Казакстанда жыл башынан бери социалдык түйүндөрдө экстремисттик мазмундагы 13 миңден ашык баракча жабылды. Бул тууралуу 6-ноябрда Нур-Султандагы дин таануучулардын форумунда маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.
– 2019-жылдын башынан бери интернет-ресурстардын ээлери менен жетекчилерине сунуш айтылып, мыйзамга каршы келген 25 миңден ашуун материал өчүртүлгөн. Терроризм жана диний экстремизм идеологиясын үгүттөгөн 13 миңден ашуун материалга бөгөт коюлган, – деди Абаев.
Казакстан бийлиги жыл сайын Интернетте экстремизмге үгүттөгөн сайттар менен баракчалар жабылып жатканын кабарлаганы менен алардын тизмесин жарыялабайт. Алардын арасында "бийликке жакпаган сайттар дагы болушу ыктымал",- деп кооптонгон укук коргоочулар бул процедура ачык болушу керек деп эсептешет.