Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылды. Өткөн жумада ал кызматынан алынып, кылмыш иши козголгону маалым болгон.
Европа Биримдиги Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүшүнө кызыгат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атайын өкүлү Петер Буриан «Азаттыктагы» маегинде билдирди.
Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапты. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жашитов 25-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жарыялады.
Армениянын Апелляциялык соту мурдагы президент Роберт Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Еравандагы сот аны 18-майда үй камагына чыгарган. Сотто Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурдагы башчылары 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып беришкен. Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, ири суммада пара алган» деп айыпталып жатат. Экс-президент Арменияда нааразылык акциясына чыккандардын кууп таратылышы боюнча күнөөлөнүүдө. Читать дальше...
Орусиянын Москва шаардык соту 25-июнда Польшанын 42 жаштагы жараны Мариан Радзаевскини тыңчылык боюнча күнөөлүү деп тапты жана 14 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Радзаевски былтыр апрель айында камакка алынган. Айыптоо материалдарына ылайык, ал Орусияда мамлекеттик сыр деп эсептелген маалыматтарды топтоп, чет өлкөлөргө сатууну көздөп жүргөн. Орусиянын коопсуздук кызматы Радзаевски С-300 зениттик-ракеталык комплекстеринин жашыруун жабдууларын Польшага алып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Читать дальше...
Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жан тумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн сюрреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө багылып жаткан балдардын 90 пайызы тирүүлөй жетим болуп саналышат. Бул тууралуу 25-июнда Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган улуттук Бишкек форумунда айтылды. Форумда балдарды үй-бүлөлөрдө багуу башкы артыкчылыктуу багыт катары белгиленип, өкмөт ушул маселеге маани бериши керектиги белгиленди. Улуттук форумга президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик ишмерлер... Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма берген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 25-июнда ЖК комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр, Батукаевдин иши боюнча тергөө абагында отурган Шамил Атаханов көрсөтмө берген. - Экс-президент Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси, "мыйзамдагы ууру" деген каймана атка ээ экенине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч... Читать дальше...
АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге жаңы санкция салды. Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан экинчи адам каза тапты. Сириянын согуш аймактарындагы кыргыз атуулдары жасалма документтер менен Кыргызстанга кайтууга аракет кылып жатканы белгилүү болду.
Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому табылды. Келишимге ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 1-августтан тартып бериле башташы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Бир бланктын баасы 192 сомду түзөт. Бул экинчи компания сунуш кылган баадан дээрлик төрт эсе арзан. Буга чейин айдоочулук күбөлүк үчүн бланктар 10 евродон сатылып алынса, азыр улуттук валютада сатылмакчы. Ушул жылдын башында өзгөрүп... Читать дальше...
Казакстандын түштүгүндө аскердик кампадагы жарылуудан жарадар болгон сексенден ашуун киши ооруканада, эки адам каза болгону расмий кабарланды.
Австриянын Жогорку соту украиналык олигарх Дмитрий Фирташты АКШга экстрадициялоо тууралуу чечим кабыл алды. Экстрадициялоого эми Юстиция министрлигинин да макулдугу керек. Австриянын бийлиги Фирташты 2014-жылы АКШнын өтүнүчү менен камакка алган. Ал курамында титаны бар кенди иштетүүгө лицензия алуу максатында индиялык аткаминерлерге пара берген деп айыпталып жатат. Олигархтын адвокаттары болсо Индиядагы кылмышты иликтөөгө АКШнын юридикалык укугу жок деп эсептешет. Ишкер негизги байлыгын газ... Читать дальше...
Түркия президенти Орусиядан С-400 системасы кийинки айда өлкөгө келээрин кабарлады.
Кытай аймактагы коопсуздуктун жалгыз гаранты болгусу келет. Мигранттар Орусияда бекер юридикалык тейлөө кызматын ачышты. Тажикстанда абанын булганышын өлчөгөн жабдык орнотулду. Өзбекстан Сириядан 156 жаранын алып келди.
Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында анын тарапкерлеринин штабы түзүлдү. Бул тууралуу Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда экс-президенттин үйүнүн жанындагы көчө боюнда бир нече боз үй тигилип, эл топтолуп жатат. Турдукулов штаб «мыйзамсыздыкка» каршы түзүлгөнүн кошумчалады. Мындай кадамга Башкы прокуратуранын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык... Читать дальше...
Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте «Мигрант үнү» деген тынчтык акциясын өткөрүштү. Алар миграция көйгөйүн чечүү жолдорун бийликке сунушташты. Миграциялык улуттук концепция түзүлбөсө, өлкөнүн келечеги бүдөмүк деген ойлорун ортого салды. Акцияны "Замандаш" Ассоциациясы уюштурду.
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 26-июнда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 18…23; Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35; Баткенде түнкүсүн 15…20, күңдүз 31…36; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20... Читать дальше...
Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абийирин жана кадыр-баркын коргоо боюнча «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага карата жазылган доо арызды кайтарып алды. Муну менен юристтер менен Башкы прокуратуранын ортосундагы соттук териштирүүгө чекит коюлду. Бул тууралуу Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирди. Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент... Читать дальше...
Кытайлык булак таануучу, профессор Хошуд Ценгелдин Кыргызстандагы сапары жана Жети-Өгүз жергесиндеги Тамга-Таштагы бутпарастык жазманы чечмелегени тууралуу тарыхчынын блогу.
Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлиги Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Комитеттин бүгүнкү жыйынында анын фракциялашы Канат Исаев ушундай демилге көтөрдү. Бул комитетти «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жетектейт. Урматбек Самаевдин ысымы буга чейин Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда аталган. Анда чек арада... Читать дальше...
Сирия армиясынын күчтөрү өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү Дамаск жана Эль-Кунейтра провинциясынын чет жакасындагы кыштактарды тазалоо операциясында Израилде өндүрүлгөн көп сандагы миналарды, бомбаларды, ок дарыларды жана жардыргыч курларды табышты.
Украина Европа Биримдигинин Парламенттик Ассамблеясындагы (ЕБПА) ишин токтотууну чечти. Мунун алдында, ассамблеянын 24-июндагы жыйынында Орусиянын уюмга кайра кайтып келишин шарттаган, добуш берүү жана мониторинг жүргүзүү сыяктуу негизги укуктарын кайра калыбына келтирген резолюция кабыл алган. Узакка созулган кызуу талаш-тартыш шартында, чыңалган абалда кабыл алынган документти 118 делегат колдоду, 62си каршы чыкты. Ал эми он киши арсар добуш берди. Добуш берүүдөн кийин украин делегациясынын... Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга, анын ичинде жогорку лидер Аятолла Али Хаменеиге «катаал санкция» салган буйрукка кол койду.
Европанын бир топ аймактарында абанын температурасы кескин көтөрүлдү. Францияда ооруканалар жана социалдык кызматтар ысык аптаптан улам күчөтүлгөн тартипке өткөнүн дүйшөмбү күнү француз президенти Эммануэл Макрон билдирди. Синоптиктердин божомолу боюнча, бул аптада Франциянын чыгыш жана түштүк аймактарында абанын температурасы 40 градустан ашат. 2003-жылы аномалдуу ысык Францияда 15 миңдей адамдын өлүмүнө себепчи болгон. Француз бийлиги мындай кырдаал кайталанбай турганын, медициналык кызматтар даярдыгы жакшы экенин билдирүүдө. Читать дальше...
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Арыстагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жаракат алган 15 адам Чымкент облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын билдирди. Алардын экөө балдар экенин, тогуз адамдын абалы оор болгонун айтты. Биртановдун маалыматына караганда, жалпысынан дарыгерлерге 160тан ашык адам кайрылган, алардын 76сы ооруканага жаткырылган. Жарылууда жарадар болгон эки жаран каза болгону, бири жай тургун экени, анын автоунаасына снаряд тийгени, экинчиси аскер адамы экени маалым болгон. Читать дальше...