Түркия "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин жубайларынын бирин кармады. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган жума күнү Анкарадагы университетте сүйлөгөндө айтты. Бирок толук маалымат берген жок.
Ал-Багдадинин канча аялы бар экени так эмес. AP агенттиги төрт, "Reuters" агенттиги үч аялы бар экенин булактарына таянып жазышкан.
26-октябрда аль-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген. Түрк аскерлери 4-ноябрда анын эжесин кармашкан.