Орусияда Борис Немцовду эскерүү маршын өткөрүүгө тыюу салынды. Санкт-Петербург шаарынын бийлиги жөө жүрүшкө уруксат бербей койгонун бүгүн 16-февралда “Протест” оппозициялык кыймылы билдирди.
Шаардын борбордук бөлүгүндө жүрүш өткөрүүнүн ордуна ал жерден беш чакырым аралыктагы парктардын биринде акция уюштурса болору айтылды.
Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский бийликтин мындай жообун “мазактоо” деп атады.
Оппозиционер саясатчы Борис Немцовду төрт жыл мурда 27-февралда көчөдөн өлтүрүп кетишкен. Бул үчүн беш адам соттолгон. (RK)