Орус бийлиги энелери Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганы үчүн соттолгон 27 баланы алып кетти. 10-февралда 4 жаштан 13 жашка чейинки 27 баланы салган учак Ирактан учуп чыккан. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги ал балдардын "Ислам мамлекети" тобуна кошулуп кеткен аталары ирак армиясы менен жихадчылардын ортосундагы согушта набыт болушканын билдирген. Кремль январь айында Иракта орусиялык 10 жашка чейинки 150, ал эми... Читать дальше...
10-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ярославль, Орел, Казан, Махачкала, Киров, Ростов-на-Дону шаарларында "Ачык Орусия" уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген жүрүштөр өттү. Москва менен Санкт-Петербургда бийлик акция өткөрүүгө уруксат берген эмес, ага карбай жүздөгөн киши чогулду. Орусиянын борборундагы жүрүшкө кремлчил SERB уюмунун мүчөлөрү да келип, акциянын катышуучулары менен жакалаша кетишти. Жыйынтыгында “Тилектештик” уюмунун мүчөсү Михаил Кригер... Читать дальше...
Венесуэладагы дагы бир аскер адамы Рубен Пас Хименес президент Николас Мадуронун бийлигинен баш тартып, парламент төрагасы, өзүн "убактылуу президент" деп жарыялаган Хуан Гуайдо тарапка өткөнүн билдирди. Ал видеокайрылуусунда "Аскерлердин 90 пайызы нааразы" деди. Офицердин айтымында, армияны Николас Мадуронун бийлигин узартуу үчүн колдонуп жатышат. Полковник жана аскер дарыгери Рубен Пас Хименес күч түзүмдөрүн Мадуронун буйруктарын аткарбоого, АКШдан келе жаткан гуманитардык жүк үчүн Колумбия менен чек араны ачууга чакырды. Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттары колдогон Сирия демократиялык күчтөрү ишемби күнү “Ислам мамлекети” террордук тобунун Сириядагы акыркы көзөмөлдөп жаткан аймагына чабуулун баштады. Анда негизги орунду ойногон күрт кошуундары бул чабуулду жихадчыларга каршы Сириянын аймагындагы “акыркы кармаш” деп аташууда. Курт кошуундарына жети жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы аскерий операция жүргүзүп келе жаткан АКШ баштаган коалиция асмандан колдоо көрсөтүп жатат. Сирия демократиялык күчтөрү бул кагылыштарды "оор кармаш" деп атап... Читать дальше...
Спортчунун UFC турниринин алкагындагы алгачкы беттеши Санкт-Петербург шаарында 20-апрелде өтөт.
Узак кышы менен таанылган Нарын өрөөнүндө 1-2 конок үйүн эске албаганда хостел бизнеси жакшы өнүгө элек. Бирок эс алуучу жайларда кызмат көрсөтүүчү үйлөр пайда боло баштады. Мисалы, Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Нурбек Исраилов өз айылынын четиндеги дөңсөөгө эс алуучулар үчүн боз үй тикти.
Кыргызстандын Футбол федерациясы футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен жаңы келишимге кол койду. "4+1" системадагы жаңы келишимге жаңы шайланган федерациянын президенти Канатбек Маматов кол койду. Ага ылайык Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын төрт жыл машыктырып, кийин келишимди узартуу жөнүндө маселе эки тараптуу макулдашуунун негизинде чечилет. Александр Крестинин улуттук кураманы 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна... Читать дальше...
11-февралда түнкүсүн Ыссык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Таласта түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...
Студент, "Азаттыктын" окурманы Сыймык Марат уулу өлүм-житимдеги чыгашалар тууралуу өзүнүн блогу менен бөлүштү.
Түркия мусулман уйгурларга жасаган мамилеси үчүн Кытайды айыптап, муну "бүткүл адамзатты уяткарган" иш-аракет катары сыпаттады. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксой 9-февралда "Кытай өзүмбилемдик менен чыгыштагы Шинжаң аймагындагы бир миллион уйгурду тарбиялоочу лагерлерге камап салганы баарына белгилүү", деди. Ал уйгур улутундагы азчылык байма-бай кысымга алынып келгенин кошумчалады. Буга чейин БУУнун эксперттери Кытайдагы бир миллионго жакын уйгур жана башка түрк... Читать дальше...
Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен Финансы полициясы Сузак жана Бүргөндү айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз иштер үчүн бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.
Крестинин улуттук курама команданы 2022-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы өтө турчу Азия кубогуна даярдамай болду.
Кыргызстандын туңгуч президенти, март ынклабынан кийин Орусияга качкан Аскар Акаевдин "Санарип экономиканын доорундагы жаңы жолдогу Кыргызстан" («Кыргызстан в эпоху цифровой экономики на новом шелковом пути» - ред.) деген аталыштагы китеби жарык көрдү. Китептин экинчи автору Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева экени да белгилүү. Китептин бет ачарына Москвадагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана диаспора өкүлдөрү чакырылган. Китепте Кыргызстанга алдыдагы 10 жылдын ичинде өнүгүүнүн кандай стратегиясы... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында мөмө жемиштерди жана жашылчаларды сактаган логистикалык борбор иштей баштады. 9-февралда Жалал-Абаддагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү борбордун иши менен таанышып чыгышты. Ар бири 100 тонналык төрт камерадан турган логистикалык борбор “Абил” ЖКЧсы тарабынан курулган. Логистикалык борбордо азыр 15 тонна капуста, 80 тонна картошка жана 40 тонна алма сакталууда. Бул жай өткөн жылы Кытай жана Өзбекстан ишкерлеринин колдоосунун алкагында 110 миң долларга курулган. -... Читать дальше...
9-февраль күнү кечинде Астанадагы эки кабаттуу жатаканада өрт чыгып, бир эле үй-бүлөнүн 2006, 2009, 2012 жана 2013-жылы туулган балдары иске ууланды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жатакананын бөлмөлөрүнүн биринде өрт чыгып, кийим-кече жана эмеректер өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары 10 кишини жана бир баланы өрттөн алып чыккан. Бир үй-бүлөдөн ууланган төрт бала ооруканага жаткырылды. 4-январга караган түнү Астананын Көктал-1 конушундагы үйдү өрт чалып... Читать дальше...
“Ош жылуулук камсыздоо” ишканасында токко урунуп, эки колунан ажыраган электрик төрт айдан бери кенемте ала албай жатат. Өзү "Ош электро" мекемесинде иштеген Замирбек Кыдыров эки ишкана тең ага көңүл бурбай жатканына даттанууда.
Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Таиландда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын медаль утуп алды. Олимпиада оюндарына тандоо алкагында өтүп жаткан квалификациялык "EGAT's Cup-2019" турниринде Расулбеков 102 кг салмак арасында мелдешке чыкты. Ал 157 кг оордукту булкуп көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 202 кг салмакты багындырды. Жыйынтыгында Бакдөөлөт Расулбеков жалпысынан 347 кг оордукту көтөрүп, биринчи орунду алды. Бул турнирде дагы бир кыргызстандык Иззат Артыков 67 кг салмакта мелдешке чыгып, 4-орунду алган. Читать дальше...
Парижде ишемби күнү, 9-февралда "сары кемселчендер" менен полиция кагылышты. Нааразылыкка чыккандардын ичинен бирөө ооруканага жеткирилди. Ал полициянын кулак тундуруучу гранатасынан катуу жабыркаган. Окуя демонстранттар парламенттин аймагына кирүүгө аракеттенип, тосмону ашып түшүп жатканда болгон. Бул тууралуу "Associated Press" кабарлады. Ишембиде Франциянын ар кайсы шаарларынын көчөлөрүнө 12 миңдей "сары кемселчендер" чыккан. "Сары кемселчендер" кыймылы нааразылык акцияларын адатка айлангандай... Читать дальше...
Азиз активист Темирлан Ормуковдун кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, ага колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирген. Маалыматка ылайык, 7-февралда Октябрь райондук соту ага карата кылмыш ишин доогер Дастан Бекешев арызын артка кайтарып алгандыгына байланыштуу токтоткон. Башкы көзөмөл органы “Темирлан Ормуковдун арызы убагында каралбай, ал 12 күн камакта мыйзамсыз кармалган” деп билдирген. Анын ишин Арзыбек Акыев, Качыке Эсенканов жана Каныбек Бокоев кирген соттук коллегия караган. Читать дальше...
Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.
АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея Ким Чен Ындын башкаруусу маалында "ири экономикалык локомотивге" айланарына ишенерин билдирди. Трамп Ким Чен Ын менен Вьетнамдын борбору Ханойдо 27-28-февралда жолугарын дагы бир жолу ырастады. АКШнын Мамлекеттик департаменти 8-февралда тараткан билдирүүдө АКШнын Түндүк Кореядагы атайын өкүлү Ханойдо өтө турган саммит боюнча үч күндүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Стивен Бигун жана анын кореялык кесиптеши Ким Хёк Чхоль өткөн жылдын июнь айында Сингапурда... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочиде 9-февраль күнү жолукту. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Анда Жээнбеков Сочиге Путиндин чакыруусу менен келгени кабарланган. Кремль болсо жолугушуу бейрасмий форматта өткөнүн жазды. Маалыматка ылайык мамлекет башчылар эки тараптуу маселелерди жана 2019-жылдын март айынын аягына белгиленген Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулады. Жолугушууда Владимир Путин төмөнкүлөргө токтолду... Читать дальше...