Tүркмөн жана ооган президенттери өнөктөштүк келишимине кол коюшту
Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, эки лидер өз ара соода, энергетикалык жана маданий байланыштарды талкуулагандан кийин Ашхабадда 21-февралда келишимге кол коюшту.
Маалыматка караганда, Бердымухамедов Түркмөнстан “Талибан” кыймылы менен ооган өкмөтүн тынчтык сүйлөшүүгө бирге отургузууга көмөктөшүүгө дилгир экенин билдирген.
Эки лидердин жолугушуусунда Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (TAPI) газ куурунун курулушунун жүрүшү да талкууланды.
Кабул менен Ашхабаддын ортосунда энергетика жана транспорт тармагандагы кызматташтыкты күчөтүү, анын ичинде Тажикстан аркылуу өткөн Түркмөнстандан Ооганстанга жеткен темир жолду куруу долбоору тууралуу да сөз болду.