Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон делегация кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди талкуулаш үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына кетти.
Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады. Ал эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралган маселелер менен анын жыйынтыгы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин айтты.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.
Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан соң жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. (BTo)