Жээнбеков: Путиндин сапары кыргыз-орус алакасын жаңы деңгээлге көтөрөт
Ачылыш аземине катышып жаткан Орусиянын өкүлдөрүнө кайрылып, президент Жээнбеков чек арадагы коопсуздукту бекемдөөдө жана аскердик-техникалык кызматташууда гана эмес, билим берүү, саламаттык сактоо жана миграция жаатында да Орусиянын жардамын жогору баалай турганын билдирди.
«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлгөн. Ушул эле документтин негизинде 15-январда орус тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автоунаа өткөрүп берген. (KR)