Кыргыз өкмөтү туташ нааразылыктардан соң салык саясатына байланыштуу чараларын жумшартты. Патент системасын дагы алты айга калтыра турган болду. Ири базарларга да жеңилдиктерди берип, айып пул салууга мараторий киргизди. Ошол эле маалда президент Садыр Жапаров нааразылыктардын артында "башка күчтөр" турарын айтып, митингдер улана берсе, эң ири “Дордой” базарына Кумтөр сыяктуу тышкы башкаруу киргизерин эскертти. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев болсо базар ээлерине чара көрүлөрүн кыйытты. Читать дальше...
АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жетекчиси Бен Кардин Тажикстандын президентине жолдогон катында “тынч демонстранттарга, коомдук лидерлерге каршы куугунтуктоолорду, транс улуттук репрессияларды токтотууга” чакырды. Бул тууралуу комитеттин 5-декабрда жарык көргөн маалыматында айтылат. Маалыматка караганда, шаршембиде ал жакта авторитардык бийликтер чет жактардагы диссиденттерди кантип бутага алып жатканы тууралуу угууларда Тажикстан темасы көнүл чордонунда болмокчу. Демократиялык партиядан сенатор Кардин... Читать дальше...
Улаан-Баатар шаарында өткөрүлгөн “Көчмөндөр асыл нарктары” аттуу эл аралык симпозиум өтмүш менен азыркы таптын руханий көпүрөсү жаатында тарыхчы, антрополог, этнограф, тилчи жана саясат таануучулардын баарлашуусу үчүн данакер жай кызматын аткарды. Тарыхчынын блогу. 2023-жылдын 5-октябрында Монголиянын борбор шаарында “Көчмөндөр асыл нарктары” деген аталышта эл аралык симпозиум өткөрүлдү. Анда азыркы руханий жаңылануулар жана кылымдар карыткан асыл нарктар тууралуу талкуу жүрдү. Мындай шеринелердин маанилүү жагы ... Читать дальше...
6-декабрда президенттик аппаратта министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо маселеси талкууланды. Жыйында президенттин быйыл май айында чыккан мектептерде акчалай жыйымдарды жана мамлекеттик фонддорду түзүүгө тыюу салуу жөнүндө жарлыгына карабай, акча чогултуулар уланып жатканы айтылды. Байсалов өзгөчө Бишкек шаарында ата-энелерден түрдүү фонддорго деп акча чогултуу уланып жатканын белгиледи. Бишкек шаарынын мэриясына коомдук фонддордун да... Читать дальше...
Лейлек районунун Андарак айылында жыл башынан бери жети аял өз өмүрүнө кол салып, бешөө каза болду. Алардын эң жашы 20, улуусу 43 жашта болгон. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы 6-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, кыз-келиндердин эмне себептен суицидге барганы белгисиз. Милициянын териштирүүсүндө алар келин болуп түшкөн үйлөрдө социалдык кыйынчылыктар бар экени жана күйөөлөрү чет жакта иштеп жүргөнү аныкталган. Облустук ички иштер башкармалыгы 2023-жылдын 11 ай ичинде Андарак айылы... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева базарларда иштеген соодагерлердин Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы акциялары, ага бийликтин реакциясы тууралуу комментарий берди. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал өкмөт ишкерлерге ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөгөнүн айтты. Ал соодагерлер ККМден мурда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга (ЭТТК-ЭТТН) каршы чыгып жатканын, соодагерлер аны колдонуу өтө эле оор деп эсептей турганын билдирди. Маселе Жогорку Кеңеште бир жыл мурун эле көтөрүлгөнүн... Читать дальше...
Орусиянын Мамлекеттик думасы мектептерде чөнтөк телефон колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Телеграм-каналында билдирди. Телефонду “чукул кырдаалда”, мисалы, окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралганда гана пайдаланса болот. Бирок, аны мурда сунуш кылынгандай, билим алуу максатында колдонууга жол берилбейт. Володин мындай тыюу балдардын билимин жогорулатат деп эсептейт. Мындан тышкары эмки окуу жылынан баштап, Орусиянын мектептеринде эмгек сабагы киргизилмекчи. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен Шайлообек Козубаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу расмий маалымат 6-декабрда жарыяланды. Козубаев буга чейин президенттик администрациянын аймактар менен иштөө башкармалыгында эмгектенген. Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн мурдагы орун басары Уристем Манапов өз каалоосу менен кызматтан кеткени 17-ноябрда белгилүү болгон. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 6-декабрда... Читать дальше...
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газа тилкесинде "ырайымсыз кылмыштар" тобокелдиги тууралуу эскертип, тараптарды андай аракеттерге барбоого чакырды. “Гуманитардык уюмдарда иштеген кесиптештерим кырдаалды акыр заманга теңеп атышат. Мындай абалда мыкаачылык тобокелдиги жогору болот”, - Түрк бул көрүнүштү алдын алуу зарылдыгын белгиледи. Шаршембиде Израилдин аскерлери менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында катуу салгылашканы кабарланган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстандагы базарлардын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал президенттин базарларга тыштан башкаруу киргизилет деген билдирүүсү тууралуу берген комментарийинде "убагында "Тураталы эл базарын" (ред: Кара-Суу) Курманбек Бакиевдер тартып алганын", ушул күнгө чейин соттошуу уланып келатканын айтты. “Жеке мүлктү Конституция, мамлекет коргошу керек. Ага (ред: базарларга) тышкы башкаруу киргизип койсо рейдерликке жатып калат го. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 4-декабрда энергетикалык суусундукка тыюу салган мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер бул калктын саламаттыгына байланыштуу маселе экенин айтууда. Жарым жыл мурун өкмөт энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган эле. “4-5 жыл тынымсыз ичип, аритмияга кабылдым” “Энергетикалык суусундуктарды соңку 4-5 жылдан бери күнүнө 1-2 банкадан ичип келем. Ал мени сергитпей калган, энергия деле бербейт. Уйку алдында ичип алсам деле кыйналбайм”.... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 4-декабрда энергетикалык суусундукка тыюу салган мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер бул калктын саламаттыгына байланыштуу маселе экенин айтууда. Жарым жыл мурун өкмөт энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган эле. “4-5 жыл тынымсыз ичип, аритмияга кабылдым” “Энергетикалык суусундуктарды соңку 4-5 жылдан бери күнүнө 1-2 банкадан ичип келем. Ал мени сергитпей калган, энергия деле бербейт. Уйку алдында ичип алсам деле кыйналбайм”.... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп айтты. Ал 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырды. “Керек болсо мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген чиновниктердин базарларда контейнерлери бар. Читать дальше...
Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады. Юрист Канатбек Азиз бул кызматка 2022-жылы август айында дайындалган. 2011-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болгон. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү жана анын мүчөлөрүнүн жактоочусу, парламенттеги фракциянын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2018-жылы “атамекенчилер” аны акыйкатчы кызматына сунуштап... Читать дальше...
Ирандын коопсуздук күчтөрү былтыр сентябрда “Аял, жашоо, эркиндик!” деген ураан менен өткөн нааразылык акцияларын басуу учурунда зордуктоо, жыныстык ыдыктын башка түрлөрүн колдонгон. Мындай жыйынтыкка Amnesty International (AI) укук коргоо уюму келди. 6-декабрда жарыяланган 120 беттик докладда айтылгандай, сексуалдык зомбулук аялдарды, эркектерди жана балдарды коркутуу үчүн куралга айланган, андай учурлар жазасыз калууда. “Изилдөө Ирандын чалгын жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери кармалгандарды... Читать дальше...
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев мамлекеттик тууну алмаштырууга негиз жок экенин, желектин азыркы көрүнүшү жакшы экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-декабрда облуста 10 айдын ичинде аткарылган жумуштар боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Кыргызстанда желекти өзгөртүү демилгеси коомдо талкуу жаратты. Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда... Читать дальше...
Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу уюмдун X социалдык тармактагы (мурдагы Твиттер) расмий баракчасына жарыяланды. Тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган. Элечек - ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын баш кийими. Анын баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. Тарыхчылар айымдардын элечеги жаш өзгөчөлүктөрүнө... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы “Wok лагман” тез татым жайынан тамактанган беш киши ууланды. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, алар “Тазалык” муниципалдык кызматынын кызматкерлери болгон. Тамакка ууланганы боюнча алгачкы белгилер 4-декабрда түнү байкалган. Жабыркагандар дарыгердин жардамын алышкан. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында алар тамак-аштан ууланганы аныкталган. Тамакка ууландардын абалы жакшы, алар ошол эле күнү үйлөрүнө кетишкен. “Wok лагман” тамактануу жайында текшерүү жүрүп... Читать дальше...
Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыптоо актысы угузулду. Прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирди. Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган жок. Читать дальше...
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Матраимовдорго байланышы бар деп иштен алынган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын айтты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлагандай, жыл башынан бери укук коргоо органдары облуста 262 аткезчилик фактысын аныктады. Анын ичинен “Баткен” бажысында 204 бажы эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 4 млн 724 сом айып пул өндүрүлүп, мамлекетке 3,5 млн сомдон ашык бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ал эми УКМК 58 учурду аныктап, бюджетке 167 млн 483 миң 212 сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу облустук бийликтин жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, акыркы мезгилде Тажикстан... Читать дальше...
Кыргызстанга Пакистандан алгачкы жүк ташуучу автоунаа 5-декабрда келди. Ал Пакистан – Кытай – Кыргызстан багыты боюнча жетти. Кыргызстандын транспорт, байланыш жана жол министри Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасында билдиргенине караганда, каттам 1995-жылдын 9-мартында Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Пакистандын ортосунда кол коюлган төрт тараптуу транзиттик келишимдин негизинде жүрө баштады. Келишим 28 жыл мурда түзүлгөнү менен, анын алкагында Кыргызстандан да, Пакистан тараптан да бир дагы каттам болгон эмес. Читать дальше...
ЮНЕСКО материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине тажиктердин атлас жана адрас кездемелерин токуу өнөрүн жана түркмөндөрдүн ахалтеке аттарын таптоо чеберчилигин, ат жабдыктарындагы оймо-чиймени киргизди. Тиешелүү чечим 5-декабрда уюмдун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынды. Жибектен жасалган атлас жана жибек менен пахтадан токулган адрасты жасоого көп күч, каражат жумшалат. Бул табигый кездемелердин фестивалдары Тажикстандын жер-жеринде өткөрүлүп турат. Жылкынын ахалтеке тукуму Түркмөнстандын аймагында багылган. Читать дальше...
Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыптоо актысы угузулду. Прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирди. Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган жок. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 6-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы чыккан соодагерлердин митингин пайдаланып кетүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин дагы бир жолу кайталады. Мамлекет башчы ишкерлер талаптарын бийликке жеткирүү ниети менен нааразылык акцияларга чыкканын, бирок аларды өз кызыкчылыгына пайдаланууну максат кылгандар боюнча укук коргоо органдарында маалымат бар экенин айтты. “Алардын митингге чыкканынан... Читать дальше...