеси пайда болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Көчөттөр санитардык полигондун көпчүлүк бөлүгүнө отургузулат. Ошондой эле тамчылатып сугаруу системасынишке ашырылат”,-деп жазылган маалыматта. Бишкек мэриясы ушул жылы май айында шаардын түндүк тарабындагы таштанды... Читать дальше...
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы “Садовод” базарындагы өрт тууралуу маалымат таратты. Анда кырсыкта кыргызстандык жарандар жабыр тартпаганын билдирди. “Элчиликтин кызматкерлери базардын администрациясы жана ал жакта иштеген кыргызстандыктар менен жолукту. Маалыматка караганда, кырсыкта үч киши жабыркаган. Ошондой эле 350дөй киши эвакуацияланган. Жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок”,-деп жазылган маалыматта. Элчиликтин билдиришинче, “Садовод” Европадагы эң ири базар болуп саналат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анда ар кандай себептерден улам майып болуп калган адамдарга өкмөт ар тараптан кам көрүүгө аракет кылып жатканын айтып, жарандарды жардамга муктаждарга күйүмдүү болууга чакырды. “Өлкөбүздө майыптыгы бар адамдардын укуктары чектелбейт, аларга урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасалат. Себеби, элибиз каш-кабактын ортосундагы болуп кетүүчү кырсыкты болжоп болбойт деп, ошондой эле жараткандын жазмышы деп... Читать дальше...
ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) куралдуу тобунун лидеринин орун басары Салех аль-Арури барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди. Ал Катарда “Аль-Жазира” телеканалына курган маегинде ушул тушта куралдуу топтун барымтасында аскер кызматкерлери, же болбосо эркек-резервисттер калганын айтты. Reuters агенттиги "Согуш өз нугу менен улана берсин. Бул акыркы чечим. Бул маселеде биз мунасага барбайбыз", -деген Салех аль-Аруринин сөзүн жарыялады. Читать дальше...