Сербияда чалгын кызматынын мурдагы төрт кызматкери 20 жыл илгери журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу узак жылдарга кесилишти. Көз карандысыз эки гезиттин редактору жана ээси Славко Курувия 1999-жылдын 11-апрелинде Белграддагы үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал ошол кездеги Югославиянын президенти Слободан Милошевичти сындап жүргөндөрдөн болчу. Белграддын соту 5-апрелде ал маалдагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Раде Марковичти, чалгын офицери Милан Радоничти 30 жылдан кести. Ушул... Читать дальше...
"Азаттык плюс" берүүсү бул жолу өз өнөрүн бренд кылгысы келген жаш усталар менен тааныштырат.
Ички иштер министрлиги атайын операциянын жүрүшүндө Бишкекте кумар оюндарын жашыруун уюштурган беш мекеменин бетин ачты.
Орусия менен Тажикстан жакынкы күндөрдө миграция тармагында жаңы келишим түзүшөт. Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди. Документтерге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 17-апрелдеги расмий сапарынын алкагында кол коюлганы турат. Өз сапарында Тажикстандын президенти Орусияны президенти менен жолугушат. Лякин-Фроловдун айтымында, орусиялык мекеме-ишканаларга эмгек мигранттарын кабыл алуу, Орусиянын Тажикстандагы миграция өкүлчүлүгү... Читать дальше...
2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган.
Иркутск шаарында мигранттар жапырт кармалды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын «Сибирь.Реалии» кызматына укук коргоочу Наталья Хроменкова кабарлады. Анын айтымында, 4-апрелде Иркутскиде 300гө чукул мигрант кармалган. - Полиция кызматкерлеринин аракеттери кармоонун себебин билүү, коргонуу, котормочу алуу боюнча кармалгандардын укуктарын бузган. Бул жагдай туш келди камакка алууну эске салат. Анткени кармоого себеп болгон эмес. Аларды «терисинин түсүнө карап тандашкан». Чет өлкөлүк... Читать дальше...
Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул тууралуу 5-апрелде Бишкекте “Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүүдөгү беш жылдык жетишкендиктер” конференциясында айтылды. Ошону менен катар бул ооруга чалдыгуу учурлары 13% кыскарганы маалым болду. Мындай жетишкендиктер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен Кыргызстанда ишке ашкан “Кургак учукту жеңебиз” жана “Кургак учукка чакырык” долбоорлорунун алкагында мүмкүн болду. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы, ушу тапта Триполиде жүргөн Антонио Гутерриш Ливиядагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка, чыңалууну басаңдатууга чакырды: - Бардык аскердик операцияларды токтотууга, эскалацияга алып келүүчү саясий, аскердик чакырыктарды басаңдатууга, кырдаалды көзөмөлгө алууга үндөйм. Жетекчилик менен жолугушууда дүйнөдөгү бир да маселени куралдын жардамы менен чечүүгө болбойт, Ливиядагы кырдаалды аскердик жол менен жөнгө салуу болбойт деген орток пикирге келдик. ... Читать дальше...
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды. Аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кийиз дүйнө» коомдук фонду менен чогуу уюштурууда. Көргөзмө Улуу Жибек жолу өткөн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары туурасында келечек муунга маалымат берүү максатын көздөйт.
Украинада президенттикке талапкерлер Владимир Зеленский менен Петро Порошенко 5-апрелде кан тапшырышты. Түркия менен АКШнын ортосунда кайым айтыш күчөдү.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Пекин Ирандагы селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Быйылкы жылдан тарта өлкө чемпионатын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Ливия улуттук армиясынын башкы командачысы Халифа Хафтар кол астындагы аскерлерге борбор шаар Триполини алууга буйрук берди.
Киевдеги жардырууда өлгөн адам кыргызстандык экендиги тууралуу маалымат расмий тактала элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Украинадагы консулу Азамат Кабаев билдирди. 4-апрелге оогон түнү баш калаанын Голосеев районунда автоунаа жарылган. Анда бир киши оор жарадар болуп, кийин ооруканада көз жумган. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Игорь Мосийчук «Фейсбуктагы» барагына «Мамлекеттик чалгын кызматы - ГРУнун офицеринин автомашинасын жардырам деп, өзү жарылып кеткен адам Кыргызстандын жараны» деп жазды. Читать дальше...
6-апрелден тарта Түркиянын Стамбул шаарында жаңы эл аралык аэропорт ишке кирет. Тиешелүү жабдуу Ататүрк аэропортунан жаңы аба майданына көчүрүлө баштады. Маалыматка караганда көчүрүүгө эки сутка убакыт кетет. Ушундан улам эки аба майданында тең каттамдар 12 саатка токтотулду. Эл аралык компаниялар өз каттамдарын жаңы аэропорттон 6-апрелдин түнүнөн тарта башташы күтүлүп жатат. Жаңы Стамбул эл аралык аэропорту өткөн жылдын октябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, Кыргызстандын... Читать дальше...
Биз кандай кылабыз? Эгер эртең Кыргызстан бирдеме болсо, бүгүн жаткан «жайынан» туруп келе турган кишибиз барбы?
Индия азыркы учурда Трамптын өкмөтү менен мунай санкцияларынан бошотуу убактысын узартуу үчүн сүйлөшүп жатканын билдирди.
Венсуэланын ТИМ жетекчиси расмий сапар менен Дамаскка барып, өлкөнүн президенти жана ТИМ жетекчиси менен жолугушуу өткөрүүдө.
Кыргызстанга электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендерди утуп алган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы кыргыз бийлиги аны менен иштешерине үмүт кыларын билдирди. Ишкана тараткан маалыматта «Гарсу Пасаулис» дүйнөнүн 53 мамлекети менен ийгиликтүү иштешип келатканы, Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарында аларга каршы такталбаган, туура эмес маалыматтар таратылып жатканы белгиленет. «"Гарсу Пасаулис" компаниясы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери менен мыйзамсыз иштерге... Читать дальше...
Украина президенттигине талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко 5-апрелде кан тапшырышты. Зеленскийдин канынын анализдери үч күндөн кийин даяр болот. Ал эми учурдагы мамлекет башчысы Петр Порошенконуку дароо чыкты. Тест анын организминде психоактивдүү заттар жок экенин көрсөттү. 3-апрелде Зеленский Порошенкону дебатка чакырып, өз шарттарын атаган. Алардын арасында «талапкерлер сөзсүз медициналык текшерүүдөн өтүп, алардын арасында аракечтер, баңгилер жок экенин далилдеши зарыл. Читать дальше...
Латвиянын баш калаасы Риганын мэри Нил Ушаков жергиликтүү транспорттук ишканадагы коррупцияга байланыштуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу өкмөт тараткан расмий маалыматта айтылат. Ушаков Ригадагы бүтүндөй коомдук транспортту тейлеген «Ригас сатиксме» компаниясынын каражаттарын максатсыз пайдаланган деп шек саналып жатат. Коррупциялык чоң жаңжал өлкөдө 2018-жылы башталган. Тергөөнүн маалыматына караганда, «Ригас Сатиксме» Чехиянын «Шкода» жана Польшанын «Соларис» ишканаларынан трамвайларды... Читать дальше...
Нооруздан кийинки токтобой жааган жамгырдын нөшөргө айлануусу Ирандын 10 провинциясына зыян келтирген.
Кувейт Ирандын сел жүргөн аймактарындагы жабыркагандарга тез арада жардам жеткирилерин билдирди.
Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мыйзамдарын сактап жатканын, ошол эле учурда товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты. Рахимов «товар Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда салыктар да Казакстанда төлөнүшү керек» деп жатат. Ошол эле учурда ал «транзит аркылуу Орусияга өтөт» деген кээ бир товарлар Казакстандын базарында калып жатканын белгилөөдө. Читать дальше...
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон делегация кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди талкуулаш үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады. Ал эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралган маселелер менен анын жыйынтыгы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин айтты. 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Читать дальше...