Америка Кошмо Штаттары Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы санкция киргизет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп тийиштүү буйрукка кол коёрдун алдында билдирди. Трамптын айтымында, санкциялар Ирандын агрессиялуу иш-аракеттерине, анын ичинде америкалык пилотсуз учактын атып түшүрүлүшүнө жооп болот. АКШнын ырасташынча, Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөн. Трамптын айтымында, санкциялар Хаменеинин жардамчыларына да киргизилет. Дональд Трамп АКШ Иран менен жаңжалды каалабай турганын айтты... Читать дальше...
Айыл чарба министрлигинин ишине айтылган сын-доомат тыйыла элек. Бул жолу фермелер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде министрлик менен дыйкандардын ортосундагы байланыштын жоктугун, дыйкандарды техника менен камсыз кылуу аксап жатканын айтышты.
Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде алынган 133 миллион долларды Өзбекстанга кайтарып бергени жатат. "Алты жылдан бери аягына чыкпай келаткан татаал кылмыш ишин тергөөдө Башкы прокуратура Өзбекстанда иш кылууну каалаган чет өлкөлүк компаниялардан ири суммада акча мыйзамсыз алган схема болгонун аныктады. Ал каражаттар чет өлкөдө, тактап айтканда Швейцарияда адалданган. Ошондуктан камакка алынган каражаттар Өзбекстанга кайтарылат", деп... Читать дальше...
Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сотто чыккан жаңжалда шектүүнүн «токмок жедик» деген жакындары экинчи тарапка каршы милицияга арыз жазышты. Экинчи тарап муну прокурордун өлүмү боюнча сотту создуктуруу аракети деп баалоодо.
Эмне үчүн соңку жылдары өспүрүмдөрдө агрессия күч алды? Балдардагы депрессия ата-энеден көз карандыбы? Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул темада баарлашабыз.
Жайлоодо уюшкан эс алуу лагеринде оюндун кызыгына баткан балдар. Инфраструктурасы талкаланган Кетмен-Төбө шаарчасы. Суусу жок Сары-Өзөн. Иш менен камсыз болгон балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү. Дубалга сүрөт тартып акча тапкан кыздар. Кыргызстандык мигранттар уюштурган Москвадагы театр.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде фермерлер айыл чарба министрлигинин ишин сындап, бул мекемени адискөй эмес жетекчи башкарып жатканын айтышты. Алар дыйкандардын техникасы жок, илгеркидей кол менен иштеп жатышканын билдиришүүдө. Ал эми министрлик экспортту көбөйтүү, кайра иштетүү колго алынарын билдирип, олуттуу реформаларды убада кылып жатат.
Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана ага байланышы бар деген адамдардын банктагы эсептерин текшерүүгө уруксат берди.
Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шокеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн. Президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, президентти вице-премьер-министр Женис Касымбек баштаган өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт. Мунун алдында Токаев коргоо министрине... Читать дальше...
Казакстанда Ички иштер министрлигинин аскердик-тергөө бөлүмү Түркстан облусунун Арыс шаарында 24-июндагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Чымкент шаарындагы №1 ооруканага ар кандай жараат алган 25 адам жеткирилди. Үч адамдын абалы оор. Түркстан облусундагы жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады. Полиция жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Жарылуунун себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.... Читать дальше...
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан ондогон адамдар жаракат алды. Түркиянын Стамбул шаарындагы мэр шайлоодо кайрадан оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу жеңишке жетти. Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова өз элинен кечирим, мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевден ырайым сурады.
Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо оппозициянын талапкери Экрем Имамоглу жеңишке жетти. Байкоочулардын баамында, добуштардын 54 пайызга жакынын алган Имамоглу бул жеңиши менен президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясына чоң сокку урду.
24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, өрт тутанды. Ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.
Грузин парламентиндеги башкаруучу коалиция нааразылык акцияларда айтылган талапка көнүп, парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө макул болду. Ага ылайык, 2020-жылдагы шайлоо пропорционалык система менен өтөт. Тактап айтканда, депутаттар жалаң партиялык тизме менен шайланат жана мындан ары шайлоо босогосу болбойт. Бул тууралуу башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын лидери Бидзина Иванишвили билдирди. Тбилисидеги соңку нааразылык акцияларындагы башкы талаптардын бири - шайлоо системасын өзгөртүү болгон. Читать дальше...
Иран дарыясында аттырылып түшкөн америкалык Global Hawk учагынын сыныктары дале болсо табылууда.
Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги жол кырсыгы тууралуу "Азаттыкка" маалымат берди. Анда "АКШ элчилиги 18-июнда элчиликтин кызматкери катышкан жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган жигитке тынчсыздануу билдирет. Жол кырсыгынан кийин элчиликтин кызматкери автоунаасын жолдун четине токтотуп, дароо эле күч органдары менен кызматташкан" деп айтылат. Ошондой эле элчилик жабыркаган адам менен байланышта экени, ага жардам берилери, жол кырсыгы боюнча маселени чечүү үчүн Кыргызстандын бийлиги менен тыгыз иштеп жатканы кабарланды. Читать дальше...
Саламаттыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган экс-башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянова өпкөсүн дарылатып жатат. Бул тууралуу анын тууганы Чынара Турдалиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер мурдагы башкы прокурорго жүрөк илдетинен тышкары "пневмония" деген диагноз коюшкан. Азыр ал палатага которулуп, медицина кызматкерлери анын өпкөсүн жасалма аппарат менен дарылап жатышат. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин... Читать дальше...
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Ак Үйдүн Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча чечимин сынга алып, Вашингтон атайылап Иран менен тирешүүлөрдү күчөтүп жатат деп билдирди.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Германия менен Польшанын чек арасында кармалган героинге байланыштуу Бишкектеги «Элит Шоко» фирмасында тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» билдирип, тинтүүнүн чоо-жайы тууралуу башка маалымат жок экенин кошумчалады. Анын айтымында, өткөн аптада «Элит Шоко» кондитердик цехинин жетекчиси Аида Жолдошева Тергөө кызматына суракка чакырылып, андан кийин ишканада тинтүү жүргөн. Тергөө Германияда... Читать дальше...
Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сотто чыккан жаңжалда шектүүнүн «токмок жедик» деген жакындары экинчи тарапка каршы милицияга арыз жазышты. 17-июндагы сот отурумунда жаңжал чыккан. Анда шектүүнүн жакындарынын бири Гүлсара Абдрашитова маркум прокурордун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов өзүн урганын айтып, Ош шаардык милициясына кайрылган. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Абсаттар Табакалов «Азаттыкка» ырастады: - Арыз боюнча иш бирдиктүү... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министринин саясий иштер боюнча орун басары европалыктардын саясий эрктери жоктугунан өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерине бекем тура алышпады деп билдирди.
Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча өтүп жаткан сотто мушташ чыгып, шектүүнүн “токмок жедик” деген жакындары экинчи тараптын үстүнөн милицияга даттанышты. Экинчи тарап муну прокурордун өлүмү боюнча сотту создуктуруу аракети деп баалоодо.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 24-июнда Сауд Арабиясына келди. Анын мындан кийинки сапары Бириккен Араб Эмираттарында уланмакчы. Помпео Жакынкы Чыгышка жол тартып баратып Вашингтон Тегеранга байланыштуу жагдай боюнча «глобалдык коалиция» түзүүнү көздөп жатканын айткан. Помпео Иранды «террорчулуктун дүйнөдөгү ири демөөрчү-мамлекети» деп атап, ага каршы Перс булуңунда гана эмес, Азия менен Европада да коалиция түзүү анын бул сапарында талкуулана турган маселелердин бири экенин белгилеген. Читать дальше...
Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо оппозициянын талапкери Экрем Имамоглу жеңишке жетти. Байкоочулардын баамында, добуштардын 54 пайызга жакынын алган Имамоглу бул жеңиши менен президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясына чоң сокку урду.
Чүй облусунун Теплые ключи эс алуу жайында өзүн-өзү сүрөткө тартыш үчүн Арашан дарыясынын жээгине барып, сууга агып кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү 24-июнда табылды. Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, маркум Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу болгон. Ал 23-июнда классташтары жана мугалимдери, айрым ата-энелер менен бирге тоого эс алууга барган. Саат 19.00 чамасында эки кыз дарыянын боюнда сүрөткө түшүү үчүн барып, алардын бири тайгаланып сууга агып кеткен. Сөөгүн куткаруучулар эки күндөн кийин табышты. Читать дальше...