Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сирия армиясы Идлибде өзбек жоочуларын кармады

Сириянын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы коопсуздук рейди учурунда өзбек жоочуларын кармады. Бул тууралуу Рейтер агенттигине Коопсуздук күчтөрүнүн эки өкүлү билдирди.

Маалыматка караганда, жаңжал Идлиб шаарында ок чыгарууга шектелген өзбек жоочусун кармоо аракети менен башталган. Андан кийин башка куралчан өзбек согушкерлери аны бошотууну талап кылып, өкмөттүк коопсуздук мекемесинин алдында нааразылык акциясына чыгышкан.

Сириянын Ички иштер министрлиги Рейтер агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө дароо жооп берген жок.

Окуя 2011-жылдан кийинки жарандык согуш маалында Сирияга келген чет элдик жихадчыларды өкмөт мамлекеттик көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жаткан маалда болду.

Чет элдик топтордун көбү президент Ахмед аш-Шараа жетектеген топ менен бирге же анын курамында согушкан. Ал топ 2016-жылы “Аль-Каида” уюму менен байланышын үзгөн.

Коопсуздук күчтөрү Идлиб аймагындагы бир нече жерде, анын ичинде Кафрия жана Аль-Фуа шаарларында рейд жүргүзүп, нааразылык акциясына катышкан өзбек жоочуларын кармашканын жергиликтүү тургундар жана расмий өкүлдөр айтышты.

Ошондой эле Идлиб провинциясындагы бул шаарлардын айланасына аскердик күчтөр жана техника жайгаштырылып, айрым жерлерде ок атылганы угулган. Кармалган өзбек жоочуларынын так саны азырынча белгисиз.

Өткөн жылы сириялык коопсуздук булагы Рейтер агенттигине Сирияда үй-бүлөлөрү менен жүргөндөрдү кошкондо болжол менен 1500дөй өзбек жоочусу бар экенин билдирген.

Сирия өкмөтү чет элдик согушкерлердин көбүнүн макамын мыйзамдаштырууга аракет кылып, миңдеген адамдарды жаңы түзүлгөн сириялык армиянын курамына кошууда. Алардын айрымдары жогорку мамлекеттик кызматтарга да дайындалган.

Рейтер өткөн жылы АКШ Сириянын болжол менен 3500 чет элдик согушкерди, негизинен Кытайдан жана коңшу өлкөлөрдөн келген уйгурларды жаңы армия бөлүгүнө интеграциялоо планына колдоо көрсөткөнүн жазган. Вашингтон аларды расмий мамлекеттик түзүмгө кошуу көзөмөлсүз калтыргандан жакшыраак деп эсептейт.

Акыркы бир жыл ичинде Шараа АКШ менен жакын мамиле түзүп, Дамаск ноябрда АКШ баштаган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы коалицияга кошулган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus