10-июнда саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырды.
"Тарагыла, мен үйдөн келдим. Баарыңар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Муунум бошоп, көзүмө жаш келип турат. Сиздер менен биргемин. Кармалгандардын баары чыкты. Бардыгы жакшы. Эч ким эч жерде калган жок", - деген акындын сөздөрүнөн кийин топтолгондор акырындан тарай башташты.
Департамент алдына чогулгандардын айрымдары: "Казакстан бир кадам алдыга жылды. Биз жеңдик!", - деп кыйкырып жатышты.
10-июнда Алматы шаарында кечки саат алтылар чамасында "Алатау" театрынын маңдайында бир топ адам шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирип чыккан. Ал маалда полиция 50-60 чакты адамды кармап кеткен. Алардын арасында төкмө акын Ринат Зайитов да болгон. Акындын бошотулушун талап кылып, жүздөгөн адамдар полиция департаментинин алдына чогулушкан.