Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ элчилиги орус абагындагы жаранына кезиктирүүнү талап кылды

Москвадагы АКШнын элчилиги каржылык кылмышка шектүү катары тергөө абагында отурган америкалык ишкер Майкл Калвиге дипломаттарды токтоосуз кезиктирүүнү орус бийлигинен талап кылды.


Калвинин адвокаты Дмитрий Клеточкин америкалык жаранга расмий айып коюлганын бүгүн билдирди.


«Ал суроолорго азырынча жооп бербейт. Ага коюлган айып бүдөмүк жана чаржайыт. Андыктан ал адвокаттары менен кеңешкенден кийин гана суракка макул болот», - деди адвокат. 


Ал Калви өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып жатканын да кошумчалады.


21-февралда Москадагы АКШнын элчилиги тараткан билдирүүдө Калви кармалгандан жети күндөн бери “аны менен кезигүүгө орус бийлиги уруксат бербей жатканы” айтылат. 


«Эки тараптуу Консулдук кызматташтык жөнүндө конвенцияга ылайык, алар төрт күндүн ичинде кармалган кишиге жолугуштурушу керек», - деп белгиленген ал билдирүүдө. «Биз бир нече жолу кайрылганыбызга карабай, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жараныбызга консулдук кызмат көрсөтүүгө жол берген жок. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу камтамачылыгыбызды билдирдик». 


51 жаштагы Майкл Калви 1994-жылы Орусияда «Baring Vostok» инвестициялык фондун негиздеген. Андан бери ал Орусияга ири өлчөмдө инвестиция салган.  


15-февралда Москвада "Baring Vostok" инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Майкл Калви, фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Делпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле “Восточный” банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана “Биринчи коллектордук бюро” ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалды. Алар “Восточный” банкынан 2,5 млрд. рубль уурдап чыгып кетүү боюнча шек саналууда. 


16-февралда Москванын соту америкалык жаранды 13-апрелге чейин камакта калтырды. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus