Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпус курулат. Бул тууралуу 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №59 орто мектепке барганда айтты. Жээнбеков мурда да бир нече мектепке барып, алардын абалын көргөн соң коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же кошумча окуу корпустарын курууга жумшалат деп убада берген. Читать дальше...
«Нур-Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан президенттик шайлоого Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөттү.
Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу, бүгүн 23-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Өкмөт башчы өкмөттүн былтыркы иши тууралуу маалымат берип жатып, мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди: - Аймактарды өнүктүрүү... Читать дальше...
Кыргызстанда талаада же жеке менчик курулушта иштеген мигранттар 2020-жылдан тартып патент алууга милдеттендирилиши мүмкүн.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган тобу Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө каршы экенин кабарлап, атайын билдирүү таратты. «2013-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы «Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө» резолюция кабыл алган. 2017-жылы биздин партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул... Читать дальше...
Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер Владимир Зеленскийге утулган Петро Порошенко президенттик кызматка кайтып келүү ниети бар экенин айтты. Порошенконун миңдеген тарапкерлери 22-апрелде Киевдин Банковая көчөсүндөгү президенттик администрациянын алдына "Петро, рахмат!" деген акцияга чогулушту. "Биз биргеликте парламенттик шайлоону жеңип чыгабыз. Биз баарыбыз чогуу кийинки президенттик шайлоодон кийин Банковая көчөсүнө келебиз", - деп айтты Порошенко тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып. Читать дальше...
Максим Аммосов Кыргызстанга сталиндик репрессия күчөп турган чакта келген. Совет бийлигинин орношуна колунан келишинче салым кошуп келген алгачкы муун коммунисттин өзү да сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.
Президент Сооронбай Жээнбеков 23-апрелде Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парк курула турган жерге капсула салуу учурунда «борбор калаа өзүнүн «жашыл шаар» деген аталышын кайра калыбына келтириши керек» экенин билдирди: - Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу үчүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде жигердүү дагы эс алуу үчүн, зарыл шарттар түзүлүшү керек. Читать дальше...
Суданда демонстранттар Өткөөл аскердик кеңеш менен сүйлөшүүлөрдү тоткондон кийин нааразылык ого бетер күчөдү. 22-апрелде митингчилер баш калаа Хартумда жүрүшкө чыгышты. Кызыл деңиздин жээгиндеги Порт-Судан шаарында да студенттер көчөгө чыгышып, "Революция!" деп кыйкырып турушту. Сеннар провинциясындагы аскердик кеңсенин алдына миңдеген демонстранттар чогулушту. Кесиптик кошуундардын тобу элди бейшемби күнү массалык жүрүшкө чыгууга үндөп жатат. Судандын убактылуу аскердик бийлиги демонстранттардан буулган жолдорду "тез арада" ачууну... Читать дальше...
Кыргызстандын аймагында 23-25-апрелде туруксуз аба ырайы сакталып турат. 24-25-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10... Читать дальше...
Казакстандын бийликтеги «Нур-Отан» партиясы азыркы президент Касым-Жомарт Токаевди 9-июнда өтө турган чукул президенттик шайлоого талапкер катары бекитти. Анын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу партиянын төрагасы Нурсултан Назарбаевдин сунушун 23-апрелде Нур-Султан шаарындагы курултайга чогулган делегаттар бир добуштан колдошту. Анын алдында «элбашы» Токаевди «тажрыйбалуу саясатчы» деп мүнөздөп, партия мүчөлөрүн анын талапкерлигин колдоого чакырган. «Мен Токаевге толук ишенем. Менин бардык демилгелеримди колдоп... Читать дальше...
Түштүк Кореянын президенти 16-23-апрелде мамлекеттик сапар менен Борбор Азияны кыдырды. Анда миллиардаган долларлык келишимдерге кол коюлду. Бирок Мун Чжэ Ин Кыргызстан менен Тажикстанды кыйгап өттү.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, банкоматтарды талкалоо жана акча каражаттарын уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Маалыматка караганда, банкоматтан ири өлчөмдө акча уурдоо фактысы дээрлик бардык облустарда катталган. Болжолдуу маалымат боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 9 млн. сомдон ашат. Кылмыштуу топтордун курамында мурда соттолгондор болгон, аларда кылмыштуу ойлорун ишке ашырыш үчүн колдонулган куралдар жана жабдыктар болгон. Милициянын ыкчам иликтөө иштеринин... Читать дальше...
Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер Владимир Зеленскийге утулган Петро Порошенко президенттик кызматка кайтып келүү ниети бар экенин айтты. Порошенконун миңдеген тарапкерлери 22-апрелде Киевдин Банковая көчөсүндөгү президенттик администрациянын алдына "Петро, рахмат!" деген акцияга чогулушту.
Жаңы кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарга байланыштуу түрмөдөгү саясатчылардын ишин кайра кароого укуктук шарттар түзүлүп, тоскоолдуктар болбосун. Мындай талап абактагы саясатчыларды колдоо максатында Бишкекте уюштурулган митингде кабыл алынган резолюцияда белгиленген. Мындан сырткары саясий репрессияны уюштуруучулар жана аткаруучулар катары экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди камоо тууралуу талап коюлуп, «ушул... Читать дальше...
Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдиргендей, президент Шавкат Мирзиёевдин чечими менен 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып эркектер менен аялдардын никеге туруучу курагы теңелмей болду. Буга чейин Өзбекстанда жигиттерге 18 жашында үйлөнүүгө, кыздарга 17 жаштан тартып турмушка чыгууга расмий уруксат берилчү. Эми жаңы чечимге ылайык, кыздардын никеге туруучу курагы да 18 жашка көтөрүлдү. «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, бул демилге алгач 2018-жылдын ноябрь айында Өзбекстандын аялдар комитети тарабынан көтөрүлгөн. Читать дальше...
Ош облусунун Араван районунда банкоматты тоноого шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Анда белгиленгендей, быйыл 10-февралга караган түнү Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүндө жайгашкан “Кыргызстан” коммерциялык банкынын банкоматын белгисиз атуулдар талкалап, ичиндеги каражатты уурдап кетишкен. Банкоматтын ичинде 904 300 сом акча болгон. Ошондой эле 3-мартка караган түнү Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан ушул эле банктын банкоматын белгисиз адамдар талкалап... Читать дальше...
Филиппиндин түштүк аймагында бүгүн, шейшемби күнү күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду.
Шри-Ланканын полициясы 21-апрелдеги удаалаш жардырууларга шектүү катары баш-аягы 40 кишини кармады. Баш калаа Коломбодогу жана анын тегерегиндеги шаарчаларда болгон жардыруулардан каза тапкандардын саны кеминде 310 кишиге жетти. Жаракат алган 500гө чукул кишинин басымдуу бөлүгү ооруканада жатат. 23-апрелде шриланкалыктар курмандыктарды эскерип, үч мүнөткө аза күтүштү. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ражитха Сенаратне бомба жардырууларынын артында «Улуттук таухид жамааты» деп аталган исламчыл экстремисттик топ турганын маалымдаган. Читать дальше...
Мухаммад Зариф Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында “Тынчтык үчүн көп тараптуулук жана дипломатиянын эл аралык күнүнө” карата өтө турган жыйынга катышат.
Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө лидери Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Орусияга барып, президент Владимир Путин менен жолуга турганын ырасташты. Пхеньяндын Борбордук жаңылыктар агенттиги (KCNA) Ким Чен Ынды Орусияга президент Путин чакырганын 23-апрелде маалымдады. «Иш сапарынын жүрүшүндө алар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт», - деп жазды аталган агенттик. Бирок Түндүк Кореянын медиасы жолугушуу качан, кайсы жерде өтөөрүн тактаган жок. Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасы Ким Чен Ын менен... Читать дальше...
Бактыгул Муканбетов үй-бүлөсү менен топоз саап, сүтүн дарылыкка колдонот. Анын кыштоосу Нарын районунун Орто-Нура айылынан он чакырымдай алыс. Жарым жапайы саналган топозду колго үйрөтүп сааган оңой иш эмес.
«Нур Отан» партиясынын лидери, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Сенаттын экс-спикери, 20-марттан бери мамлекетти башкарууга киришкен Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттикке сунуш кыла турганын билдирди. Бул тууралуу Назарбаев бүгүн, 23-апрелде «Нур-Отан» партиясынын XIX жыйынында билдирди. - Бул кызматка эң татыктуу талапкер деп эсептейм, - деди ал тууралуу Назарбаев. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган. Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Роухани менен Тегеранга барган Пакистандын премьер-министри Имран Хан чек ара аймактарындагы террорчулукка каршы тез чара көрө турган «бирдиктүү күч» түзүү тууралуу макулдашты.
Шевченко азыр спорттук карьерасын түптөп алуу жолунда экендигин белгилеген.