«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу талабы айтылды. Мындай талапты Саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев келтирди. “Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгы өздөрү Кыргызстанды тоноду... Читать дальше...
Баткендин Ак-Сай айылында жашаган, тогуз жаштагы окуучуну Тажикстанга алып кеткен Ворух анклавынын тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Аны Тажикстандын милициясы кармаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Аскарбек Аширалиев билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча эки тараптуу биргелешкен тергөө тобу ишти алып барат. Азыр аймакта абал туруктуу. Эки тараптын милиция кызматкерлеринин биргелешкен патрулдук тобу аймакта абалды көзөмөлдөп турат. 21-апрелде... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу канал аныкталды. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул затты Кыргызстандын аймагында таратууга шектүүлөр кармалды. Алар: ИИМ академиясынын 2-курсунун курсанты жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти. Текшерүү учурунда курсанттан ири көлөмдөгү, 1,075 кг. психотроптук “спайс” заты табылган. Тергөөнүн маалыматына караганда... Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызыл кол чатыр кармаган тарапкерлери Жогорку соттун алдында өтүп жаткан Текебаевди жана Жапаровду колдоо митингине келип кошулду. Алар Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов бир кишинин буйругу менен камакка алынганы үчүн бошотулушу керектигин айтышууда. Эски аянтта экс-депутат Садыр Жапаровдун 300-400дөй тарапкерлери аны абактан бошотууну талап кылып жатышкан. Митингди уюштуруучулары чогулгандардын саны жалпы миңден ашканын билдирип жатышат. Читать дальше...
Мамасалиевдин эзелки атаандашы Юрий Проценко гонорар аз деп беттешүүдөн баш тарткан.
Жогорку Соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулду.
Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды. Алар ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтты. Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келген жок. 23-апрелде Жогорку сотто "Ата Мекен" партиясынын лидери... Читать дальше...
21-апрелде Тажикстандын жараны алып кетип, кайра алып келген 2-класстын окуучусу учурда ооруканада жатат. Бул маалыматты облустук ооруканадан “Азаттыкка” ырасташты. Баланын абалы дурус экенин, бир аз коркуп калганы айтылды. Жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, 21-апрелде Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган, 2-класстын окуучусун алып кетип, жарым саат аралыгында баланы кайра милиция кызматкерлери алып келгенин айтышкан. Буга байланыштуу эл чогулуп, Ак-Сайдан Тажикстандын Ворух анклавына өткөн Исфара-Ворух жолу жабылган. Читать дальше...
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган «Мезгилдердин чаңы артынан...» деген фото көргөзмө ачылды. Ага Океевдин жана ал өзү тарткан ак-кара түстөгү 200дөн ашык сүрөттөр коюлду. Сүрөттөр Океевдин үй-бүлөсүнүн жеке архивинен алынган. Аларды «Төлөмүш Океев» атындагы фонддун жетекчиси, Океевдин кызы Азиза Океева менен фотограф Александр Федеров иштеп чыккан.
Бишкекте, Жогорку соттун алдындагы митингде "Садыр Жапаровго боштондук! Садыр Жапаров акталсын!" деген кыйкырыктар жаңырууда. Аймактардан чогулган бир нече тургун чыгып сөз сүйлөштү. Камакта жатып чыккан көзү азиз активист Темирлан Ормуков да акыйкатсыз соттордун өздөрүн камакка алуу керектигин белгиледи. Чогулгандар "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылышууда. Эки саясатчынын тарапкерлери бүгүн алардын соттук отурумуна байланыштуу акцияга чогулушту. Читать дальше...
Жогорку сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши карала баштады. Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов сотту акыйкат болууга чакырды. Мындан кийин адвокаттар соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келген жок. 23-апрелде Жогорку сотто "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соту да болот. Соттук отурумдарга байланыштуу "Ата Мекен" жана Жапаров лидерлик... Читать дальше...
Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат.
Спортчу WEF Global уюмунун 61 килограмм салмактагы чемпиону.
Кошмо Штаттар 1-майдан тарта беш мамлекетке, анын ичинде Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтоторун жарыялаган. Reuters агенттиги Иран Мунай министрлигиндеги өз булагына таянуу менен Тегеран Вашингтондун бул чечимине жооп кайтарарын билдирди. Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык... Читать дальше...
22-апрелде Биринчи Май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу сотто күбө катары катышкан мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” кабарлады. - 6-апрелде Конгантиев массалык маалымат каражаттарына маалымат берип, ошондон улам эл толкуп кеткен деп жатышат. Мен барып айттым, аны баары калп деп. Сурагымды берип чыгып келе бердим. Конгантиев 7-апрель боюнча жабырлануучу болсо башка кеп, соттоп жатканын туура эмес деп ойлойм. Читать дальше...
Жогорку Соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогула баштады. Бир аздан кийин Садыр Жапаровдун соттук отуруму башталат. 23-апрелде “Ата-Мекен” саясий партиясы лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өткөрөрүн маалымдаган. Учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата- Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан. Читать дальше...
Британиянын Эмгек партиясынын лидери Жереми Корбин Иранды өтө ийгиликтүү жана зор мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары сүрөттөдү.
“Замандаш” саясий партиясы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жолдоп, Кызыл-Омпол уран кенинин ишин убактылуу эмес, таптакыр токтотууну талап кылып жатат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Жеңиш Молдакматов “Азаттыкка” маалымдады. - Өкмөт башчыга кат тапшырдым. Үч негизде каршы болуп жатабыз. Биринчиден өкмөт жашыл экономика деп жумалык өткөргөн. Уран кенин иштетүү ага каршы келет. Экинчиден, уран ачыла турган болсо туризмди жоготобуз. Үчүнчүдөн, урандын башы көлдөн башталса Чу суусу менен Казакстан, Өзбекстанга чейин барат. Читать дальше...
АКШнын экс-президенти Жим Картер Трамптын Кытай тууралуу тынчсыздангандыгы орундуу деди.
Украинада 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында, алдын ала жыйынтыктарга караганда куудул Владимир Зеленский чоң айырма менен жеңишке жетти.
Киевде Украина президентинин администрациясынын алдында Петр Порошенко жүргүзгөн реформаларга ыраазычылык иретинде “Рахмат, Петр” аталышындагы акция өттү. Ага бир нече миң киши чогулду. Администрация кызматкерлери дарбазаны ачып, каалагандардын баары имаратка жакындоого мүмкүнчүлүк алышты. Петр Порошенко колдоо көрсөткөн тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жакын арада алардын биримдиги “жаңы жеңиштерди камсыз кыларын” айтты. "Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн чогуу барабыз. Кийинки... Читать дальше...
«Рейтерс» агенттиги нак акча көйгөйүн тартып жаткан Түркмөнстан менен соттошууну каалаган чет өлкөлүк компаниялар кезекке туруп жатканын билдирди. Буга карабай түркмөн өкмөтү жүздөгөн миллион долларга бааланган жаңы объектилерди куруу планын жарыялоодо. Маалыматтарга караганда, келишим боюнча төлөм акыларын ала албай жаткан компаниялар менен түркмөн өкмөтүнүн ортосундагы талаш көптөн бери создугуп келе жатат. «Рейтерс» агенттиги бул абалды мунайгаз баасынын төмөндөшү менен байланыштырууда. Бул... Читать дальше...
Бишкекте дүйнөлүк Китеп күнүнө карата Улуттук китепканада “Китеп - адамзаттын рух азыгы” деп аталган көргөзмө ачылып, белгилүү акындардын ыры окулган поэзия кечеси да өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара саат 11:00дө башталып, ага чакырылган коноктордон сырткары жөнөкөй окурмандар да катышса болот. 23-апрель - дүйнөлүк Китеп жана автордук укук күнү. Бул датаны ЮНЕСКО 1995-жылы бекиткен. Жергиликтүү эксперттер акыркы жылдары Кыргызстанда китеп окугандардын саны азайып баратканын айтып келишет. Читать дальше...
Лондондо бийликтен климаттын өзгөрүшүнө каршы кескин чара көрүүнү талап кылып жаткан акция сегиз күндөн бери уланууда. Лондон полициясынын маалыматында, миңден ашык адам кармалып, алардын 53үнө айып тагылды. Жекшембиде өздөрүн Extinction Rebellion деп атагандар өкмөт сүйлөшүүлөргө макул болсо митингди токтотууга даяр экенин жарыялашкан. Активисттер өкмөттөн климаттык жана экологиялык өзгөчө кырдаал жарыялап, абага бөлүнгөн уу заттардын көлөмүн 2025-жылга чейин кескин азайтууну жана климаттын... Читать дальше...
Бүгүн 23-апрелде “Ата-Мекен” саясий партиясы лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өткөрөт. Буга чейин кабарлангандай “Ата-Мекен” партиясына акция өткөрүүгө уруксат берилген. Учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата- Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан. «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери... Читать дальше...