Орусиядагы "Жоокерлер энелери" комитети аталган уюмдун төрайымы Флера Салиховскаянын "армияда зомбулук жок, аскер Рамил Шамсутдинов сегиз кызматташын компьютер оюндары үчүн атып салган" деген сөздөрүн жокко чыгарды. Уюмдун расмий билдирүүсүндө Салиховская мындан ары төрайым болбой калганы да белгиленген. "Жоокерлер энелери" бул окуяга армиядагы уставга жат мамилелер себеп болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес. Забайкалье крайындагы аскер бөлүктүн жоокери Рамил Шамсутдинов 25-октябрда сегиз кызматташын атып салган. Читать дальше...
Түркмөнстанда 24-октябрдан бери дайын-дареги билинбей жаткан 24 жаштагы дарыгер-кардиолог Касымберди Гараев 6-ноябрда түнүндө үйүнө кайтып келди. Ал өткөн айда кумса экенин, сексуалдык азчылыктын өкүлү болгону үчүн кодуланып жатканын жана зордук-зомбулукка да кабылганын айтып "Азаттыктын" түркмөн кызматына интервью берген. Коопсуздук себептеринен улам алгач анын маеги "Камил" аттуу адамдын атынан жарыялаган. «Азаттыктын» түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү өз булагына таянып, Улуттук коопсуздук... Читать дальше...
6-ноябрда Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Депутат Иманалиев “Лос-Анжелесте элүүдөн ашык өлкөнүн кино дөө-шааларынын башын кошкон Азия кинофестивалы бүгүн өз ишин баштап, аны Садык Шер-Нияз ачып, эл дуу кол чапканына кыргызстандык делегация сыймыктанып отурдук”, – деп жазды. Быйыл бешинчи ирет өтө турган фестиваль режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Читать дальше...
7-8-ноябрдагы "Бабаларды эскерүү күндөрү" кыргызстандыктар, алардын ичинде корейлер да жазыксыз жерден депортацияланган жана набыт болгон бабаларын эскеришет. Тарыхчынын блогу.
АКШнын президенти Дональд Трамп 13-ноябрда Вашингтондо Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат. Бул кездешүү НАТОдогу өнөктөш эки өлкөнүн алака-катышы Анкаранын Сириядагы жортуулунан жана Орусиядан курал-жарак сатып алып жатканын улам чыңалып турган маалга туш келүүдө. Түркиянын президентинин кеңсеси Эрдоганды Трамп Вашингтонго чакырганын ырастады. Мунун алдында Эрдоган Сириядагы соңку жортуулга байланыштуу пикир келишпестиктен улам жана Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын "армян... Читать дальше...
Кыргыз өкмөту 19-ноябрда Москва өтө турган Евразия Экономикалык комиссиясынын жыйынында үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет. Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти журналисттер менен жолугушууда “өлкөдө күчтүү оппозиция бар” деди.
8-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Толуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12; Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот. 8-ноябрда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү температурасы 0…2°, күндүз 6…8° жылуу болот.
Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери кыш келе жатканына байланыштуу Чүй облусундагы жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты. Инспекторлор маршруттук таксилердин бригадирлерине жумушка чыгаар алдында автоунаа жана айдоочу текшерүүгө алынышы шарт экенин айтып, машинанын ичи таза болушу керек деген тапшырма берген. Инспекторлор айдоочулар менен жол эрежеси боюнча маектешип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу эрежелерди айтып беришкен. Читать дальше...
Пакистанда сот 4-ноябрда экс-премьер-министр Наваз Шарифтин кызы, оппозициялык "Пакистан мусулман лигасы" партиясынын лидерлеринин бири Мариям Навазды күрөөгө бошотту.
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 6-ноябрда эр эңиш боюнча V республикалык чемпионат өттү. Мелдешке 60 килограммдан жогорку салмактагы Чүй, Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген 150дөй балбан катышты. Мелдешти Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Эр эңиш федерациясы менен биргеликте уюштурган. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана “Спорттун чебери” ардактуу наам тапшырылды. Байге фонду 250 миң сомду түзүп, аны Каныш-Кыя айыл өкмөтү каржылаган. Эр эңиш боюнча республикалык... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө байланыштуу журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоо кайрылуусунда журналисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгилеген. - Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм, – деди Жээнбеков. Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик... Читать дальше...
Кыргызстандын футбол федерациясы 14-ноябрга белгиленген Кыргызстан-Жапония таймашына билет сата баштады. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. 4-ноябрда Эл аралык футбол федерациясы Кыргызстан-Мьянма беттешинде күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгып коомдук тартипти бузгандыгына байланыштуу маселени карамак. Бирок, ФИФАнын жыйыны белгисиз мөөнөткө жылып кеткен. Мындан улам Кыргызстандын футбол федерациясы 7-ноябрдан баштап алдыдагы оюнга билет сата баштоону чечти. Буга чейин федерациянын... Читать дальше...
Иран Фордодогу өзөктүк заводундагы центрифугаларга газ бере баштады. Анын артынан уран байытууга киришмекчи. Муну менен өлкө 2015-жылкы эл аралык келишимде өзүнө алган дагы бир милдеттенмеден баш тартты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Анда президент кыргыз орто кылымдарда улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечиргенин белгилеп, Үркүн, Октябрь революциясын башынан кечиргенин эске салган. “Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук... Читать дальше...
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.
Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн. Бирок, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган. Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча... Читать дальше...
Акыркы эки күндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында аскердик милдетин өтөп жаткан эки жоокер каза тапты.
Балдары Сирияга кетип калган кыргызстандык энелер жана алардын туугандары “Азаттык” радиосу аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты. Алар адашкан балдарын, неберелерин жана туугандарын аман-эсен мекенге алып келип берүүнү өтүнүп жатышат. Мамлекет башчыга үмүт арткандардын айтымында, уул-кыздары, туугандары Сириядагы баш калкалоочу лагерлерде оор-шартта күн кечиришүүдө. Телефондон байланышка чыгып, мамлекеттен жардам күтүп жатканын билдиришкен. 2013-2014-жылдан бери... Читать дальше...
Балдары Сирияга кетип калган кыргызстандык энелер жана алардын туугандары “Азаттык” аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты. Алар жакындарын Сириядагы лагерлерде экенин билдиришти.
Дүйнө биринчилиги 8-9-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт. Анда өлкө намысын 28 эркек жана жалгыз кыз коргомокчу.
Казакстанда жыл башынан бери социалдык түйүндөрдө экстремисттик мазмундагы 13 миңден ашык баракча жабылды. Бул тууралуу 6-ноябрда Нур-Султандагы дин таануучулардын форумунда маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди. – 2019-жылдын башынан бери интернет-ресурстардын ээлери менен жетекчилерине сунуш айтылып, мыйзамга каршы келген 25 миңден ашуун материал өчүртүлгөн. Терроризм жана диний экстремизм идеологиясын үгүттөгөн 13 миңден ашуун материалга бөгөт коюлган, – деди Абаев. Казакстан... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кылмыш кодекси менен Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Ага ылайык, Өзбекстанда жүрүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок кишилер үчүн айып пулдун көлөмү 10 эсе төмөндөтүлдү. Буга чейин Өзбекстанда жүрүү тартибин бузгандар 67 доллар айып пул төлөп, экинчи жолу бузгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылчу. Өзбекстанда туристтер үч күн ичинде жергиликтүү милиция бөлүмүндө катталышы керек. Читать дальше...
Түркия "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин жубайларынын бирин кармады. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган жума күнү Анкарадагы университетте сүйлөгөндө айтты. Бирок толук маалымат берген жок. Ал-Багдадинин канча аялы бар экени так эмес. AP агенттиги төрт, "Reuters" агенттиги үч аялы бар экенин булактарына таянып жазышкан. 26-октябрда аль-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген. Түрк аскерлери 4-ноябрда анын эжесин кармашкан.
Германиянын "Lufthansa" авиакомпаниясы учкучтардын жана борт коштоочулардын нааразылыгынан улам 1300 каттамды токтотту. Мунун айынан 180 миң жүргүнчү орто жолдо калды. Кызматкерлер 7-8-ноябрда иш таштай турганы кабарланган. Алар эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыкты көтөрүүнү талап кылышууда. "Lufthansa" компаниясынын Франкфурт-на-Майне аэропортуна жакын баш кеңсесинде 6-ноябрда борт коштоочулар жапырт демонстрацияга чыгышкан. "Lufthansa" жетекчилиги протестти токтотууну юридикалык жагын караштырып... Читать дальше...