Кыргызстандын футболчусу Турсунали Рустамов 31-мүнөттө Палестинанын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.
Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойноп жатат.
Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, кечки саат 20:00дө башталды.
Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.
Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара 5 жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон.