Израил армиясы Газага бир суткада абадан 250дөн ашык сокку урганы кабарланды. Тилкеде ооруканалар жарым-жартылай иштеп, гуманитардык жардам өтө аз кирип жатат. Ал тапта БУУнун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атууну тезинен токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.
Кыргыз-тажик чек арасынын 90% чечилгенин эки өлкөнүн чек ара боюнча расмий өкүлдөрү билдирди. УКМК 17 жыл мурун киши колдуу болгон кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнүн бети ачылганын билдирди. БУУ Газа тилкесиндеги ок атууну дароо токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.
Улуттук консерваториянын профессору, Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов быйыл 80 жашка чыкты. Ал чыгаан ырчы, педагог, таланттарды таптаган чыныгы устат катары белгилүү. “Устат” деген сыймыктуу атты алып жүргөн Улукмырза Полотов байбичеси Азимкан Мырзаканова менен чогуу кесипкөй ырчылык өнөрдүн сырлары жана чыгармачылыктын түйшүктүү жолу тууралуу “сыябан-маек” куруп беришти.