Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Канжар Кадыралиевдин ишин караган сотко ишенбестик айтылды

Канжар Кадыралиев менен соттошуп жаткан тарап судьяга ишенбестик билдирди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев кабарлады.


Анын айтымында, буга соттолуучунун бөгөт чарасын “камакка алуу” деп өзгөртүү өтүнүчү кайрадан четке кагылганы себеп болду:


- Мунун бөгөт чарасы – Бишкек шаарынан эч жакка чыкпашы керек. Бирок ал айылга барып, бизди коркутуп-үркүтүп, башка жабыркагандарды тосмо арыз жаздыртып жатат. Биз бүгүн төртүнчү жолу өтүнүч келтирсек, сот аны да четке какты.


Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.


2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.


Кадыралиевге иш козголушуна "куралдуу карактоого кабылды" деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Бирок сот азыркыга чейин чечим чыгара элек.


Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатышат.


Өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан эмес. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus