Орусиядагы "Жоокерлер энелери" комитети аталган уюмдун төрайымы Флера Салиховскаянын "армияда зомбулук жок, аскер Рамил Шамсутдинов сегиз кызматташын компьютер оюндары үчүн атып салган" деген сөздөрүн жокко чыгарды. Уюмдун расмий билдирүүсүндө Салиховская мындан ары төрайым болбой калганы да белгиленген. "Жоокерлер энелери" бул окуяга армиядагы уставга жат мамилелер себеп болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.
Забайкалье крайындагы аскер бөлүктүн жоокери Рамил Шамсутдинов 25-октябрда сегиз кызматташын атып салган. Коргоо министрлиги жоокер ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган. Жоокердин атасы аскер жетекчилерин армиядагы "чоңсунган зомбулук" көрүнүшүн жашырып жатат деп күнөөлөгөн. Айрым маалымат каражаттары жоокер армиядагы кордукка чыдабай, колуна мылтык тийгенде кызматташтарын атып салганын жазып чыгышкан.
Рамил Шамсутдинов 28-октябрда камакка алынган. Ушул тушта интернетте жоокерди бошотууга чакырган петиция башталды жана аны миңдеген адамдар колдоп жатат.