Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Иран Ормуз кысыгында америкалык кемелерди бутага алса аны "жер жүзүнөн жок кыларын" эскертти

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи шейшемби күнү АКШнын кемелерди Ормуз кысыгынан өткөрүү операциясынан майнап чыкпайт деп билдирди.

X социалдык тармагына жарыялаган постунда министр Пакистандын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен сайын "АКШ сазга батырып жаткан карасанатай адамдардан сак болушу керек. Бириккен Араб Эмирликтери да ошондой кылууга тийиш", - деп эскертти.

Ал Ормуз кысыгындагы окуялар саясий кризисти аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин көрсөтүп жатканын кошумчалады.

"Эркиндик долбоору" - бул "Туңгуюк долбоору", - деди Аракчи.

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ дүйшөмбү күнү эртең менен Ормуз кысыгынан өтө албай калган кемелерди коопсуз алып чыгуу үчүн "Эркиндик долбоору" деп аталган операция башталарын жарыялаган жана аны "гуманитардык ишарат" деп сыпаттаган.

Жооп катары Ирандын аскер башчылары каналдан өтүүгө уруксат берилбеген кемелерге сокку уруларын жана кысыкка жакындаган ар бир чет элдик куралдуу күчтөргө каршы катуу чара көрүлөрүн эскертишкен.

4-майда Трамп Иран Ормуз кысыгын ачууну көздөгөн америкалык кемелерди бутага алса өлкөнү "жер жүзүнөн жок кыларын" айткан.

Маалыматтарга ылайык, Ормуз кысыгынан 800дөн ашык кеме жана 20 миңге жакын экипаж мүчөсү өтө албай калган.

Fox News каналына курган маегинде Трамп операцияны “тарыхтагы эң мыкты аскердик маневрлердин бири" деп мактап, Ирандын расмий өкүлдөрү акыркы сүйлөшүүлөрдө "алда канча ийкемдүү" болгонун айтты.

Иран ошондой эле Вашингтондун ирандык алты чакан кайыкты жок кылып, ракеталар менен дрондорду атып түшүргөнү тууралуу айткандарын четке какты.

Куралдуу жаңжалга чейин Ормуз кысыгынан дүйнөлүк базардагы мунай менен газдын 20% жакыны ташылчу.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus