Ирандын түштүк-чыгышында жанкечтинин кол салуусунан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кеминде 20 мүчөсү курман болуп, дагы ону жараат алды. Бул тууралуу Ирандын IRNA жана Fars маалымат агенттиктери кабарлашты. Кол салууну сунни согушкерлеринин "Жаиш ал-Адл" тобу өз мойнуна алды. Fars агенттигинин кабарына караганда, жанкечти сакчылар корпусунун кызматкерлерин салган автобуска барып урунган. Аскерлерди салган автобус Пакистан менен чектеш аймактагы Систан-Белужистан провинциясындагы... Читать дальше...
Парламентте депутат Ирина Карамушкина “Таблиги жамаат” маселесин көтөрүп чыгып, "Ислам изилдөө институтун "Таблиги жамаат" диний агымын жайылтууга салым кошуп жатат" деп айтып чыкты. Ал эми институт исламдагы агымдар, кыймылдар жана уюмдар жөнүндө маалыматтарды элге туура жеткирүү менен диний радикализмдин алдын алуу гана максатын көздөй турганын билдирүүдө. Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" агамынын ишмердиги буга чейин да бир канча жолу көтөрүлгөн. Казакстанда, Орусияда... Читать дальше...
Армениянын атайын тергөө кызматы экс-президент Роберт Кочарянга “паракорчулук” беренеси менен айып такты. Буга чейин мурдагы мамлекет башчыга “Конституциялык түзүмгө шек келтирген” деген кине тагылган. Кочаряндын адвокаты Арам Орбелян "Азаттык" радиосунун армян кызматына билдиргендей, ишкер айым Сильва Амбарцумян Армениянын министрине пара берүүгө мажбур болгонун айткан соң экс-премьерге дагы бир айып тагылды. Адвокат иштин чоо-жайын айткан жок. Амбарцумян 2008-жылы айлана-чөйрөнү коргоо... Читать дальше...
Тажикстанга жүк алып келе жаткан 100дөн ашык вагон Түркмөнстандан өтө албай турат.
Кеминде эки жолу түрмөдөн качып чыккан маңзат төбөлү Эль-Чапо бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. Варшавада Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналган ири конференция башталды. Венесуэлада оппозицияны колдогон демонстрациялар уланууда.
12-февралга караган түнү Подмосковьенин Виноградово айылында белгисиз бирөөлөр Коррупцияга каршы борбордун аймактык бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Грибовду сабап кетишкен. Ал алган жараатынын ооруканада көз жумду. Москва облусунун Тергөө комитетинин билдиргенине караганда, активистке беткапчан эки киши кол салган. Алдын ала божомолго караганда, аны таяк менен сабашкан. Ага кол салгандар кокустан бирөө чыга калган маалда качып кетишен. Алар эмне себептен мындай ишке барганы белгисиз. Грибовдун санаалашы... Читать дальше...
Алматынын район аралык административдик соту бүгүн, 13-февралда Казакстандагы "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" деп аталган уюмдун жетекчиси Серикжан Билаштын иши боюнча токтом чыгарды. Серикжан Билашка "каттоого алынбаган бирикмени жетектеген жана ага катышкан" деген айып тагылган. Соттун чечимине ылайык, Билаш 252 миң теңге (670 доллар) айыппулга жыгылды. Активист соттун чечими менен макул эместигин жана жогорку инстанцияга даттана турганын билдирди. Анын айтымында, бул чечим тууган-туушкандары... Читать дальше...
Кыргызстанда 2010-жылдагы кандуу окуяларда жоголгон же уурдалган 1200гө жакын курал-жарактын жарымынан көбү кайтарыла элек.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Өзүмбековду мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кызматынан бошотту. Мындан тышкары, өкмөт башчы финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, бүгүн, 13-февралда премьер-министр мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. “Биз... Читать дальше...
Варшавада АКШнын жана Польшанын демилгеси менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналган эки күндүк ири жыйын башталды.
Кыргызстанда экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча сунуш баштагыдан кыйла өзгөртүлдү.
Каракол шаарындагы мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери бир эле учурда шаардык кеңешке депутат болуп отурушу кызыкчылыктарды кагылыштырып, ишке жолтоо болууда. Бул маселе Каракол шаардык кеңешинде көтөрүлүп жатат.
Жыйырмадан ашык жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурган Тажыгүл Күнтүз Түркияда жашаган кыргыз сүрөтчү. Ал чыгармаларында кыргыз аялдарынын образын тартат. Анын сүрөттөрү зер буюмдар жана курак менен кооздолуп, бул ыкма аны башка сүрөтчүлөрдөн айырмалап турат. Тажыгүл Күнтүз чакан чеберканасында жергиликтүү түрк аялдарга дагы сүрөт тартканды үйрөтөт.
"Салам Медиа" "Интерньюстун" "МедиаК" долбоорунун алкагында видео эфирлерин онлайн түрүндө көрсөтөт. "Салам Медианын" онлайн көрсөтүүлөрү "Youtube" порталындагы баракчасы аркылуу таралат. "Салам Медианын" жетекчиси Улукбү Амированын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ушул тапта медиа жаңы форматта иш алып барыш үчүн жаңы заманбап техника менен жабдылууда. Техниканы "Интерньюс-Кыргызстан" уюму берген. "Салам" радиосу алгачкы жолу 2000-жылы обого чыккан. Радио жергиликтүү жаштардын демилгеси менен... Читать дальше...
14-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарында кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жамгыр жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6; Суусамырда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...
"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону болуп саналган Сириянын чыгышындагы Багхуз аймагынан жүздөгөн адамдар качып чыгууда. АКШ колдогон күрт күчтөрү бул аймактагы согушкерлерди бутага алган операциясын баштаганына беш күн болду. "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз өкүлү Мустафа Бали билдиргендей, бир күндө эле бул аймактан 600 жайкын тургун качып чыкты. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы акыркы бир суткада дагы 350 киши жихадчылардын чордонунан качууга үлгүргөнүн маалымдады. Читать дальше...
Өткөн айдын этегинде өзүн «утурумдук президент» жарыялаган парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо Каракаста тарапкерлеринин алдына чыгып, өлкөгө гуманитардык жардам 23-февралда жеткирилерин билдирди. “Кандай болгон күндө да гуманитардык жардам Венесуэлага келет. Бийликти өз колуна топтоп алган Мадуро өлкөдөн кетиши керек. Венесуэла тирандан биринчи жолу арылып жаткан жок”, – деди Гуайдо. Саясатчы белгилегендей, бийлик гуманитардык жүктү жеткирүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Жүз миңдеген ыктыярчы... Читать дальше...
Ушул тапта Кара-Кечеде көмүр күткөн оор жүк ташуучу автоунаалар шурудай тизилип турат. Айдоочулардын алды кээде үч сутка бою кезек күтүүгө аргасыз. Көмүр ташыгандар арасында автоунаанын ичине темир меш орнотуп, чай кайнатып ичкендер да бар.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 13-февралда Билим берүү министрлигинин жылдык коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Вице-премьер-министр Билим берүү министрлигинин маалыматтары менен Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы дал келбегенин сындады: - Билим берүү министрлиги мектепке барбаган майып балдар эки миң чамалуу десе, Социалдык өнүгүү министрлиги андай балдардын саны беш миңден ашуун деп жатат. Мындай маалыматтар так болушу керек. Балдарды мектепке тартууга адегенде... Читать дальше...
Америкалык сот арачылар мексикалык чуулгандуу баңгизат төбөлү, Эл-Чапо деген атка конгон Хоакин Гусманды ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табышты. Ага баңгизаттарды таратуу, мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү жана арам акчаны адалдоо сыяктуу баш-аягы 10 берене менен айып коюлган. Прокурорлор Эл-Чапо көзөмөлдөгөн "Синалоа" аттуу кылмыштуу картелди АКШга баңгизат жеткирген негизги кылмыштуу топ деп табышты. Сот арачыларынын "күнөөлүү" деген чечими Нью-Йорктогу федералдык сотто шейшемби күнү жарыяланды. Читать дальше...
13-февралда Жогорку Кеңеш "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салуу боюнча бир нече сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда жактырды. Парламенттеги катталган 102 депутаттын 94ү макул, сегизи каршы чыкты. Экинчи окууда демилгечилер айрым беренелерди жокко чыгарууну, ал эми айрым депутаттар экс-президентти жоопко тартуунун жол жоболору боюнча жаңы сунуштарды киргизишти. Буга чейин аталган мыйзамдын... Читать дальше...
Активисттер Москванын Войковский районундагы тергөө абагынын жанында Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин аспиранты Азат Мифтаховду колдоп чыгышты. 25 жаштагы аспирант "«Бирдиктүү Орусия» партиясынын кеңсесине өрт коюуга аралашкан" деген кине менен кармалган. Мифтахов коюлган айыпты четке кагып, аны үй камагына калтырууну соттон өтүнгөн. Акциянын төрт катышуучусу жол боюнда «Азат Мифтаховго эркиндик!» деген жазуусу бар баннерди кармап турушту. Алар «Саясий туткундарга эркиндик!»... Читать дальше...
Парламент депутаты Евгения Строкова "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда мурдагы президенттер саясатка аралашкан учурда кол тийбестигинен ажыратуу боюнча сунуш менен макул экенин билдирди. Анын айтымында, айрым учурда экс-президенттер саясатка кийлигишип жатат. "Коомчулукту ар кандай акцияларга үндөгөн экс-президенттер жазаланышы керек" деди депутат. Ага депутат Асел Кодуранова КСДП партиясынын мүчөсү болуп туруп, экс-президент жөнүндө туура эмес маалымат берүү уят экенин белгилеп... Читать дальше...
Жакында эле кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев беделдүү делген UFC уюму менен келишим түздү. Буга чейин аталган промоутерлик компанияда өлкө атынан эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор күч сынашып келген.
Бишкектеги №92 кесиптик лицейдин жетекчиси Динара Аширова иштен мыйзамсыз алынганын айтып “Азаттыкка” кайрылды. Ал буга Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы Таалайбек Чолпонкуловду айыптады: - 31-январда мени Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башчысы чакырып, жогору жактагы таасирдүү адамга менин ордум керек болуп жатканын айтып, өз эрким менен кызматтан кетүүнү сунуш кылды. Кетпесем күчтөп кетирерин айтты. Мен кызматтан кетпей турганымды айтып, сотко кайрыларымды билдирдим. Читать дальше...