10-июнда саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырды. "Тарагыла, мен үйдөн келдим. Баарыңар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Муунум бошоп, көзүмө жаш келип турат. Сиздер менен биргемин. Кармалгандардын баары чыкты. Бардыгы жакшы. Эч ким эч жерде калган жок", - деген акындын сөздөрүнөн кийин топтолгондор акырындан тарай башташты. Департамент алдына чогулгандардын айрымдары: "Казакстан бир кадам алдыга жылды. Читать дальше...
Малинин борбордук бөлүгүндөгү негизинен догон этностук тобу отурукташкан кыштакка жасалган чабуулдан жүзгө чукул адам набыт болду. Айыл дээрлик жер менен жексен болгонун Малинин коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү билдирди. Анын айтымында кол салгандар жергиликтүүлөрдү аткылап, үйлөрүн өрттөп жиберишкен. Бул аймакта негизинен аң улоо менен алектенип, теңирчиликти карманган догондор жана фульбе-мусулмандарынын ортосунда кагылышуулар көп катталат. Ушул жылдын март айында Фулани айылынын 100дөй тургуну өлтүрүлгөн. Читать дальше...
500 просмотров всего, 500 просмотров сегодня
10-июнда Алматыда жүздөн ашуун адам акын Ринат Зайитовду издеп барып, шаардык полиция департаментинин алдына топтолду. Алар "Зайитовду бошотмоюнча таркабай турганын" айтышууда. Ырчы Нурлан Албан "бул нааразылык акциясы көтөрүлүш эмес, кармалган бир тууганыбызды сурай турган, издей турган адамдар бар экенин көрсөтүү" - деп чогулгандардын себебин түшүндүрдү. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушту. - Ичип алган жаштар ар кандай кылмышка барбасын деп турабыз. Читать дальше...
Пакистандын мурдагы президенти Асиф Али Зардари коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Аны 10-июнда резиденциясында Коррупцияга каршы агенттик кармаганы белгилүү болду. Зардари менен кошо анын карындашы Фарьял Талпур да айыпталып жатат. Тергөөнүн версиясына караганда мурдагы президент карындашы экөө бир миллион долларга жакын акчаны жеке банк эсептерине которуп кетишкен. Зардари менен Талпур мындай айыпты четке кагып жатышат. Имран Хан өкмөт башчылыкка киришкенден бери коррупцияга айыпталып бир нече саясатчы камалган. Читать дальше...
9-июнда өткөн шайлоодо добуштардын 70 пайыздайын алган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дүйшөмбүдө Акордодо өткөн басма сөз жыйынында шайлоо күнү социалдык тармактардын блоктолгону тууралуу "кабары болбогонун" билдирди. "Мен соцтармактардын активдүү колдонуучусумун. "Твиттердеги" баракчамды өзүм көзөмөлдөйм. Ачыгын айтканда, социалдык тармактар блоктолгону жөнүндө такыр кабарым жок болчу. Бирок, албетте укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилет". 9-июнда казакстандыктар... Читать дальше...
Сырт келбетиңизге байланыштуу дискриминацияга же шылдыңга кабылган учурлар болду беле? Эмнеге кыздар дене түзүлүшүнө карата басымга көп кабылат? "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу боди-позитив, сырт келбетине карап сын тагуу тууралуу баарлаштык.
Чеченстандын Шали шаардык соту дүйшөмбүдө укук коргоочу Оюб Титиевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу чечимин кабыл алды. Чечим он күндүн кийин күчүнө кирет. "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы бөлүмүнүн 61 жаштагы башчысы Титиев 2018-жылдын башында автоунаасында баңгизат табылганына байланыштуу камалган. Титиев өзү жана укук коргоочулар баңгизат анын машинесине атайлап ташталганын айтып чыгышкан. Быйыл мартта Шали шаардык соту Титиевди баңгизатты мыйзамсыз сактаганы үчүн айыптуу деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Читать дальше...
Айрым саясат талдоочулар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн ишембиде митингде сүйлөгөн сөзүн «коргонуу үчүн чабуул коюу тактикасы» катары мүнөздөштү.
Кыргызстандык спортчу Шевченконун америкалык атаандашы Жессика Ай менен UFC 238 турниринин алкагындагы беттеши нокаут менен аяктаган.
Орусияда иликтөөчү журналист Иван Голуновдун баңгизат сатууга байланыштуу айып менен кармалышы журналисттик коомчулукту козгоду.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Ата райондук ИИБ менен бирге үч эркек менен бир кыздан турган, чет элдиктерди карактаган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 2019-жылдын май айынан баштап азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарына карата каракчылык кылып, тоногон бир нече фактылар катталган. Кармалгандардын баары мурда «Ээнбаштык» же «Уурулук» беренелери менен соттолгону белгилүү. Читать дальше...
Казакстанда кезексиз өткөн президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетти.
“Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышына кирген баяндар: дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттыктын” жаңы китеби акысыз таратылат. Айылдагы үйүн киномузейге айланткан режиссёр Актан Арым Кубат. Карылар жана майыптар үйүндө өмүргө жөлөк болчу түгөй таап, бирге түтүн булаткандар. Музыка менен актёрлукту бирдей багындырган оштук артист Илхом Ахмад.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотту. Тиешелүү буйрукка Абылгазиев бүгүн, 10-июнда кол койду. Буга чейин, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган. 6-июнда... Читать дальше...
Саясий кризис курчуп жаткан Молдовада дүйшөмбүдө эки өкмөт өз алдынча жыйындарды өткөрүштү. Конституциялык сот убактылуу президент катары дайындаган Павел Филиптин өкмөтү жана парламенттеги коалициялык көпчүлүк шайлаган премьер-министр Майя Сандунун өкмөтү бири-биринин мыйзамдуулугун таанышпайт. Сандунун өкмөтү орусиячыл социалисттер менен Евробиримдикке ыктаган АСUM партиясынын коалициясы тарабынан түзүлгөн. Саясий оппоненттер ишкер Владимир Плахотнюктун Демократиялык партиясына каршы туруш үчүн 8-июнда биригишкен. Читать дальше...
Кыргызстанда аралыгы 1700 чакырымды камтыган тоо веломарафону өтөт. Бул тууралуу «Silk Road Mountain Race» компаниясынын башкы директору Нелсон Тристин «Азаттыкка» билдирди. Тоо веломарафону 17-августта Бишкекке жакын жерде башталып, 31-августта Чолпон-Атада жыйынтыкталат. Веложарыштын катышуучулары Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын аралап өтүшөт. - Бул жылы баары болуп 27 өлкөдөн 148 киши катышуусу күтүлүүдө. Алар велосипед менен 1700 чакырым жолду басып өтүшү керек. Кыргызстандан беш спортчу катышканы турат, - деди Нелсон Тристин. Читать дальше...
Москванын Замоскворецк райондук соту Коми Республикасынын мурдагы башчысы Вячеслав Гайзерди 11 жылга эркинен ажыратып, 160 миллион рубль айыпка жыкты. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү үчүн күнөөлүү деп табылды. Коми Республикасынын мурдагы башчысы 2015-жылдын күзүндө кармалып, эки жумадан кийин президент Владимир Путин аны «ишенимди жоготконуна байланыштуу» кызматтан алган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Гайзер бир нече жогорку даражалуу аткаминер менен бирге мамлекеттин үч миллиарддай рублин кымырып алган кылмыштуу топко кирген. Читать дальше...
Казакстанда утурумдук мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоодо жеңгени кабарланды. Добуш берүү адилет өткөн жок дегендер шайлоонун эртеси да Алматыда нааразылыкка чыгышты. Молдовада Конституциялык сот президент Игорь Додонду кызматынан убактылуу четтетти.
Гонконгдун жүз миңдеген тургуну жекшембиде Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыкты. Учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, ал адамдарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого жол ачат.
ММА же сегиз бурчтукта бардык ыкмаларды колдонууга уруксат берилген аралаш мушташ спорттун популярдуу түрүнө айланды. Кыргызстанда дагы эр уруштун сүйүүчүлөрү күн санап өсүүдө. Балбандар Олимпиададан байге алууну эңсесе, мушкерлер UFC уюмуна барууну самайт. Эмнеге?
Казакстанда кезексиз өткөн президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетти. Экинчи келген оппозициячыл маанайдагы талапкер Амиржан Косанов шайлоо жыйынтыгын тааный турганын жарыялап, өлкөдөгү нааразылык акцияларын өткөрүүнү колдобой турганын айтып чыкты.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу «Азаттыктын» иликтөөлөрү боюнча эки ишти териштирип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди. Бирок ал иликтөөнүн жүрүшү, ушул кезге чейин кандай маалыматтар ачыкка чыкканы тууралуу эч нерсе айткан жок: - Тергөөнүн купуялуулугу үчүн маалымат бере албайм. Иликтөө иштери жүрүп жатат жана ал азырынча жарыяланбайт. Читать дальше...
2010-жылдагы жүздөгөн кишинин көз жашын төккөн июнь коогалаңынан бери тогуз жыл өттү.
Италиядагы БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын басма сөз катчысы Жер Ортолук деңизинде качкындарга жардам көрсөтүүчү куткаруучу кемелер жайгаштырылбаса, Жер ортолук деңизи «кандуу деңизге» айланышы мүмкүн деп эскертүү берди.