Облус аймагында 8-апрелден тартып көз ооруларын алдын алуу максатында акысыз текшерүү, дартты аныктоо жана кан басымын өлчөгөн жумалык башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы өкүлү Саидаббас Раимжанов маалымат жыйында билдирди.
Жумалыктын алкагында Улуттук Кызыл Ай коому облустагы 30 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна көздү текшерүү жабдыктарын тапшырат.
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөө алкагында өтүп жаткан иш-чарада көздүн көрүүсү бузулгандыгы аныкталган учурда бейтаптарды жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жөнөтүшөт. Мындай жумалык буга чейин Баткен жана Ош облустарында да өткөрүлдү.
Иш-чара «Кыргызстандын түштүгүндөгү аярлуу жамааттарга офтальмологиялык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашууда. (RsK)