Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Маалымат технологиялары, механика жана оптика илим изилдөөчү университетинин чатыры кыйрады. Уранды алдында 20дай киши болушу мүмкүн. Окуя сабак учурунда болгон. Алтымыштай студент жана окутуучу эвакуацияланды. Айрымдары эшикти ача албай имаратта калганы айтылууда. "Интерфакс" кыйроо ремонт болуп жаткан корпуста болгонун кабарлады. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроо болгонун ырастап, курмандыктар тууралуу маалымат бере элек. (BCh)
Арзан желим материалдын көптүгү дүйнө жүзүн пластик таштандынын алдында калуу коркунучуна кептеди. Кургакта гана эмес океанда үйүлгөн желим дөбөлөр пайда болду. Дүйнөлүк көйгөй Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Бүгүн желим баштыкты жана буюмдарды ар бир айылдан көрүүгө болот. Адамзат күндөлүк турмушта эсепсиз колдонулгон пластикти кантип чектеп, жаратылышты кантип сактап калат? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул теманы козгойбуз.
Футболчу буга чейин "Алга, Бишкек" футбол клубунда ойноп келген.
Чиркей 10 метрге чейинки аралыктан угат. Кан жолго төшөлгөн электр меши музду 15 мүнөттө эритет. Тарыхтагы эң ысык беш жыл. Көп кыймылдаган өмүргө даба.
Бүгүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов менен Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйын өткөрдү. Алар көк бөрүнүн эл аралык эрежесинен тай казан алынып, муляж тартылып калабы деген суроолорго жооп беришти.
Акын айымдарды эмне түйшөлтөт? "Эже-сиңдилер" баарлашуусунда мына ушул теманы талкууладык. Бул жолу студиябызга филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиеваны, "Ала-Тоо" журналынын редакторунун орун басары Алтынай Темированы, Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Перизат Алмазованы чакырдык.
Түркия президенти 1998-жылдагы келишимдин негизинде Сирия менен келишпестикти жоюуну баса белигледи.
Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди аткаруу аракетин уланта берет. Бул тууралуу уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Мюнхенде коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып билдирди: - Өзөктүк келишимге карата басым былтыр абдан катуу болду. Менимче, эгер Европа Биримдигинин үч мүчөсү - Франция, Улуу Британия жана Германия болбосо АКШ чыгып кеткенден кийин аталган документ күчүн жоготуп коймок. Евробиримдик Иран менен келишимдин толук ишке ашуусу үчүн аракетин уланта берет. Читать дальше...
Ошентип Кыргызстан 2018-жылкы бюджетин жети миллиард сомго жакыныраак таңсыктык менен жапты. Өкмөт бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки-үч эсе аздыгын айтып, муну жетишкендик катары баалоодо.
Орусияда Борис Немцовду эскерүү маршын өткөрүүгө тыюу салынды. Санкт-Петербург шаарынын бийлиги жөө жүрүшкө уруксат бербей койгонун бүгүн 16-февралда “Протест” оппозициялык кыймылы билдирди. Шаардын борбордук бөлүгүндө жүрүш өткөрүүнүн ордуна ал жерден беш чакырым аралыктагы парктардын биринде акция уюштурса болору айтылды. Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский бийликтин мындай жообун “мазактоо” деп атады. Оппозиционер саясатчы Борис Немцовду төрт жыл мурда 27-февралда көчөдөн өлтүрүп кетишкен. Читать дальше...
Ал бир жумадай машыктыруучунун көз кырынан өтүп, бирок жаккан эмес.
Өкмөт Бишкектеги Жаш көрөрмандар театрынын имаратын жана репертуарын жаңылоо зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн 16-февралда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин талкуулоо боюнча коллегиялык жыйында айтты. "Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрын капиталдык ремонттон өткөрүү менен анын базасындагы балдар театрынын концепциясын иштеп чыгуу жана балдар жана өспүрүмдөр үчүн театралдык репертуарларды уюштуруу саясатын карап чыгуу зарыл» деди Өмүрбекова. Читать дальше...
Жалал-Абадда түрмөгө баңгизат алып кирип баратканда кармалганы кеп болгон жергиликтүү депутат "бул атайылап уюштурулган жасалма иш, орган кызматкерлери ири суммада акча алган" деп прокуратурага кайрылды.
Режиссер Айбек Дайырбеков Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунун жаңы төрагасы болду. Мындай чечим уюмдун Бишкекте өткөн 25-съездинде кабыл алынды. Төрагалык кызматка үч талапкер болгон. Алар: Марат Сарулу, Айбек Дайырбеков жана Болот Алимбаев. Болот Алимбаев өз талапкерлигин кайра алып койду. Союздун 305 мүчөсү бар. Съездге алардын 148и катышты. Сарулу 69, ал эми Дайырбеков 79 добуш алды. Уюмдун башкармалыгында төрагадан тышкары 10 адам бар. Кинорежиссер, сценарист жана продюсер Дайырбеков 39 жашта. Читать дальше...
Кыргызстанда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу жемкорлук боюнча чыр кайрадан өлкө күн тартибинин башкы сабына чыкты. Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулап, жакынкы күндөрү сот жараяны башталганы турат. ЖЭБдин айланасындагы кырдаал саясий абалга кандай таасирин тийгизет жана укуктук маселени саясаттан кантип бөлүүгө болот? “Азаттыктын” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов, Курманкул Зулушев жана саясатчылар Эдил Байсалов менен Равшан Жээнбеков катышты.
Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы Сауд Арабияда “Төө фестивалынын” (CamelFestival) алкагында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди. - Көкбөрүнү чет жерде жайылтууда жакшы жумуш алып барылбай жатат деп айтышууда. Алдыдагы биздин бара турган сапарыбыз кыргыз көкбөрүсүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп үмүттөнөбүз. Биздин аттар жана көкбөрүчүлөр Сауд Арабияда өтө турган фестивалга даярданып жатабыз. Читать дальше...
Сауд Аравия Кыргызстанга учак жиберип аргымактарды алып кетет.
17-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8, Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8, Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2... Читать дальше...
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов аттардын жана улакчылардын коопсуздугу үчүн деп тай казанды алууну тек гана шылтоо деп сыпаттады.
Кыргызстандын бал азыктары Жапониядагы эл аралык көргөзмө-жарманкеге катышты. Элчиликтин маалыматына караганда, Тиба шаарында тамак-аш өнөр жай тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири катары таанылган Food Table in Japan көргөзмөсү өттү. Ага Кыргызстандан «Нектар», «Нарын Уюк», «Aman Green Food», «Мол Түшүм» компаниялары катышып, уникалдуу бал азыктарын тартуулашты. Иш-чара 50 чамалуу жапон ишканаларынын өкүлдөрүн чогултуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.(RK)
2020-жылы Түркияда IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында мелдештер көкпар эмес, көкбөрүнүн эрежеси менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттерге Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди. - Түркия мамлекети менен IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү тууралуу келишим түзүү алдында турабыз. Биздин эң негизги талабыбыз, кыргыздын улуттук оюндарын Кыргызстандын эрежеси менен өткөрүү. Анын ичинде көкбөрү да бар, - деди Канат Аманкулов. Аманкулов Түркия... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык милициясынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук кызматкери жетектеген үч адамдан турган топ кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, милициянын майору 600 доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. “Ишиңди жаап берем” деп 1000 доллар талап кылып жатышканын айтып атайын кызматка тургундардын бири кайрылган. Анын арызы боюнча териштирүү жүрүп, милиционер жетектеген... Читать дальше...
Быйыл Өзбекстанда көкбөрү боюнча дүйнө чемпионаты көкпардын эрежеси менен өтө турган болсо, Кыргызстан ага катышпайт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн журналисттерге билдирди. - Ташкенттеги чемпионат көкпар эрежелери боюнча өтө турган болсо Кыргызстан ал оюнга катышпайт - деди Марат Аманкулов. Белгилей кетсек, 14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш... Читать дальше...
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү менен Орусиянын тышкы иштер министри жолугушту.
Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы баш директорун тандоонун тегерегинде кызуу талкуулар күчөдү.