Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек мэри оргумалардын жанындагы мажүрүм талдар кыйылбаганын билдирди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы оргумаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат берип, 30 жылдан бери жүрбөгөн оңдоп-түзөө жумуштары алып барылганын билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жаткан иштердин алкагында Ала-Тоо аянтындагы “Күн балыгы”, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Театралдык сквердеги, Уркуя Салиева аянтындагы сквердеги жана Бишкек мэриясынын алдындагы фонтан комплекстери оңдолду.

Мындан сырткары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында, Жаштар аллеясында, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, “Аска-Таш” мемориалдык комплексинде, “Өкмөттүк” жана “Алтын балыктар” оргумаларында реконструкциялоо иштери жүргүзүлөрү маалымдалды.

Мекеменин басма сөз кызматы 7-майда мэр Айбек Жунушалиевдин кыскача видео билдирүүсүн да жарыялады. Анда калаа башчысы оргумаларды куруу маалында мажүрүм талдар кыйылбаганын айтып, 24.kg басылмасы бул жөнүндө туура эмес маалымат таратканын кеп кылды.

Жунушалиев тасмада талдардын ичи куурап калганын көрсөтүп, алар кыйылса туура болмогун, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сын-пикирлерден бул иштерди аткаруу мүмкүн болбой жатканын айтты. Мэр ошол эле маалда талдардын бир бөлүгүнүн ордуна жаңы мажүрүм талдар отургузулганын көрсөтүп, ал жердеги дарактар кыйылган-кыйылбаганын тактаган жок.

Бишкек шаардык мэриясы буга чейин шаардын борбордук бөлүгүндөгү оргумаларды оңдоп баштаганын жарыялаган. Апрелдин башында 24.kg басылмасы Театралдык сквердеги фонтандарды оңдоонун алкагында анын жанындагы мажүрүп талдар кыйылганын белгилеп, сүрөттөрүн жарыялаган. Маалымат коомчулукта талаш-талкууларды жараткан. Жаңыланган оргумалар 29-апрелде ачылды. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus