Кыргызстанда аралыгы 1700 чакырымды камтыган тоо веломарафону өтөт. Бул тууралуу «Silk Road Mountain Race» компаниясынын башкы директору Нелсон Тристин «Азаттыкка» билдирди.
Тоо веломарафону 17-августта Бишкекке жакын жерде башталып, 31-августта Чолпон-Атада жыйынтыкталат. Веложарыштын катышуучулары Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын аралап өтүшөт.
- Бул жылы баары болуп 27 өлкөдөн 148 киши катышуусу күтүлүүдө. Алар велосипед менен 1700 чакырым жолду басып өтүшү керек. Кыргызстандан беш спортчу катышканы турат, - деди Нелсон Тристин.
«Silk Road Mountain Race» быйыл экинчи ирет өтөт. Былтыр аталган тоо веложарышына 90 спортчу катышкан. (GT)