4-6-апрель күндөрү Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 8-апрелде тараткан билдирүүгө караганда өткөн аптада Ливиянын баш калаасы Триполинин жанында башталган куралдуу кагылышуулардан улам 2 800 адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. 4-апрелден бери курман болгондордун саны отуздан ашты. Дал ошол күнү экиге бөлүнүп калган өлкөнүн бир тарабын көзөмөлдөгөн улуттук армиянын кол башчысы Халиф Хафтар эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөт жайгашкан Триполини алууга буйрук берип, аскердик операция баштаган. БУУ, АКШ... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ирандагы таасирдүү Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныганын 8-апрелде билдирди. Мамлекет башчынын билдирүүсүндө "Иран террордук ишмердүүлүктү колдогону үчүн Вашингтон Тегеранга каржылык басым жасоону улантары" айтылат. "Биринчи жолу Кошмо Штаттар башка бир өкмөттүн бир бөлүгүн террордук уюм катары атады. Бул - Ирандын аракеттери башка мамлекеттердикинен кыйла айырмаланарын көрсөтүп турат",-деди Трамп. Айрымдар... Читать дальше...
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги UFC чемпиону Валентина Шевченконун аба майдандан түшкөндөн тарта маалымат жыйын куруп, күйөрмандары менен жолукканга чейинки ирмемдерин топтоду.
Облус аймагында 8-апрелден тартып көз ооруларын алдын алуу максатында акысыз текшерүү, дартты аныктоо жана кан басымын өлчөгөн жумалык башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы өкүлү Саидаббас Раимжанов маалымат жыйында билдирди. Жумалыктын алкагында Улуттук Кызыл Ай коому облустагы 30 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна көздү текшерүү жабдыктарын тапшырат. Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөө алкагында өтүп жаткан иш-чарада көздүн көрүүсү бузулгандыгы... Читать дальше...
Каракол-Эңилчек жолундагы кар көчкү техникаларды басып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол чарба департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Анын айтымында, 7-апрелде Ак-Суу районунун Эңилчек айылына кетчү жолдо кар көчкүнү тазалап жаткан учурда саат 16:45 чамасында болжол менен 30 миң кубдан ашык көлөмдө кар көчүп, №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин автоунаасын тоодон ылдый кулатып кеткен, андан тышкары Б10 үлгүсүндөгү тракторду көмүп калган. Кырсыкта... Читать дальше...
Архангельск шаарында аймактагы таштанды курулушуна каршы чыккан мөөнөтсүз акциянын бир нече катышуучусу 8-апрелде кармалды. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Елена Калинина "ОВД инфо" порталына билдирди. 7-апрелде өткөн нааразылык акциясына ар кандай эсептер менен үч миңдей киши чыккан. Алар Шиес айылында Москвадан алып барган таштандыны иштеткен полигондун курулушуна каршылык билдиришкен. Архангельск облусунун губернатору Игорь Орлов митингдин катышуучулары "чоң көчөлөрдөгү кыймылды торошуп... Читать дальше...
Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 8-апрелде күйөрмандары менен жолукту. Кыргызстандык чемпион менен жолугушууга келген адамдардын саны көп болгонуна карабай, Шевченко бир катар суроолорго жооп берди.
Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берип, айрымдары сүрөткө түшкөнгө үлгүрдү.
Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып жатышат.
Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Словакияда 15-июнда өлкө тарыхындагы биринчи аял-президент кызматка киришмекчи.
UFC чемпиону борбор калаадагы соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолуккан.
Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чек арада жер алмашууну сүйлөштү, сөз кайсы тилкелер жөнүндө болгону тактала элек. Ливияда ички жаңжал күчөп баратат. Армия өкмөт отурган шаарга абадан да жерден да сокку урууда.
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча акыркы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди.
Кара-Суу районунун Эркин айылынын тургуну Сайфидин Сыдыков эски советтик оор жүк тарткан автоунаалардын жана айыл чарба техникаларынын тетиктеринен чоң трактор курап чыкты. Бир жарым жылда куралган трактор алгачкы ирет эгин талаасына чыгып жер айдады. Сайфидин Сыдыков өзү курап чыккан өзгөчө трактор тууралуу баяндап берди.
9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25, Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 17…19, Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус болот. Читать дальше...
Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенттигинен кеткен соң анын АФКнын вице-президенттигине көрсөтүлгөн талапкерлиги кайра чакыртылды.
Ооганстан «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзө турган өкмөттүк делегацияны Катарга жиберет.
Ооганстандын Коргоо министрлиги 8-апрелде тараткан маалыматка ылайык, Бала Мургаб провинциясындагы талибдер менен болгон кагылышууда, соңку 48 сааттын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн 12 кызматкери мерт болду. Беш күндөн бери уланып жаткан салгылашууларда курман болгондордун жалпы саны кырктан ашты. Министрлик 10 аскер жана 24 полиция кызматкери жарадар болгонун, 100гө жакын жоочу жок кылынганын билдирди. «Талибан» кыймылынын жүздөгөн жоочулары Бала Мургаб провинциясындагы бир нече көзөмөл-өткөрмө бекетине 3-апрелде кол салышкан. Читать дальше...
«Альфа Телеком» ишканасынын мурдагы директору Азамат Мурзалиевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылды. Бул тууралуу анын адвокаттары кабарлашты. Алардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу арыз жазылып, Жогорку сот Мурзалиевдин ишин кайра караган. Анын жыйынтыгында «Альфа Телекомдун» мурдагы менежеринин жаза мөөнөтү 12 жылдан 11 жылга кыскартылды. Бирок адвокаттар мындай чечимге нааразы болуп, «жаза мөөнөтү жок дегенде алты жылга кыскарышы керек болчу» деген пикирин билдиришүүдө. Читать дальше...
Кошмо Штаттар Триполинин жанындагы салгылашууларга байланыштуу «терең тынчсыздануусун» билдирди. 7-апрелде мамлекеттик катчы Майк Помпео Халифа Хафтарга баш ийген күчтөрдү борбор шаарды алуу операциясын дароо токтотууга үндөдү. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар мамлекеттер Ливиядагы кырдаалга кабатырлыгын билдирип, айрым өлкөлөр өз жарандарын эвакуациялоого даярданышууда. Соңку маалыматтарга караганда, башкалаа Триполи үчүн кармашта өткөн бейшембиден тартып кеминде 23 киши курман болду. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 10-12-апрелде Кыргызстанда аба ырайы бузулуп, жаан-чачын болорун эскертти. Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүгүндө катуу жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ал эми айрым аймактарда катуу шамал болот. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды жолго чыгарда аба ырайына көңүл буруп, тиешелүү чара көрүүгө чакырууда. (BkA)
Москванын шаардык соту режиссер Кирил Серебренниковдун бөгөт чарасын өзгөртүп, Орусиядан чыкпоо шарты менен үй камагынан бошотту. Ушундай эле өкүм «Жетинчи студиянын» иши боюнча камалган Маданият министрлигинин мурдагы кызматкери Софьея Апфельбаум менен продюсер Юрий Итинге да чыгарылды. 2-апрелде Мещанский соту «Гоголь борборунун» көркөм жетекчиси Серебренников менен анын эки өнөктөшүнүн үй камагындагы мөөнөтүн 4-июлга чейин узарткан болчу. Серебренников 22-августта Санкт-Петербург шаарында кармалган. Читать дальше...
Учурда Шевченко машыктыруучусу менен борбордогу отелдердин биринде маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроосуна жооп берүүдө.