Сербияда чалгын кызматынын мурдагы төрт кызматкери 20 жыл илгери журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу узак жылдарга кесилишти.
Көз карандысыз эки гезиттин редактору жана ээси Славко Курувия 1999-жылдын 11-апрелинде Белграддагы үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал ошол кездеги Югославиянын президенти Слободан Милошевичти сындап жүргөндөрдөн болчу.
Белграддын соту 5-апрелде ал маалдагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Раде Марковичти, чалгын офицери Милан Радоничти 30 жылдан кести. Ушул тапта Маркович саясий негизде адам өлтүрүү кылмыштары үчүн да 40 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.
Ошондой эле мурдагы чалгынчылар Ратко Ромич менен Мирослав Куракка 20 жылдан жаза чегерилди.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, сот Снежана Йованович бул төртөөнү "белгисиз бирөөнүн буйругу менен журналист Славко Курувиянын киши колдуу болгонуна" айыптуу деп тапты.
Курувиянын үй-бүлөсү журналистти өлтүрүүгө Слободан Милошевич "буйрук берген" деп айыптап келген. Милошевич 2001-жылы геноцид жана башка аскер кылмыштарына айыпталып камакка алынып, 2006-жылы тергөө изоляторунда, өкүм чыга электе көз жумган.