Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасы 8-декабрдын кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды. Судья ошондой эле Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты. Сот отуруму башталарда активист "мыйзамсыз" кармалганын айтып, коюлган айыптардын "негизсиз" экенин билдирди. Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиева доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын "Азаттыктын" кабарчысына айтты. Читать дальше...
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков камалды. Ага “массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылды. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров абакта калды. Парламент депутаттары аны үй камагына чыгарууну өтүнүп, судьяга кайрылышты. Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүнө соккуларын улантууда. Аймакта гуманитардык кырдаал оор бойдон калууда.
Иран оппозициясынын өкүлү Захра Рахнавард бийлик чектөөлөргө баш ийбей, эркиндикти талап кылган студенттерди болуп көрбөгөндөй куугунтуктап жатканын билдирди. 13 жылдан бери күйөөсү менен үй камагында отурган Рахнавард мындай комментарийин Ирандагы студенттер күнүнө карата Kalameh сайтына берген. Бул портал оппозициячыл көз карашы менен белгилүү. “Иранда бир да бийлик студенттик кыймылдарга улуттун тагдырына таасир этүүгө тоскоолдук жарата албаган”,-деген Рахнавард. Ал ошондой эле бийликтин студенттерди... Читать дальше...
Жума күнүнө караган түнү Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына сокку урду. Бул аймакка Хан-Юнис шаарындагы аба соккулардан аман калуу аргасын издеген качкындар топтолгон. Учурда алар оор шартта жан багып атканын айтышууда. Газанын түндүгүндө да катуу согуш болуп жатканы кабарланууда.
Kazenergy мунай-газ жана энергетикалык комплексин 2005-жылдан бери жетектеп келген Казакстандын мурдагы президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматтан кеткени маалым болду. Ассоциация өз сайтында жарыялагандай, эми төрага болуп Магзум Мирзагалиев дайындалган. Ал буга чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси, энергетика министри болуп эмгектенген. “Форбс” журналынын версиясына ылайык, Кулибаев планетадагы эң бай адамдардын катарына кирет. Анын байлыгы болжол менен 4,3 миллиард долларды түзөт. Читать дальше...
Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековдун бөгөт чарасы бүгүн, 8-декабрь күнү кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ачык өтүп жаткан сотто Жоробеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, кармалышын мыйзамсыз деп эсептей турганын “Азаттыкка” билдирди. “Баары жомок. Тууну коргоо кылмышпы? Кылмыш эмес. Мен мындан кайтпайм. Кыскача айтканда, бийликти басып алуу деген айып коюп жатышат. Буга чейин райондук милиция, УКМК чакырып, бул жолуңдан кайт, камаласың дешти. Читать дальше...
8-декабрда өлкө аймагындагы коюу туманга байланыштуу Бишкек жана Ош аэропортторунда ички каттамдагы учактар учпай турат. Мындай маалыматты “Манас” аэропорту “Азаттыкка” ырастап, учурда Ош шаарында Бишкекке учуп келе турган алты каттам кармалып жатканын билдирди. Бул каттамдар качан жанданары белгисиз. Ал эми Бишкектен чет өлкөгө каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар катталып келет. Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун үстөнөн сот башталды. Жабык режимде башталган алгачкы жараянда саясатчынын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч четке кагылды. Сот аны 9-февралга чейин камакта калтырды. Ал тапта Жогорку Кеңештин 75 депутаты дагы Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүшкөнү маалым болду. Саясатчынын жакындары аны менен жолугууга мүмкүн болбой жатканын айтышууда. Мадумаров... Читать дальше...
Ош шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун дипломунун жасалма экени боюнча чечимди Ош мамлекеттик университетинин бергенин мыйзамдуу деп тапты. Мындай чечим 8-декабрдагы отурумда чыкканын Алимжанов “Азаттыкка” ырастады. “Мен мыйзамдуу болгон бардык укуктарымды колдоном, кийинки инстанцияга да кайрылам”, - деди Алимжанов. Депутат мандатынан ажыратылышына негиз болгон диплом боюнча чечимди Борбордук шайлоо комиссиясына Ош мамлекеттик университетинин бергени... Читать дальше...
Орусияда түркмөнстандык активист Мяликберды Алламурадовдун дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу turkmen.news агенттиги анын досторуна таянып жазды. Маалыматка караганда, Алламурадов менен байланышууга төрт күндөн бери мүмкүн болбой жатат. Ал жашаган үйдүн кожоюну дагы активист жоголгонун айтып, издөө жарыялоого камынып жатканын айткан. Алламурадов жашаган жерде кандын издери жана мушташ болгондун белгилери калган. Ал эми видеокамералар өчүрүлгөн. Алламурадов Калмыкияда жогорку окуу жайда билим алчу. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 4-декабрда энергетикалык суусундукка тыюу салган мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер бул калктын саламаттыгына байланыштуу маселе экенин айтууда. Жарым жыл мурун өкмөт энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган эле. “4-5 жыл тынымсыз ичип, аритмияга кабылдым” “Энергетикалык суусундуктарды соңку 4-5 жылдан бери күнүнө 1-2 банкадан ичип келем. Ал мени сергитпей калган, энергия деле бербейт. Уйку алдында ичип алсам деле кыйналбайм”.... Читать дальше...
Бийликтин салык саясатына соодагерлер макул болбой, өлкө боюнча бир нече базарда нааразылык акциялары өттү. Мындан соң бийлик жапырт ККМ киргизүүнү дагы жарым жылга узартты. Бирок өлкө жетекчилиги соңку кырдаалда базар ээлерин жана салыкчыларды күнөөлөп, абал ушундай улана берсе өлкөдөгү эң ири
“KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыкты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ташов мамлекетке келтирген зыянды толук толтуруп бергени үчүн 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөрткөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, ал он батир жана 52,4 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери максатка ылайык келбегенине карабай... Читать дальше...
“Президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек”. Мындай пикирин коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" маегинде билдирди.Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдо нааразылыктарга себеп болушу мүмкүн. Каптагаев сунушталган тууну вариантындагы кемчиликтер, учурдагы талаштуу жагдайдан чыгуунун жол-жобосу тууралуу пикири менен бөлүштү. - Кыргызстанда соңку күндөрү мамлекеттик туу, анын айрым элементтерин өзгөртүүнүн айланасында чоң талкуу болууда. Читать дальше...
Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон кылмыш иши тууралуу 8-декабрда “Азаттыкка” комментарий берди. Атайын кызмат “ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген” айыпты “болбогон сөз” деп атап, чет өлкөлүк иш сапарларга жубайы менен чыккан учурлар бар экенин айтты. “Ооба, бир-эки иш сапарына аялым менен баргам. Анын чыгымын өзүм төлөгөм. Буга эл аралык мамиледе уруксат берилет. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 8-декабрда маалымат таратты. Ага ылайык, Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары судьялардын чет өлкөлүк иш сапарлары үчүн берилген чакыруу каттарын жашырып, аны менен өздөрү жана жакындары чет өлкөгө чыгышкан. Атайын кызмат бул фактылардын негизинде Кылмыш-жаза... Читать дальше...
Кыргызстанда жыл башынан бери 14 ымыркай ташталган. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева 8-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду. 8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барган. Читать дальше...
Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мекеме кызматкери тарабынан сабалды делген 32 жаштагы майыптыгы бар адамдын жакындары милицияга арыз менен кайрылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы 8-декабрда "Азаттык" радиосуна билдиргендей окуя боюнча тергөө амалдары башталды. Кадамжай райондук акимчилигинен бул окуя боюнча жумушчу топ иликтөө жүргүзүп жатканын, 2021-жылы кышында тартылган делген видеону тасмага түшүрүп, ушул кезге чейин сактап, 2023-жылдын... Читать дальше...
Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын туткундарды айырбаштоо боюнча биргелешкен билдирүүсүн кубаттап, бул эки тараптын алакасын жөнгө салуу жана тынчтык келишимин түзүүгө карай маанилүү кадам деп сыпаттады. Баку менен Ереван 7-декабрда туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашкан. Маалыматка караганда, Баку 32 армянды, ал эми Ереван эки азери жаранын бошотот. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын администрацияларынын биргелешкен билдирүүсүндө белгиленет. Читать дальше...
Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасынын орду парк болот, учурда аталган талаанын жерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 8-декабрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов журналисттерге билдирди. "Канча жылдан бери күйүп, түтөп турган таштанды талаасындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул дагы Бишкектеги ыш көйгөйүн 15% азайтууга мүмкүнчүлүк берди. Учурда полигондун жерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
Москва облусунда жакында эле орус жарандыгын алган жүздөгөн мигрант армияга тартылганын Baza телеграм-каналы өз булактарына таянып жазды. “Октябрдын башынан бери 350дөн көп адам армияга кызмат өтөөгө чакыртылды. Алардын 200дөйү ноябрь айында чакыруу алышты”,-деп белгиленет маалыматта. Мунун алдында эки ай негизинен мигранттар эмгектенген жайларда, анын ичинде базарларда, курулуш аянтчаларында рейддер өткөрүлгөн. Полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган мигранттарды аныктап, аскердик комиссариаттарга алып кеткен. Читать дальше...
8-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен жаңы салык саясаты боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта айрым чагымчыл күчтөр өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерин уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетин көргөнү айтылат. Камчыбек Ташиев УКМКнын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине... Читать дальше...
Израил армиясы билдиргендей, 7-декабрдын кечинде Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис калаасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ондогон жайларына сокку уруп, Жабалияда рейд өткөрдү. Жөөт аскерлери ал жакта радикал уюмга караштуу туннелдер түйүнүн, машыгуучу жай жана курал-жабдык кампасын аныктаганан билдирди. Буга чейин Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы жериндеги кабарчысына таянып, Жабалия лагерин учурда жөөт армиясы курчап турганын маалымдаган. Жабалия шаары Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Читать дальше...
“Айкөл-4” гуманитардык миссиясынын алкагында 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде жүргөн 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме тараткан маалыматта кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле, БУУнун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирген. Читать дальше...
Кыргызстанда тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миң 64 бала жакындарынын колунда калган. Бул тууралуу 8-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, быйыл социалдык кызматкерлер эмгек мигранттарынын балдарын, үй-бүлөлүк жана балдарга зордук-зомбулукту аныктоо үчүн 312 миңден ашуун үйдү кыдырган. “Кыдыруу учурунда 72 235 баланын ата-энеси чет өлкөдө экени, 15 829 бала ички мигранттардын балдары экени такталды. Читать дальше...