10-июнда Алматыда жүздөн ашуун адам акын Ринат Зайитовду издеп барып, шаардык полиция департаментинин алдына топтолду. Алар "Зайитовду бошотмоюнча таркабай турганын" айтышууда.
Ырчы Нурлан Албан "бул нааразылык акциясы көтөрүлүш эмес, кармалган бир тууганыбызды сурай турган, издей турган адамдар бар экенин көрсөтүү" - деп чогулгандардын себебин түшүндүрдү. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушту.
- Ичип алган жаштар ар кандай кылмышка барбасын деп турабыз. Жолдон бир аз адам кошулуп алды, аянтка барабыз деп жатышты. Арасында масы да, соосу да бар. Ринатка эч кандай айып тагылган жок. Ал азыр өзү чыгат, өзү айтат - деди Бектуров.
10-июнда Алматы шаарында кечки саат алтылар чамасында "Алатау" театрынын маңдайында бир топ адам шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирип чыгышкан. Ал маалда полиция 50-60 чакты адамды кармап кеткен. Алардын арасында төкмө акын Ринат Зайитов да болгон.