АКШнын президенти Дональд Трамп 13-ноябрда Вашингтондо Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат. Бул кездешүү НАТОдогу өнөктөш эки өлкөнүн алака-катышы Анкаранын Сириядагы жортуулунан жана Орусиядан курал-жарак сатып алып жатканын улам чыңалып турган маалга туш келүүдө.
Түркиянын президентинин кеңсеси Эрдоганды Трамп Вашингтонго чакырганын ырастады. Мунун алдында Эрдоган Сириядагы соңку жортуулга байланыштуу пикир келишпестиктен улам жана Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын "армян геноцидин" тааныганы үчүн АКШдагы сапарынан баш тартышы ыктымалдыгын эскерткен.
Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасына Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирип, баарлашууну "өтө жакшы" деп баалады жана түрк кесиптешин "чыдамсыздык менен" күтүп жатканын жазды. Ал телефондон түрк кесиптеши менен Сирия-Түркия чек арасындагы соңку жагдайды, террорчулукка каршы күрөш, күрд кошуундарына каршы жортуулду токтотуу жана башка бир топ маселелер тууралуу пикир алышканын белгиледи.
Түркия менен анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына жортуулду 9-октябрда баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасына чектеш аймакта «коопсуз аймак түзүү», ал жерди өзүн террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.
17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон.
Андан кийин Эрдоган орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Сочи шаарындагы кездешкенде Анкаранын Сириядагы операциясына байланыштуу меморандумга кол коюшкан. Анда ок атууну 150 саатка убактылуу токтотуу, бул убакыт аралыгында күрт кошуундары Сириядагы Түркия "коопсуз аймак" деп белгилеп алган жерден чыгып кетиши керектиги жазылган.
Түрк бийлигинин аскердик операциясын АКШдан сырткары Европа Биримдиги жана Араб өлкөлөрүнүн лигасы айыптаган.