3-февраль күнү Рим Папасы Франциск Бириккен Араб Эмираттарына барып, араб жарым аралына кадам койгон алгачкы понтифик болмокчу. Анын 4-февраль күнү Каирдеги Аль-Азхар мечитинин имамы, шейх Ахмед аль-Тайиб менен бирге диний конференцияга катышуусу күтүлүүдө. 5-февралда Франциск 120 миң киши келет деп күтүлгөн сыйынууга да катышат. Эмираттарда азыр бир миллионго жакын католик бар. Алардын көбү Индия жана Филиппинден келишкендер. Рим Папасы муну “эки диндин ортосундагы мамиледе жаңы барак” деп сыпаттады. Читать дальше...
Украин православ чиркөөсүнүн тарыхындагы биринчи метрополит болуп Эпифаний 3-февраль күнү Киевде көтөрүлдү. Бул иш-чара украин православ чиркөөсүнүн орус чиркөөсүнөн бөлүнүп чыгуусун жана өз алдынча иш алып жүрүү жараянын бекемдейт. Метрополиттикке көтөрүү салтанаты Киевдеги Ыйык София кафедралдык собордо орун алды. Президент Порошенко бул иш-чараны орус чиркөөсүнөн бөлүнүп чыгуу жараянынын аякташы катары сыпаттады. 40 жаштагы Эпифаний Украинадагы бөлүнгөн православ чиркөөлөрүнүн башын бириктирүү вазийпасын ишке ашырышы керек. Читать дальше...
Децл деген ат менен белгилүү болгон орусиялык рэпер Кирилл Толмацкий 3-февралда 35 жашында дүйнө салды. Ижевск шаарындагы концерттен кийин ырчынын жүрөгү кармап, дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калышты. Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Толмацкийдин жылдызы 2000-жылы жанган. Ал Орусияда рэп жанрын кеңири тааныткан алгачкы ырчылардын бири жана анын “Вечеринка у Децла” өңдүү бир топ ыры хитке айланган. (KKu) Тасмада: Децлдин 2017-жылы "Азаттыктын" орус кызматына берген маеги.
Ирандын жогорку офицерлеринин бири Батыш Тегеранга чектөөлөрдү көбөйтсө, Иран өзүнүн ракеталарынын учуу алыстыгын күчөтүүгө, “стратегиялык секирик” жасоого аргасыз болот деп билдирди. “Эгер Европа же башка бирөө Иранды ракеталардан арылтуу аракетин көрсө, биз “стратегиялык секирик” жасоого аргасыз болобуз”,- деди Ирандын Ислам революциялык гвардиясынын башчысынын орун басары, генерал Хусейн Салами 2-февраль күнү мамлекеттик "Пресс-ТВ" телеканалына. Ракеталык технологияларды өнүктүрүүнү “коргонуу... Читать дальше...
Кыргызстанда аялга ыдык көрсөтүүгө каршы социалдык ролик тартылды. Анда ыдык көрсөтүү – бул адамдын эркине каршы жасалган, анын аң-сезимине жана денесине ыңгайсыздык жараткан кордоо жана тажатуу экени айтылат. "Бул коркутуудан, опузалоодон, орой тамашадан же жагымсыз каттардан, телефон чалуулардан, кол салуудан жана башка ушуга окшогон кыймыл-аракеттерден билиниши мүмкүн" деген ой камтылган. Социалдык роликке Жогорку Кеңештин депутаттары Рада Туманбаева, Элвира Сурабалдиева жана “Балдардын укугун... Читать дальше...
Орусиянын Калуга облусунда 3-февралда болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын саны жетиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип жазышууда. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандардын үчөө чоң киши жана төртөө балдар. Дагы 24 бала ооруканага жаткырылды. Буга чейин “Интерфакс” агенттиги Калуга - Вязьма жолунда "МАН" үлгүсүндөгү автобус оодарылып кеткенин жазган. Анын ичинде 48 киши бар болгонун жана көбү балдар экенин кабарлаган. Читать дальше...
Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун сөөгү бүгүн, 3-февралда Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарынын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана маркумдун туугандары менен жакындары катышты. Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнө салды. Читать дальше...
Ислам Шамшиев алган жараатынан улам Азия кубогуна катышпай калган.
Орусиянын Калуга облусунда 3-февралда болгон жол кырсыгынан төрт адам өлдү. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Бүгүн, 3-февралда Калуга - Вязьма жолунда "МАН" үлгүсүндөгү автобус оодарылып кеткен. Анын ичиндеги 48 кишинин 33ү балдар болгон. Кырсыктан жалпы 32 адам жабыркаганы, анын көбү балдар экени айтылууда. Алар музыкалык сынакка бара жатышкан. “Интерфакс” жеке булактарына таянып, жол тайгак болгондуктан айдоочу автобусту башкара албай калганын, жолго чыгардын... Читать дальше...
Социализмдин “тап душманы” Айымбет уулу Тиллебайдын тагдыры өтө кайгылуу аяктаган. Ал уулу менен тоо арасында баш калкалап жүргөн жеринде НКВДга кызматташып кеткен жакын тууганынын колунан мерт болгон.
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 4-февралда түнкүсүн жаан жаабайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10; Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10; Баткен жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -4…-9 градус болот. Читать дальше...
Түркиянын жогорку окуу жайларында 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын ичинде кыргызстандык эки миңдей студент бар. Учурда Түркиядагы университеттер кышкы эс алууга тарагандыктан студенттердин айрымдары эс алса, башкалары иштешет.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Украинанын Коммунисттик партиясынын лидери Петр Симоненкону президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Шайлоо комиссиясы "Симоненкону талапкер катары көрсөткөн партиянын уставы, аты жана символикасы “Коммунисттик, улутчулдук жана тоталитардык режимди Украинада жайылтууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзамга каршы келет” деп тапкан. Ошондой эле "ал акыркы 10 жылда кайсы өлкөдө жашаганын так көрсөткөн эмес" деген жүйө келтирген. Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленген. Читать дальше...
Эмне үчүн кээ бир түштүк америкалыктардын жүзү агыш тартып турат? Метродогу тыгынды кыскартууга багытталган Токиодогу саамалык. Таза суунун фильтри бактерияны пайдаланып жасалды. Коркуратма же кальяндын зыяны чылымдан да жаман.
"Корчубек Акназаровдун басып өткөн жолу мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерге, жетекчилерге сабак болушу керек". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында айтты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Сооронбай Жээнбеков "Корчубек Акназаров согуштан кийин кайсы гана кызматта иштебесин, артынан кыпындай да жаман сөз ээрчитпегенин" белгилеген. Читать дальше...
Улуттук команда 2018-жылы жазда FIFA рейтингинде өз рекордун жаратып 75-орунга чейин чыккан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы улгайган жаранга кол көтөрүп, акча талап кылган балдардын тек жайын аныктады. 2-февралда Интернетке эки бала карыган кишини чаап, аны коркутуп жатканы тартылган видео тараган. Ош шаардык милициясы тасмадагылар 17 жаштагы өспүрүмдөр экенин жана Оштогу окуу жайлардын биринде окуй турганын аныктаган. Алар карыган киши ичимдик ичип алып, алар жашаган аймакка көп келгендиктен аны уруп-согушканын айтышкан. Милиция өспүрүмдөр аксакалдан кечирим сурашканын кабарлады. Читать дальше...
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Литванын командасын 6:2 эсебинде жеңип алды. Жолдоштук беттеш 2-февралда Литванын Пренай шаарында болду. Атаандаштардын дарбазасына Дилшат Кадыров эки ирет гол киргизди. Андан тышкары Мирлан Жолдубаев, Максатбек Алимов, Шохрух Махмадаминов, Сагындык Акимбаевдер бирден гол киргизишти. Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлагандай, бул беттеш - 2020-жылы өтчү Азия биринчилигинин тандап алуу баскычына карата даярдык. Литва менен экинчи беттеш бүгүн, 3-февралда болот. Читать дальше...
Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдө парламенттик шайлоону буга чейин мерчемделгендей кийинки жылы эмес, быйыл өткөрүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу 2-февралда тарапташтары менен жолуккан учурда жарыялады. Мадуро президенттин көзөмөлү алдындагы Конституциялык ассамблея Улуттук Ассамблеянын (парламенттин) кезексиз шайлоосуна даярданышы керек экенин айтты. Буга чейин Венесуэлада кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылга пландаштырылган. Улуттук Ассамблеянын азыркы спикери, 35 жаштагы... Читать дальше...
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. 1-февралда Ницце шаарында башталган турнирдин биринчи күнүндө кыз-келиндер арасында медалдар ойнотулду. 76 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күч сынашты. Жыйынтыгында эки кыргызстандык спортчу финалга чыгып, Мээрим Жуманазарова жеңүүчү болду. Ал эми Айпери Медет кызы күмүш медалга татыды. Читать дальше...
Спорттук иш-чара 28-февраль күнү "Тогуз-Булак" тоо лыжа комплексинде уюштурулат.