Пакистандын мурдагы президенти Асиф Али Зардари коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Аны 10-июнда резиденциясында Коррупцияга каршы агенттик кармаганы белгилүү болду.
Зардари менен кошо анын карындашы Фарьял Талпур да айыпталып жатат. Тергөөнүн версиясына караганда мурдагы президент карындашы экөө бир миллион долларга жакын акчаны жеке банк эсептерине которуп кетишкен. Зардари менен Талпур мындай айыпты четке кагып жатышат.
Имран Хан өкмөт башчылыкка киришкенден бери коррупцияга айыпталып бир нече саясатчы камалган.
Жогорку сот мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти да жемкорлукка айыптап, кызматтан алган. Былтыр 24-декабрда Пакистандын Антикоррупциялык соту Шарифти жети жылга түрмөгө кескен.
Зардари бийликке 2008-жылы келип, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган.