Ушул жылдын беш айында Кыргызстандын Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборуна жалпысынан 70тен ашуун арыз түшсө, 30га чукулу кыйноо фактысына арызданган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу азыраак. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, былтыр 238 арыз-даттануу түшкөн. Анын 123ү кыйноо фактысы, 50дөн ашууну катаал мамиле боюнча, калгандары башка укук бузууга байланыштуу арыздангандар. - Башына желим баштык кийгизүү, батареяга колун байлап коюу... Читать дальше...
Маалымат айдыңында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын Интернет аркылуу кайым айтышуусу жарыкка чыкты.
Бүгүн, 24-июнда президентке караштуу Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу президентик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдергенин басма сөз кызматы маалымдады. Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жайынын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери жана аны өнүктүрүүнү кароо пландалган. Талкуунун жыйынтыгында ишкерлерге конкреттүү колдоо... Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева Биринчи май райондук сотунун токтомуна байланыштуу билдирүү таратты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «сот экс-президенттин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын-ала кабарлабай туруп, алууга макулдук бергенин» жазган. «Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Читать дальше...
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иранга кайрадан эскертүү берди. 23-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Иерусалимдеги жолугушуусунда ал эч ким Иранга «Жакынкы Чыгышта аңчылык кылуу укугун» бербегенин айтып, бул өлкөнүн бийлигин Вашингтондун «этияттыгын» «алсыздык» катары кабыл албоого үндөдү. 20-июнда Тегеран америкалык чалгын дронун атып түшүргөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону кабарланган. Читать дальше...
Бүгүн, 24-июнда Борбор Азиядагы Америка Университетинде (БААУ) «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар» аттуу эл аралык конференция өтөт. Анда өкмөттүн туризмди өнүктүрүү стратегиясы боюнча маалымат берилет. Ошондой эле экологиялык туризмди өнүктүрүү чаралары менен кыйынчылыктар, кышкы туризмди өнүктүрүү, анын сапатын жакшыртуу маселелери талкууланат. Катышуучулар бул тармакта Кыргызстандын аброюн көтөрүү, тоолуу райондорго туристтерди тартуу, жайлоо туризми боюнча изилдөө материалдары менен таанышат. Читать дальше...
Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар жана ал аны колдонуу жөнүндө мыйзамдарды жакшы билет.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июндагы токтомунун негизинде коммерциялык банктардан айрым адамдардын 2009-жылдан берки депозиттик эсептери жана банк кутучалары боюнча документтерди алууга макулдук бергенин «Tazabek» басылмасы жазды. Маалыматка караганда, тизмеге экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсү, туугандары жана башка жарандар кирген. Муну менен сот тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырган. Тизмеде: Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Атамбаева Раиса Мирахмедовна, Атамбаев Кадырбек Алмазбекович... Читать дальше...
Ленин райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын (АКС) Бишкектин мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду кошкондо беш кишини №1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди. Жактоочу АКСтин жетекчисинин экс-мэрлерди кармоо иштерине тиешеси жоктугун, аларды башка жакка которууну өтүнүү менен ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланып жатканын билдирүүдө: - Эмне үчүн бул боюнча соттон АКСтин жетекчиси өтүнүп жатат? Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп 23-июнда баштала турган мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо жана аларды депортациялоо жараяны эки жумага жылдыргылганын маалымдады. Трамп мындай кадамга демократтардын өтүнүчүнөн улам барганын айтты. Президент эгер Конгресстеги эки партия түштүк чек арадагы кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун таппаса, эки аптадан кийин план ишке ашарын эскертти. Президенттин администрациясы муну менен кошо Борбор Азиядан келген миранттарга башпаанек берүүнүн шарттарын татаалдаштыруу... Читать дальше...
Кытайлык булак таануучу Хошуд Ценгелдин Кыргызстанга сапары жана Жети-Өгүз жергесиндеги бутпарастык Тамга-Таштагы жазманы окушу тууралуу сүрөт баян.