Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 6-ноябрда эр эңиш боюнча V республикалык чемпионат өттү.
Мелдешке 60 килограммдан жогорку салмактагы Чүй, Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген 150дөй балбан катышты. Мелдешти Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Эр эңиш федерациясы менен биргеликте уюштурган.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана “Спорттун чебери” ардактуу наам тапшырылды. Байге фонду 250 миң сомду түзүп, аны Каныш-Кыя айыл өкмөтү каржылаган.
Эр эңиш боюнча республикалык чемпионат алыскы район катары Чаткалда алгачкы жолу уюштурулду. (RsK)