Добавить новость
World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2019

Новости за 21.02.2019

Azattyk.org 

Назарбаев казак өкмөтүн садага чапты

Президент Нурсултан Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти. Талдоочулар өлкөдө бийликке карата нааразы маанай күчөгөн учурда Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтү садага чабылганын айтып жатышат.

Azattyk.org 

Түндүк Македонияда парламенттеги окуя боюнча экс-спикер, эки экс-министр кармалды

Түндүк Македониянын полициясы 2017-жылы мыйзам чыгаруу органына күч менен кирип келген деген негизде парламенттин экс-спикерин жана мурдагы өкмөттүн эки мүчөсүн камакка алды.   20-февралда прокурорлор эки жыл мурунку окуяга “конституциялык түзүлүштү жана коопсуздукту бузууну көздөгөн террористтик кутум болгон” деген баа беришти.    Мурдагы спикер Трайко Веляновски, мурдагы билим берүү министри Спиро Ристовски жана мурдагы транспорт министри Миле Янакиески 2017-жылдын 27-апрелинде улутчулдардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажик оппозиционердин энеси уулун "алып кетишкенин" айтып жатат

Европада бозгунда жүрүп, өткөн жумада Дүйшөмбүгө "өз эрки менен кайтып келгени" айтылган тажик оппозиционердин энеси уулун бир күндөн кийин “алып кетишкенин” кабарлады. Ойшамох Абдуллоеванын 21-февралда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, уулу Шарофиддин Гадоев үйүнө бир күн түнөгөндөн кийин, 20-февралда кечинде аны кайра алып кетишкен. Ага бийлик өкүлдөру уулу жакында бошотула турганын айтышкан, бирок азыр анын кайда экенин билбейт. Абдуллоеванын айтышынча, Гадоев бир канча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир айылды тирилткен асыранды балдар

“Азаттыктын”“Биз жана дүйнө” берүүсүндө бүгүн биз Орусиянын алыскы аймагында жок болуп кете жаздап, эми асыранды балдардын айылына айланган кыштакты көрсөтөбүз. Ошондой эле Кыргызстанда өз чүрпөлөрүнө кошуп, кароосуз калган балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр тууралуу да сүйлөшөбүз.

Azattyk.org 

Күйүүчү майдын баасы, күмөндүү айырма

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берди.

Azattyk.org 

Египетте «Эки бала жетиштүү» деген программа башталды

Египет бийлиги үй-бүлөнү туура пландоо боюнча «Эки бала жетиштүү» деген атайын программа баштады. Ал 100 миллионго чукулдап бараткан өлкө калкын ооздуктоого багытталган. Статистикага караганда, Египет калкы жыл сайын 2,6 миллион адамга көбөйүп жатат. Бул таза суу тартыш, жумуш орундары жетишпеген өлкө үчүн абдан чоң көрсөткүч. Президент Абдел Фаттах ас-Сиси буга чейин террорчулук менен калктын өсүшү Египет үчүн эки чоң кооптуу жагдай экенин белгилеген. Бир нече жыл мурда АКШнын колдоосу менен атайын өнөктүк жүргүзүлүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ элчилиги орус абагындагы жаранына кезиктирүүнү талап кылды

Москвадагы АКШнын элчилиги каржылык кылмышка шектүү катары тергөө абагында отурган америкалык ишкер Майкл Калвиге дипломаттарды токтоосуз кезиктирүүнү орус бийлигинен талап кылды. Калвинин адвокаты Дмитрий Клеточкин америкалык жаранга расмий айып коюлганын бүгүн билдирди. «Ал суроолорго азырынча жооп бербейт. Ага коюлган айып бүдөмүк жана чаржайыт. Андыктан ал адвокаттары менен кеңешкенден кийин гана суракка макул болот», - деди адвокат.  Ал Калви өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып жатканын да кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айдоочулардын үшүн алган айыптар

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганына он күн болду. Андан бери айдоочулардын алды 30-70 миң сомго чейин айыпка жыгылганы айтыла баштады.

Azattyk.org 

Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Ак ордонун Интернет сайты кабарлады. Андан мурдарак Назарбаев өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт “кетиши керек” деп айткан. Президент өкмөттү казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок деп сындады. Өлкөдө жумушсуздук көйгөйү, айрыкча айыл жергесинде чечилген эмес. Назарбаев белгилегендей, чакан жана орто ишкердик экономикалык өнүгүүнүн негизги күчүнө айланган жок.  Казак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кримтөбөлдөргө каршы күрөш күчөйт

Грузиянын Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүн түп тамырынан жок кылууну көздөп жатат. Бангладештин борбору Даккадагы 300 жылдык тарыхы бар кварталдагы өрттөн 70 киши набыт болду. Тажикстан бийлиги Сирия менен Иракта бир да тажик баласы кароосуз калбашы үчүн бардык аракеттерди көрөрүн билдирди.




Azattyk.org 

Бангладештин борборундагы өрттөн 70 киши каза болду

Бангладештин борбору Даккада өрттөн 70 киши набыт болду. 300 жылдык тарыхы бар кварталдагы бир канча турак жай толук күйүп кеткен. Бийлик өкүлдөрү урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Даккадагы өрт шаршемби күнү кечинде тутанган. Ал желим шаймандар жана тез жанып кетүүчү буюм-тайымдар сакталган төрт кабаттуу имараттан башталган. Жалын заматта кошуна үйлөргө жайылып, тилсиз жоо менен эки жүздөй өрт өчүрүүчү кызматкер беш сааттай күрөшкөн. Өрттүн себептери иликтенип жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Рак тооруган балдарга мээрим керек

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры ракка чалдыккан балдар тууралуу “Кат-кагаз учактар” спектаклин көрсөтө баштады. Анда ооруп калган жеткинчек ички кыялдары менен бөлүшүп, балалык, өмүр, өлүм тууралуу ой толгойт. Спектаклден түшкөн каражат "Жардам берүү оңой" фондуна которулат. Иш-чаранын башкы максаты - айыккыс ооруга чалдыккан балдардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Azattyk.org 

Канжар Кадыралиевдин ишин караган сотко ишенбестик айтылды

Канжар Кадыралиев менен соттошуп жаткан тарап судьяга ишенбестик билдирди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев кабарлады. Анын айтымында, буга соттолуучунун бөгөт чарасын “камакка алуу” деп өзгөртүү өтүнүчү кайрадан четке кагылганы себеп болду: - Мунун бөгөт чарасы – Бишкек шаарынан эч жакка чыкпашы керек. Бирок ал айылга барып, бизди коркутуп-үркүтүп, башка жабыркагандарды тосмо арыз жаздыртып жатат. Биз бүгүн төртүнчү жолу өтүнүч келтирсек, сот аны да четке какты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Танзанияда “пил сөөгүнүн канышасы” 15 жылга кесилди

“Пил сөөгүнүн канышасы” деген атка конгон кытайлык ишкер айым 15 жылга эркинен ажыратылды. Африкадагы Танзания өлкөсүнүн соту Ян Фе Гланды 350 пилдин сөөгүн Азияга аткезчилик жолу менен ташыганы үчүн күнөөлүү деп тапты. 69 жаштагы ишкер айым эки өнөктөшү менен 2015-жылы колго түшкөн. Алар жалпысынан 5,6 миллион долларга пил сөөгүн мыйзамсыз сатканы аныкталган. Үчөө тең күнөөлөрүн мойнуна алган эмес. Гландын эки өнөктөшү да 15 жылга кесилген. “Пил сөөгүнүн канышасы” Танзанияга 1975-жылы барып, кытай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков: Путиндин сапары кыргыз-орус алакасын жаңы деңгээлге көтөрөт

Орусиянын президенти Владимир Путиндин күтүлүп жаткан сапары кыргыз-орус шериктештигин жана стратегиялык өнөктөштүгүн мындан да жогорку деңгээлге көтөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара застава комплексин ачып жатып билдирди. Ачылыш аземине катышып жаткан Орусиянын өкүлдөрүнө кайрылып, президент Жээнбеков чек арадагы коопсуздукту бекемдөөдө жана аскердик-техникалык кызматташууда гана эмес... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сирия: ИМ тобу көзөмөлдөгөн аймак жоочулардан тазаланат

Бейшембиде Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун соңку таянычы болуп эсептелген Багхуз айылынын жайкын тургундарынын акыркылары аймактан чыгарылат. Карапайым эл чыгып кеткенден кийин АКШ колдогон "Сирия демократиялык күчтөрүнө" аймакты толугу менен радикал жоочулардан тазалоого жол ачылат. 2014-жылы Ирак менен Сириянын көп бөлүгүн өз карамагына алып, “халифат” жарыялап алган экстремисттердин карамагында 600 чарчы метрдей эле аймак калды. Соңку бир ай ичинде 20 миңдей жайкын тургун бул айылдан чыгып кеткени маалым болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Tүркмөн жана ооган президенттери өнөктөштүк келишимине кол коюшту

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен Ооганстандын президенти Ашрах Гани эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюшту. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, эки лидер өз ара соода, энергетикалык жана маданий байланыштарды талкуулагандан кийин Ашхабадда 21-февралда келишимге кол коюшту. Маалыматка караганда, Бердымухамедов Түркмөнстан “Талибан” кыймылы менен ооган өкмөтүн тынчтык сүйлөшүүгө бирге отургузууга көмөктөшүүгө дилгир экенин билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат оор кылмыштар жөнүндө кабар таратпоого чакырды

Милиция оор кылмыштар тууралуу журналисттерге маалымат бербеши керек. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов ушундай пикирин билдирди. Депутаттын көз карашында, массалык маалымат каражаттарында оор кылмыштар тууралуу чыккан кабарлар социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында "ар кандай аймактык ажырымга" жол берип жатат жана өспүрүмдөргө терс таасир этүүдө. - Азыр социалдык тармактарда, өзүңүздөр билесиздер, кимдер гана отурбайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан Сирия менен Ирактагы аялдарды, балдарды алып келет

21-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирия менен Иракта тажикстандыктардын бир да баласы калбаш үчүн бардык аракеттерди көрөрүн билдирди. Дүйшөмбү Ирак өкмөтү ал жактагы абактарда отурган 43 аялды жана 90дой баланы өз мекенине алып келүү боюнча макулдашууга жетишкен. Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиновдун айтымында, тажик бийлиги Ирак өкмөтүнө чек араны мыйзамсыз бузганы үчүн ар бир тажик жаранына 2500 доллар эмес, 400 доллар айып төлөп берүүгө макул болгон. Ал эми Сириядагы лагерлерде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде шифер чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Баткенде шифер чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 21-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады. 21-февралда Кызыл-Кыя шаарында түстүү шифер чыгаруучу өнөр жай ишканасынын курулушуна капсула ташталды. Заводду курууга кыргызстандык инвесторлор 350 млн. сомдон ашуун инвестиция жумшайт. Ишкананы курууга 4 гектар жер узак мөөнөткө пайдаланууга берилген. Завод ушул жылдын экинчи жарымына карата толугу менен пайдаланууга берилет. Ал ишке киришсе жылына 3 млн. Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus