Бүгүн Орусиянын Сергиев Посад шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган эл аралык көкбөрү боюнча турнир өтөт. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Москва шаарынан төрт команда катышат. Бул турнир Сергиев Посад шаарында “Орус дүйнөсү” фестивалынын алкагында өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн буга чейин Кыргызстандан “Атуул” командасы жөнөп кеткен. Кыргызстандык көкбөрүчүлөр турнирге катышуу үчүн Бишкектен өз аргымактарын ала кеткен. “Атуул” командасы славян улутундагы көкбөрүчүлөрдөн түзүлгөн кыргызстандык команда. Читать дальше...
Германиялык "Bild" басылмасы түркиялык "Бешикташ" футбол клубунун U-16 командасынын оюнчулары 4-июнда Грециянын Родос аралында "The Cup of Rhodes Knights" мелдешине барган учурда мейманканага сойкуларды чакырганын жазды. "Бешикташ" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Фарук Шахин "Азатыкка" сүйлөп жатып, бул маалыматты төгүндөдү. "Медиада чыккан кабарлар туура эмес. Болгону мейманканада эс алган кыздар менен дос болушкан. Басылманын "сойкуларды чакырды" деген маалыматы толугу менен жалган. Кыргызстандык... Читать дальше...
11-июнда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойноп жатат. Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.
11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстанга таандык голдорду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди. Биринчи таймда 1:0 эсеби менен Кыргызстан алдыга чыккан. Экинчи таймда Бекжан Сагынбаев гол киргизип, бирок көп өтпөй Палестина курама командасы эсепти 2:1 кылууга жетишти. Оюн бүтөрүнө саналуу секунда калганда палестиналыктар пенальтиде гол киргизип, эсепти теңеп кетти. Читать дальше...
Бул Кыргызстандын курама командасынын 2019-жылдан берки, тагыраагы, Азия кубогундагы 1/8 финалга чыккандан берки алгачкы оюну.
Мындан бир ай мурун Оштогу «Делюкс» мейманканасында жайгашкан казинонун бетин ачып, канча акча уттурганынан бери айтып берген Темурлан Алиев өз жанын кыйды.
Чернобыль атомдук станциясында мындан 33 жыл мурун болгон апаат тууралуу баяндаган сериал чыккандан бери ал жакка барууну каалаган туристтер 30-40 пайызга көбөйдү.
Орусияда камалган журналистти өлкөнүн тарыхында биринчи жолу белгилүү адамдар, басылмалар колдоп чыгышты. Украинада Чернобыль шаарын көрүүгө кызыккан туристтер быйыл өзгөчө көп. Бугу фермасын туристтик чарбага айландыргысы келген казакстандык ишкер. Кичинекей Леванын “жердин түбүндөгү” мейманканасы – майып баласынын кыялын орундатып берген үй-бүлөнүн баяны.
Казакстандагы "Адам укуктары үчүн хартиясы" фондунун аткаруучу директору Жемис Турмагамбетов менен Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча эл аралык бюронун Казакстандагы жетекчиси Евгений Жовтис соңку камоого байланыштуу билдирүү таратты. Анда шайлоого нааразы болуп көчөгө чыккан жүздөгөн адамды кармоо мыйзам бузуу менен коштолгону, негизсиз жазага тартылганы, укук коргоо органдары камалгандардын жакындарына тиешелүү маалыматтарды убагында бербегени айтылат. Ошондуктан "9-10-июнь күндөрү... Читать дальше...
Москвада үй камагында отурган журналист бошотулуп, кылмыш иши жабылмай болду.
Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуга каршы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишин милиция териштирип жатат.
Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев 11-июнда билдирди. Ал мындай чечим журналисттин күнөөсү далилденбегенине байланыштуу кабыл алынганын жана ал үй камагынан бошотуларын айтты. «Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Голунов баңгизат сатууга байланыштуу шек саналып жаткан. Ал 6-июнда Москва шаарында камакка алынган жана полиция анын жанынан жана үйүнөн баңгизат табылганын билдирген. Журналист жана анын адвокаты баңгизатты атайлап салып кетишкенин, кармоо, тинтүү мыйзам бузуу менен коштолгонун... Читать дальше...
Кыргызстандын футболчусу Турсунали Рустамов 31-мүнөттө Палестинанын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты. Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойноп жатат. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, кечки саат 20:00дө башталды. Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши. Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара 5 жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап... Читать дальше...
Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойноп жатат. Азырынча эсеп ачыла элек. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, кечки саат 20:00дө башталды. Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши. Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара 5 жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 11-июнда айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыз квотаны сактоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Долбоор эми парламенттин жалпы талкуусуна коюлуп, үчүнчү окууда кабыл алынышы керек. Аялдарга атайын чек менен депутаттык орунду камсыздоого коомчулук кандай карайт? “Азаттыктын” бул суроосуна Бишкектин тургундары түрдүү жооп узатышты.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага психологиялык басым болуп жатканын четке кагып, «Азаттыкка» ал кармалган корпуста камералар орнотулганын билдирди: - Эмне себептен адвокаты андай билдирүү таратып жатканын билбейм. Адвокаты, депутаттар келип жатат. Кыйноонун алдын алуу борборунун, Акыйкатчынын, атайын прокуратуранын өкүлдөрү келип жатат. Эгер ошондой эле кысым болуп жатса аларга айтмак. «Эч кандай доом жок» деп өзү деле айтып жатат. Читать дальше...
Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында шайлоого нааразылык билдирип чыккан 700дөй киши кармалып, айрымдары башка облустарга жеткирилди. Орусияда түрмөдө отурган укук коргоочу Оюб Титиев шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуп, эркиндикке чыкмай болду. Канада океандарды таштандыдан коргоо максатында 2021-жылга чейин бир жолу пайдаланчу желим буюмдарга тыюу салганы жатат.
Европа келишимдерин аткарышы керек.
Биринчи май райондук соту Юстиция министрлигине Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) каттоо документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салып, андай укук КСДПнын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берилгенин кабарлады. Соттун аныктамасында Сагынбек Абдрахманов 2019-жылдын 3-апрелинде КСДПнын XVIII курултайынын негизинде мыйзамдуу төрага болуп шайланганы айтылат. Ал эми Алмазбек Атамбаев баштаган 6-апрелде өткөн курултай мыйзамсыз деп табылган. КСДПнын лидери катары расмий катталган... Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы жоопко тартыш үчүн парламенттин макулдугу керек экенин билдирди.
Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын коюп жатышат. Опера Кытайда жалпысынан тогуз жолу коюлган. Буга чейин 2018-жылы 4-5-январда Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясында «Манас» эпосунун кытай тилиндеги операсы коюлган. Опера Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылып, Кытайдын Маданият министрлигинин жана Улуттук опера институтунун көмөгү менен коюлган. «Манас» операсынын... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-июнда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши каралды. Адвокат Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» билдиргендей, сотто прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана ага 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну сурады. Жараянда тараптардын жарыш сөзү болду. Кийинки териштирүүдө айыпталуучуга акыркы сөз берилет. - Келээрки жараян 19-июнга белгиленди. Конгантиев акыркы сөз айткандан кийин сот чечими чыгат. Азыр айыпталуучунун акыркы сөзү эле калды... Читать дальше...
Бул маалыматты Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10-июнда Стамбул шаарынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди. - Былтыр Стамбул шаарынан мыйзамсыз жашаган чет өлкөлүк 4500 жаранды депортациялаганбыз. Быйыл 13 миң, ал эми жыл аягына чейин Стамбул шаарынан эле 50 миңден ашык чет өлкөлүктү чыгарабыз. Бардыгы биздин мыйзамдарга баш ийиши керек. Кайсы өлкөдөн келсе да Түркиянын коомдук тартибин бузууга укугу жок. Биз буга жол бербейбиз, - деди министр. Министр Сулейман Сойлу алты ай... Читать дальше...
Ош шаардык соту 7-июнда чатакка аралашкан кызды үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов «Азаттыкка» 11-июнда билдирди. Анын айтымында, сот чечим чыгарууда кыздын жаштыгын, мурда соттолбогонун жана туруктуу жашаган жери бар экендигин эске алган. Осмонкуловдун сөзүнө караганда сот чечимине нааразы тарап болгон жок. 5-июнь күнү Ош шаарында 16-23 жаштагы сегиз кыздын катышуусунда чатак чыккан. Анда бир кыз үч кызды бычак менен сайып, милицияга түшкөн. Читать дальше...