Кыргызстандын футбол федерациясы 14-ноябрга белгиленген Кыргызстан-Жапония таймашына билет сата баштады. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
4-ноябрда Эл аралык футбол федерациясы Кыргызстан-Мьянма беттешинде күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгып коомдук тартипти бузгандыгына байланыштуу маселени карамак. Бирок, ФИФАнын жыйыны белгисиз мөөнөткө жылып кеткен. Мындан улам Кыргызстандын футбол федерациясы 7-ноябрдан баштап алдыдагы оюнга билет сата баштоону чечти.
Буга чейин федерациянын ФИФАнын дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатканы айтылган. 10-октябрда Кыргызстан жана Мьянма курама командаларынын Бишкекте өткөн беттешинде жергиликтүү күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан. Футбол федерациясы күйөрмандын бул кылыгы үчүн акчалай айып салынып же алдыдагы беттештер күйөрмансыз өтүшү мүмкүн экенин билдирген.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандык футболчулар 14-ноябрда Жапония, 19-ноябрда Тажикстан менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0-1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7- 0, Монголияны 2-1 эсебинде уткан. (TSh)