Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жапаров Кыргызстандын Сейшел аралдары менен алакасын талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Президенттик администрация билдиргендей, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканын белгилеп, географиялык алыстыкка карабастан кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жолугушууда инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуу тууралуу сөз болду.

«Туризм тармагын өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагы жана “Учкун” ишканасы менен кызматташууну жолго коюуга өз ара кызыкдарлык белгиленди», - деп айтылат маалыматта.

Барри Фор Кыргызстанга 4-майда келди. Ушул эле күнү аны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Сейшел аралдары ортосунда кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу макулдашылган.

ТИМ Сейшел аралдарынын башкы дипломаты Кыргызстанга алгачкы ирет келгенин, бул визит министр Кулубаевдин чакыруусу менен уюштурулганын белгилеген.

Сейшел аралдары 1976-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алган, карамагында 115 арал бар. Анда 135 миңдей калк жашайт. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus