Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кылмыш кодекси менен Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.
Ага ылайык, Өзбекстанда жүрүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок кишилер үчүн айып пулдун көлөмү 10 эсе төмөндөтүлдү.
Буга чейин Өзбекстанда жүрүү тартибин бузгандар 67 доллар айып пул төлөп, экинчи жолу бузгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылчу.
Өзбекстанда туристтер үч күн ичинде жергиликтүү милиция бөлүмүндө катталышы керек.
Былтыр жай айынан бери Өзбекстанга бир айга чейинки мөөнөткө келгендер үчүн эреже бираз жеңилдетилген. Алар электрондук түрдө "Emehmon" каналы аркылуу каттоого туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Бирок бул өлкөгө узак мөөнөткө келгендер үчүн мурдагыдай эле көптөгөн документтер талап кыланат.